Мексика эл жомогу: Сылык коёнек

Бар экен, жок экен: бир абдан сылык коёнек болуптур. Ал бир жолу дыйкандын чарбагынан капустага чоң тоюп чыгып келатса, тоокканага кире албай томсоруп ачка келаткан түлкү кубалайт. Чуу койо чуркап, буйт бере качып, ач түлкүнүн азуусунан кутулуп, аңгыча алдындагы чоочун ийинди көрүп кире качары менен тарбиялуу неменин корккону калып, чоочун жайга уруксатсыз киргени үчүн уятынан ийиле калып, абдан сылык түрдө кечирим сурап жиберет: — Саламатсызбы, ак көңүл ийин! Уруксатсыз киргеним үчүн кечирим сурайм. Бул жоругум үчүн абдан уялып турам! Бул […]

Венгер эл жомогу: Иштегин мышык, иштегин!

Бир жигит кембагал болсо да байдын кызына баш кошот. Баары жакшы болот, бир гана жери үйлөнөрдүн алдында кыз ага “сага турмушка чыксам аялдай болуп үй жыйнап, тамак жасап, оокатыңды кылбайм, баарын өзүң жасайсың, урбайсың, тилдебейсиң” деген шарт койот. Жигит буга макул болот. Аялы менен үйү толо сеп келгени менен мындан жигитке кайдан жеңилдик. Баягыдай эле талаа-түздө баш көтөрбөй иштеп жүрөт. Же үйгө келгенде тамагы жасалуу, төшөгү салынуу болсочу. Ошентип мындай жашоодон бат эле тажайт. Аялынын “иштебейм” деген шартына көнгөнүнө өкүнөт. […]

Вьетнам эл жомогу: Төрт чалдын калп айтышканы

Кайырлуу кечтердин биринде төрт абышка зеригип отуруп, бири-бирин таңгалтууга аракетти айда кылышып, калпты катырыш үчүн ооздору менен орок оро башташат. — Бир жолу Боде дарыясынын боюнда сейилдеп жүрүп, наркы өйүздү карасам чоңдугу тоодой буйвол оттоп туруптур, жөн оттобой бир маалда мойнун созуп кайык менен жарым сатта сүзүп өтчү дарыянын берки жээгиндеги үч мау (эски аянт өлчөө бирдиги, 1 мау болжолдуу түрдө 330 кв.м.) жердин күрүчүн бир эле аймады дейсиң, тимеле укмуш… – деп бир абышка катуу таңгалганынан кийинки сөзүн таппаган […]

Кыргыз эл жомогу: Асыл таш

Качандыр мындан нечен кылым мурун кыргыздын улуу тоосунун эки капчыгайын ээлеп жанаша жашаган эки байдын толгон малы бар экен. Байлар бирин бири жакшы көрбөй: «Ушунун малын мен ээлеп калсам» деп, экөө тең өз ичинен ойлоп жүрдү. Арадан көп жыл өтүп, эки байдын бирөө өлдү. Анын артынан зайбы да өлдү. Алардын жалгыз уулу он эки жашка чыкканда тоголок жетим калды. Жанаша турган экинчи бай ушундан пайдаланып, жетимдин малы менен мүлкүн бүт бойдон алмак болуп, жетимге: —  Сен, балам, жарык дүйнөдө жалгыз […]

Индонезия эл  жомогу: Сот менен соку таш

Бир жолу Бао-гун  сот арабасына чалкалай отуруп, эки жакты каадалуу карап көчө менен өз ишине баратып, жол боюндагы соку ташта муңга бата  ыйлап  отурган баланы көрдү. Ал дароо арабакечине арабаны токтоттуруп, баланы өзүнө чакырып сурады: — Эй бала, сени ким таарынтты? Эмнеге ыйлап отурасың? — Эртеден бери үйдөн апам бышырып берген май токочторумду бир сомдон сатып, алардан түшкөн эки жүз сом акчамды ушул эле бошогон чабыра себетиме салып кетейин деп өйдө боло бергенимде кайдан-жайдан бир көз боочу пайда болуп, мага […]

Индус эл жомогу: Кыкка катылган байлык

Илгери, илгери бир кан жашаган экен. Анын биринен бири өткөн акылдуу, эр жүрөк, нарктуу үч уулу болуптур. Ошентип жылдар өтүп кан карып, уулдары тетирисинче эр жетишкенде, бийлигин бир баласына өткөрүп берип, өзү тынч жашамакчы болот.  Бирок уулдарынын кимисине кандыгын беришти билбейт. Алардын үчөө тең кан тактысына татыктуу болгондуктан эмне кыларын билбей, кеңешчилери менен көпкө чейин акылдашып, акыры алардын айткандары боюнча уулдарына көп акча берип, чоочун жактарга бир жылга жиберип, сынап көрмөкчү болот. Ошентип канзаадалар аябай көп, бирок баары бирдей сандагы […]

Латыш жомогу: Каздар менен түлкү

Бир күнү түлкү кыштакка келип, толтура каз багылып жаткан короого түштү. Кароолчулар менен иттер уктап жаткандыктан “өз убагында келген экенмин”,- деп түлкү каздардын чак-челекейин чыгарып кубалады. Жаны чыкчудай каркылдаган каздар ушундай бир жан соога сурашты дейсиң, эгер түлкү казча түшүнгөнүндө  түлкү башы менен аларды аяп, куру кол кайтканына кайыл боло короодон чыгып кетмек. Ошентип жаалданган түлкү калтыраган каздарды бир катарга тизип, бир четинен алкымдарын кыя чайнап, айоосуз кыра баштаганы калганында, бул каркылдаган канаттуулардын арасында түлкүчө билген бир картаң каз бар […]

