Украин эл жомогу: Күн желеси неге мынча кооз?

Абдан чытырман жана түнт, ошого жараша сырдуу-сүрдүү токойдо түлкүнүн баласы Бачики жашаптыр. Ал көк шиберде достору менен кубалашып ойногонду, бадалдардын арасына жашынып алып бир туугандарын издеткенди, анан асманда көчкөн булуттарга көз салып чалкасынан жатканды, токой ичинде сейилдей басып көңүлдүү ырларды кайрыганды баардыгынан жакшы көрчү экен. Бир жолу анын башынан мындай бир кызыктуу жана сырдуу окуя өттү. Ошол күнү эртеден кечке катуу нөшөр жамгыр тынбай төгүп, аны күн күркүрөө менен чартылдаган чагылган коштоп, муздак шамал аркырай согуп турду. Калың бадалдын кургак […]

Владимир ДАЛЬ: Шум түлкү (Устатыбыздын архивинен)

ЖОМОК Которгон Алым ТОКТОМУШЕВ Кышкы түндө жол бойлоп, ачка түлкү келатты; асман бетин булут каптап, кар жаап турат шыбыргактап. “Өзөк жалгаар бирдеме табылса”,- деп түлкүнүн тилегени жем. Ошентип желип-жортуп кете берди, акыры көзүнө бирдеме илинди. Караса, бутка кийе турган чарык экен. “Бул да болсо пайда, мунун түбү кайда”. Түлкү чарыкты оозуна тиштеп алып, андан ары жүрүп, жүрүп бир айылга туш келди да, биринчи эле үйдүн терезесин такылдатып кагып кирди. — Бул ким?- деген үн чыкты ичтен. — Бул менмин, мээрбан […]

Бразилия жомогу: Момпосуй менен маймыл

Бар экен, жок экен, ач экен, ток экен, айтор бир маймыл болуптур. Бир жолу ал өз үйүн шыпырып атып жерден тыйын таап алат. Аябай сүйүнүп кеткен ал буту-бутуна тийбей дүкөндү карай чуркап, өзү көптөн бери эңсеп жүргөн момпосуюн сатып алат. Андан соң бийик даракка чыгып, момпосуюн тамшанып жей баштады. Өзүнүн бир орунга тынч отура албаган адаты менен кыйшаңдап атып, бир момпосуюн дарактын коңулуна түшүрүп жиберет. Канча аракет кылганы менен момпосуюн ала албаган маймыл устага чуркап барды. — Уста аке, мага […]

Балдарга «баш катырма»

Амал менен окусаң, жыл мезгилин табасың Кардан тонду жамынып, Ызгаар жортуп жорголойт. Шыргалаң суу чорголойт. Жадырап тийип күн нуру, Ала шалбырт кез келет. Заматта бүрдөйт тал-терек. Жалбырттаган жалынсыз, Аптабы кактайт өрттөбөй. Йемен деген өлкөдөй. Кырманга кызыл дан толуп, Үйүлөт саман-топону. Зор береке ошобу? Айдаганда дейт экен Мышыкты – мыш, Итти – чык, Карганы – кыш, Төөнү – оч, Уйду – өш, Эчкини – чек, Эшекти – хы, Жылкыны – чу, Койду – кош, Тоокту – ток. Сөздүк ыр Байыркы мезгил […]

Баатыр-Байкөл

Бурят элинин уламышы Илгери-илгери өткөн заманда алп Байкөл деңизи ак көңүл, шайыр болгон экен. Ал Ангара деген жападан-жалгыз кызын аябай жакшы көрчү. Бул дүйнөдө андан сулуу кыз жоктой сезилчү. Күндүзү тунуктугу – асмандан да тунук, түндөсү – кара булуттан да карарып турчу. Кимде-ким Ангаранын жанынан өтпөсүн, аны сүйүп калчу да атагын ааламга чыгарып ашык болгонун даңазалашаар эле. Асман жиреп учуп бараткан канаттуулар: ак куу, каркыра, моюн созгон каздар Ангаранын сулуулугуна тамшанышып, суу үстүнөн учуп өтүшчү, бирок ага чанда гана конуша […]

Сараң кереңкур

Алтай жомогу Ак кайыңдар күмүш бариктерин күүп, карагайлар алтын ийнелерин заардуу шамалга алдырып, асмандан муздак жамгырлар тез-тез жаап, бул аймактарга жай өтүп, күз келди. Канаттууларды бул жерлерге билинбей басып кирген күз жүдөтүп, жылуу жактар эңсетип туруп алды. Жети күн токой четинде алар жыйын өткөрүп, жети күн тең бирин бири жоктоп атты: — Баарыңар ушундасыңарбы? Эч ким калбай келдиби? Ким бар да, ким жок, тактагыла? Баары бар да бир гана кереңкурдун карааны көрүнбөйт, доошу угулбайт. Каарданган бүркүт иймекей курч тумшугу менен […]

Белгилүү публицист, акын Алым Токтомушевди эскерүү

Маркумдун жаңы китебинин бетачары өтөт 2016-жылдын 3-ноябрында саат 15.00дө Улуттук Консерваториянын Чоң залында белгилүү публицист, журналист жана акын Алым Токтомушевди эскерүү кечеси болот. Иш чара “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулуп жатат. Кечени КР Эл акыныШайлообек Дүйшеев алып барат. А.Токтомушевди анын калемдештери, замандаштары жана шакирттери – Эсенбай Нурушев, Айылчы Сарыбаев, Жаныш Кулмамбетов, Аскер Сакыбаева, Олжобай Шакир ж.б. эскеришет.