Француз эл жомогу: Эшек кантип айды жутуп жиберди

Көлмөнүн жанында чоң чиркөө бар болучу. Бул чиркөөгө такыбалар сыйынып, көлмөгө болсо малчылар жандыктарын сугарып, аялдар кир жуушчу. Бир жолу бул көлмөдөн ай жаркырап көрүнүп турганда бирөө эшегин сугарганы келип, суудагы айга суктанып турду. Ошентип эшек суусунун кандыргыча шамал булуттарды айдап келип айды тосуп калып, айлана капкараңгы боло түштү. Эшектин ээси мындан улам коркуп кетип, көлмөнүн боюнан минтип кыйкырган бойдон качып жөнөдү: – Менин эшегим суу ичип атып айды жутуп жиберди! Эшегим айды жутуп алды! Анын кыйкырыгынан чиркөөдөгү сыйынып аткандар […]

Жетимиш жети тил билген мерген

Бурят жомогу Илгери өткөн заманда бир мерген жашаптыр. Ал бир жолу да жаза атчу эмес жана бир жолу да үйүнө кур кол кайтпаган. Бирок бир күнү жер ааламдын баарын кыдырып жүрүп, ырымга жок дегенде бир чымчык да ата албай олжосуз кайтат. Көңүл чөгүп, токойдо уктап кетти. Түшүндө аны айланчыктап сары жана көк туман кетпей коёт. Ойгонуп кетип караса, чын эле айлананын баары көк жана сары туман. Коркуп кеткен мерген мылтыгын алып атканы калды эле, туман ичинен адамдын үнү угулду: — […]

Кыргыз жомогу: Жагалым

Илгери, илгери бир кан болгон экен, анын аялы өлүп, андан Жагалым деген уул, Карчыга деген кыз калат. Күндөрдүн биринде кан бир сулуу аялга үйлөнөт. Аялы балдарга аябай өч чыгат. Жагалым көзгө атар мерген экен, күнүгө кийикке чыгып, үйүн майга толтурат. Бир күнү кандын аялы: — Үйдө эт, майга толтуруп балаң үйдү сасытып жиберди, бул балаңды жогот же өлтүр, болбосо мен кетем, — деп ыйлай баштайт. Кандын айласы кетип, баланы өлтүрмөкчү болот. Муну Карчыга билип калып, агасын кайтарып калат. Бир күнү […]

Халед ХОССЕЙНИ: Жана тоолор жаңырды

Халед ХОССЕЙНИ – теги ооганстандык АКШ жазуучусу. Биз анын «Жана тоолор жаңырды» романынан үзүндү жарыялайбыз. Бул үзүндү өзүнчө икея болгондуктан, бүтүндөй бир чыгарма катары да кабыл алсак болот. Себеби маани-маңызы терең көркөм мазмундуу икеянын артында адам насилине күчтүү таасир этер философиялык өзөк камтылган. «Жамандык жана жакшылык жөнүндө билимдин ар жак четинде талаа бар. Сени ошо талаада күтөм». Жалалиддин РУМИ, (XIII кылым). Биринчи бап 1952-жылдын күзү Мейли. Аңгеме укканды кааласаңар, бирди айтып берейин. Бирди гана. Дагы сурабагыла. Кеч болуп калды. Сен, […]

КАНТОРОВИЧ

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Орус математиги Леонид Витальевич Канторович 1912-жылдын 19-январында Санкт-Петербургда туулган. Атасы врач болгон. Математикага болгон жөндөмү өтө эрте байкалган. 9 жашында тамырдан чыгаруу ыкмасын ачкан, 14 жашында Ленинград университетинин математика бөлүмүнө кабыл алынган. Студент кезинде эле функцияларды класска бөлүү боюнча бир катар натыйжаларды алып, 10 макаласы журналдарга жарыяланган (анын теңи чет өлкөлүк журналдарга). 1930-жылы 18 жашында университетти бүтүп, ал жерде иштеп калган. Эки жылдан кийин профессор наамын алган. 1935-жылы өкмөт илимий наамдарды бекиткенден кийин ага диссертациясыз эле физика-математика […]