Немис жомогу: Кирпи

Кирпи жолдо баратып теңге таап алат. Ошол учурда каретасындагы аттарын алкынтып жанынан бай өтө берген экен. — Байда жок байлык менде бар!- деп кирпи ага угуза кыйкырат. Бай ач көз болчу, андыктан “менде жок ал кандай байлык болду экен?” деген ойдо каретасынан түшүп келип: — Менде жок ал кандай байлык экен?-  дейт. Кирпи унчукпастан бир теңгени көргөзөт. Бай аны көрүп бырс этип күлүп жибергени менен ач көздүгү кармап, кирпинин жалгыз теңгесин тартып алат да кайра жолуна түшкөн кезде кирпи кыйкырат […]

Болгар жомогу: Киши менен коён

Бир жолу кедей киши токойдо келатып бадалдын түбүндө жаткан коёнду көрүп калат. Кубанып кеткен киши кыялга батып, өзүнчө сүйлөнө баштады: — Мен эми мындан ары жакшы жашай баштайм! Бул коёнду кармайм да, сатам. А түшкөн акчага чочко сатып алам. Ал мага он эки торопой тууп берет. Торопойлор чоңоюп, ар бири он экиден торопой тууйт. Анан менде эт көп болот. Эттин баарын сатып, акчасына жаңы үй курам, чарбачылык жүргүзүп, малайларды жумшайм да катын алам. Ал мага эки уул төрөп берет. Уулдарым […]

Африка жомогу: Кереметтүү чоор

Илгери бир аял уулу менен жашачу экен. Алардын итинен башка жандыгы, бир теше жеринен башка байлыгы болбоптур. Уулун чоңойтуш үчүн аял бел чечпей иштеп, күнү тыным, түнү уйку көрбөптүр. Ошенткен түйшүгүнө жараша бала акылдуу, күчтүү жана иштерман болуп чоңоюптур. Анан да ал чоордо жакшы ойночу экен. Талаадан иштеп келгенинен кийин чоорун алып тартканында анын сыйкырдуу добушун уккандардын баары арбалып, асмандагы булуттар токтоп, суулар акпай, канаттуулар сайрабай, бүт жан-жаныбарлар дымып, үн чыгарбай калышчу экен. Адамдар анын мындай жөндөмүн асмандата мактап, өнөрүнүн […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Эч нерсеге эби жок адам жөнүндө жомок

Илгери-илгери колуна алган нерсеси колунан түшкөн, тамак ичсе оозуна жетпей ыргыган ченде жок эпсиз,  эби жок адам жашаптыр. Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы, канча аракет кылса да ал адаттан арыла албайт.  Барган жерин бүлүнтүп, жүргөн жерин жүдөтүп жүргөндүктөн ал адамды эч ким жумушка да албайт. Жумушсуз,  ачка калган күндөрү көбөйө баштаганда ойлойт. “Кой, минтип жүрсөм бул жактан ачкадан өлчүдөймүн, жер которуп сырымды билбеген элге барып оокат кылайын”. Ошентип эби жок адам жолго чыгат.  Улам бир элге токтоп, сыры билингенде андан […]

Авар жомогу: Түлкү  менен  каз

Күндөрдүн бир күнүндө түлкү менен каз чогуу жашай баштайт. Мунун эң жакшы жери — бири тамак издеп кеткенде, бири балдарды карап калмак болот. Ушинтип ынтымак менен бир топ убакыт жашашты. Бир күнү каз токойго тамак издеп кетип, түлкү балдарды карап калды. Күн ачык-жарык болгондуктан ал өзүнүн бачкилери менен каздын жөжөлөрүн сыртка ойнотуп чыкты. Курсагы ачкан түлкү чыдабай кетип бир жөжөнү жеп алды. Каз кайтып келип, түлкүдөн сурайт: — Мен жокто эмне жаңылык болду, балдарыбыз кандай? — Ишибиз чатак, — деп […]

Беларус жомогу: Бөрү, мышык жана ит

Эптеп күн өткөргөн абышка болуптур. Анын өзүндөй болуп карыган ити бар экен. Карыган иттен пайда болбой калганда чал аны көчөгө кубалап чыгыптыр. Ит токойдо каңгып баратып карышкырга жолугуп калат. Карышкыр ага мындай дейт: — Мага кошул, экөөбүз ынтымакташып жашайлы. Ит макул болот. Алардын үңкүрдө жата берип курсактары ачат. — Баргын,- дейт бөрү.- Балким талаада жегидей бирдемелер жүргөндүр карап кел. Ит сыртка чыгып, талаага көз жүгүртүп айтат: — Каздар жүрөт! — Түйшүгү көп, эти аз! — дейт карышкыр. Ал эми иттин […]

Беларус жомогу: Баардыгынын өз учуру бар

Биздин кыштакта ушунчалык сараң поп-атакебиз бар эле. Ал пайда табуу менен чыгым болбоону гана ойлончу. Күз келип, эгин чабык менен түшүм жыйноо учуру келип, жери көп поп-атакебиз үч батракты жалдады. Таң атары менен поп батрактарды ойготуп, тамактандыра баштады. Батрактар апылдата тамак жегенин көргөн поп ыйык санаган башын чайкап ойго батты: “Булар азыр тамак көрбөгөндөй жеп атышат, түштө да ушундай сукулдашат, ал эми булар түштөнүш үчүн талаадан келгиче канча убакыт өтөт? Эгер талаага тамак алып барсак, аттар  чарчайт. Андан көрө түшкү […]