Жашоо маңызы жөнүндө уламыштар

МЫК ЖӨНҮНДӨ Чыгыш уламышы Бул окуялар мурда эле айтылса керек эле. Бирок алар өтө кызыктуу! Ошондуктан кайталагандан келме бузулбаган… Илгери-илгери өзүн-өзү кармай албаган, ачуусу чукул жигит жашаптыр. Бир жолу ага атасы бир баштык мык берди. “Ачууңду тыя албай, бирөөгө жаман сөз айткан сайын бир мыкты короодогу устунга кагып тур”, — деди ал. Биринчи күнү устунга кагылган мыктардын саны ондоп саналды. Кийинки жумада жигит жинин тыйып, устунга кагылган мыктардын санын бир топ азайтканга жетишти. Жигит сезимдерин башкаруу, мык каккандан да оңой […]

Лев Толстойдун балдар үчүн жазган алакандай аңгемелеринен

Абышка жана небере Абышка абдан картайды. Буту баспайт, көзү начар, кулагын да кудай алган. А оозунда тиши калбады. Тамак ичкенде, оозуна салганы бери томолонот. Уул-келини андан обочолоп, тамагын мештин артына түртүп коюшат. Чал бир күнү сорпону жылдырса, кулаган кесеси сынып калбаспы. Ачууланган келини мурду менен бир тийди. – Идиш-аякты сындырып бүтмөй болдуң го! Мындан кийин тамакты чылапчынга куюп берем. Абышка улутунуп тим болду. Бир жолу уул-келини үйдө эле. Бала тактайларды кынап, бир нерсе жасап ойноп аткан. Атасы: — Миша, бу […]

Манас КАЗАКБАЕВ: Класском (шедевр)

АҢГЕМЕ Жолой мектеп астанасын алгачкы ирет аттагандан баштап эле класском болуп дайындалып, бул жооптуу «кызматта» үч жыл иштеди. Ал эми быйылкы окуу жылынын биринчи коңгуроосу кагылган күнү жаңы мугалим мурунку мугалимдей минтип айткан жок ага: «Сен, Жолой, классташтарыңдын арасынан чоңураагы өңдөнөсүң, сабакты жакшы окууруңду билем, ошондуктан класскомдукка дайындайм». Алгачкы сабак бүттү. Балдар танаписке сыртка чыгуулары керек эле, бирок антишпеди. Уюлгуган аарылардын тобундай ызылдашып, өткөн жылы кимиси кайсыл партага отургандыгын, азыр аны кимиси ээлегендигин, парталар мурунку турган ордунан башка жакка которулуп […]

Лео ЛИОННИ: Бул меники!

Жазуучу, художник, скульптор, балдар китебинин иллюстратору Лео Лионни (1910-1999) Амстердамда туулган. Кошмо Штаттарда жашаган 20 жылды эсепке албаганда, бүт өмүрү Италияда өткөн. Балдар үчүн жазган төрт китеби АКШнын библиотекарлар ассоциациясынын Калдекотт медалына татыктуу болгон. Англис тилинен которгон Амирбек УСМАНОВ (АЗАМ уулу) “Күн чубак” авизинин ортосунда талпактай аралча бар эле. Жапжашыл папоротниктер менен уй тилиндей жалбырактары сеңселген куурайлар өскөн арал жээгине корголдой майда шагылды табият өзү тасмадай төшөп койгон. Бул аралда Мильтон, Руперт жана Лидия деген үч ажаан бака жашайт. Бакалар […]

«Телевизорубузду алып келип бергиле»

СААТ Саат жебеси улам чыкылдап кайдадыр шашат. Көчө жык-жыйма адам. Баары саат менен жарыша жүгүрөт. Арасында  тууган тууганына, дос досуна, бала атасына, кыз апасына түзүгүрөөк убакыт бөлө албаганына, карым-катнаш жасай албаганына, баштагыдай бет-маңдай олтуруп, узак баарлашууга убакыт  бөлө албаганына нараазы болгондору да бар. Көчүлүктүн ичинде убакыттын берекеси кетти деп  безилдегендери да жок эмес. Жакындарына  өзүн болбосо да,  сөзүн жеткирген телефонго, агентке, фейсбукка, иши кылса  интернет  ааламына  алкыш айткандары андан көп. Алардын катарында өзүмдү да көрөм. Көр тиригликке көкүрөгүмөн батып кеткендиктен […]

Төлгөчү кемпир менен токой ээси

Цыган жомогу Көчмөн цыгандардын тобу жол жүрүп бараткан жерден кооздугу укмуштай токойго токтойт. Айлана толо шалбаа. Чөбү чабылып, көк кыртышы кайрадан кылайган жерге жеткенде топ башы үн катты: – И-и, ромалэ[1], шул жерге токтойлу. Аттарды арабадан чыгарып, бир азга чалдырып[2] алалы. Кыштакка жетүүгө көп бар, бирак бу жерге түнөбөйбүз. Болгону дене бой жазып дем алгыла! Аттарды арабадан бошотуп, көк шиберге откозушту да өздөрү от тутантып, самоорго чай коюп өзөк жалгамак. Цыгандардын бирөөсүнүн барып турган сулуу кызы болуптур. Ал кыз алыс […]

Карыянын насияты

Адыгей жомогу Бардар жашаган бир адыгейдин жалгыз уулу болуптур. Атасы өлүм алдында жатканда уулун чакырып минтип айтат: «Сага айтар үч насыятым бар, сен аны өмүр бою аткаргының: эч качан саламды биринчи айтпагының; күндө кечинде таттуу тамактан; күндө эртең менен бут кийим жаңырт».

Линда БУТ СВИНИ: «Шамалдын учуру»

Башталган кезде бороону: Морлордун чыгып обону. Кайчылдап каалга, терезе Карайбыз сыртты оболу. Теле-экран чырт-чурт чертилип, Үшкүрөт энем энтигип. А биздин куунак көңүлдөр Этек-жең, көйнөк желпинип! Ордунан жылып араба, Флюгер[1] – калак абада. Коңгуроо зың-зың кагылып Корголойт күчүк анада. Дарактар бийлеп термелет, Жөргөмүш желе тормолойт. Калдаңдайт учуп жалбырак, Калтырап чычкан корголойт. Күчөнсө шамал жандана, Эгинди чачып анда да… Булуттар көктө жарышып, Ойнойбуз а биз шаңдана. Парустун парда канаты, Кайыктар калкып баратыр. Деңизде дөңгөч делбектейт, Чардактар кайкып галаты[2]… Суу толкуп, оонап челектер, […]