Жети бала

Кыргыз жомогу Бир кедей кемпирдин жети баласы болот. Ал балдар абдан акылдуу болуп чоңоюшат. Өнөр үйрөнүү үчүн жетөө жети өнөргө тырышышат. Күндөрдүн биринде кемпир жаа жасайт. Балдары энесинен жааны кимге берерин сурашат. Анда кемпир: — Балдарым, араңардан кимиңердин өнөрүңөр артык болсо, ошого берем, — дейт. Эң улуусу: — Энеке, асмандагы алпкаракуштун карааны торгойдой болуп гана көрүнсө да, атып түшүрө алам, мергенчимин, — дейт. Экинчиси: — Менин өнөрүм ушул. Жети жыл мурун кеткен кумурсканын изин таба алам. Үчүнчүсү: — Дүйнө жүзүн […]

Эки улак

Кыргыз жомогу Ак улак менен кара улак ары жүгүрүп, бери жүгүрүп тынбай, жан жактарын каранып секиришет. Бир жагында калың бадал, бир жагында калың тикенектер эле көрүнүп, эч бир кой-эчки көрүнбөйт. — Сен  ак  улаксың,  тил  укпаган  чунаксың!  Мени  ары-бери  сүйрөп жүрүп  акыры  адаштырдың,  жаның  барында койду  таап  бергин, — деп  ак улакка кара улак нааразы болот. Кара  улак  бир  күн  мурун  туулган.  Денеси  чымыр,  маңдайында жумуру  эки мүйүзү  бар экен.  Ак  улакты  боорум  экен  деп, жан  тартчу  эмес дейт. Кичине  […]

Берешен кедр чымчык

Алтай жомогу Күзгө жуук күрөң аюу өлө семирип, жатып ичер жалкоо болду, жүнү майлагандай жалтырап, көргөндүн көз жоосун алат. Токойдо ал басар-баспас болуп араң эле кыймылдайт, жаткан карагайларды көрсө аттагандан эринип, айланып өтөт. Токойдун бир жайыгынын ортосунда килтейген кедр[1] өсүп турган. Анын тобурчактары аябай эле салмактуу келип, ошол салмагы кедрдин бутактарын жерге самсаалатып ийип, өзүнчө эле бир башкача. Күрөң аюу ошол кедрдин алдына келип, тилин жаланып, шилекейин агызып, үшкүрүнө ойлонот: «Ушул тобурчактын ичинде укумуштай даамдуу мөмөсү болсо керек ээ…» Ошентип […]

Кадинин[1] кызы

Түрк жомогу  Болгонбу, болбогонбу, айтор, адамда кайгы көп эмеспи. Бир кадинин жалгыз кызы болуптур да, ал кыз жеткен өңү-түсү суук, көрксүз экен. Анан дагы жараткан ага акыл-эсти дурустап берген эмес дешет. Ошолордун эле кошунасы болуп дагы бир кыз жашаптыр, анын ата-энеси жеткен кедей экен, а кызы болсо кадинин үйүндө, алардын кызматын кылып жанын бакчу.

Балдар чыгармачылыгы боюнча конкурс!

«Коом жана Мен» сайты буга чейин маалымдап келгендей: бу сапар өспүрүмдөр арасында чыгармачылык конкурс жарыялайт. Конкурс 2016-жылдын 24-декабрында башталып, 2017-жылдын 30-майында жыйынтыкталат жана жеңүүчүлөрдүн байгеси – балдардын Эларалык майрамына карата 1-июнда тапшырылат. Байге фондубуз 32 000 (отуз эки миң) сом! 10 жаштан 13 жашка чейинкилер арасында: 1-байге – 5 000 (беш миң) сом; 2-байге – 4 000 (төрт миң) сом; 3-байге – 3 000 (үч миң) сом; 4-байге – 2 000 (эки миң) сом; 5-байге – 1 000 (бир миң) […]

Эзоп

Тамсил Адам менен Гермес  Көптөгөн адамдар менен кошо чөгүп бараткан кемени көргөн бирөө: «Күнөөлүү жалгыз адам үчүн адилетсиз кудай канчалардын жанын кыят?!» деп кейип атса, тегерегиндеги жайнаган кумурскалардын бирөөсү аны чагып алат. Жалгыз кумурскага жаалданган адам бир убакта таманынын астындагы быжыраган кумурскаларды тебелеп өлтүргөнүнө кыжырланган Гермес аны таягы менен бир уруп, минткен экен: «Күнөөлүү жалгыз адам үчүн адилетсиз кудай канчалардын жанын кыйганына сен кандай жаалдансаң, кумурска деле ошол». Андыктан адам бактысыздыкка кабылганда Кудайга шек келтирбей, андан көрө өзү кетирген катасын […]