Мурза ГАПАРОВ: Айгүл тоо

АҢГЕМЕ Баткенге ал акыркы рейс менен учуп келди. А өзүнүн түнөгүнө, автобус жүрбөй калгандыктан, көрүнгөн машинеге кол көтөрүп отуруп, саат он ченде араң жетти. Жалгыз үйдүн жалгыз терезесинен жарык көрүнбөйт, бүгүн эч ким токтобоптур көрсө. Түн ичинде бирөө-жарым бурулуп калышы ыктымал, тогуз жолдун тоомунда эмеспи бул ээн жердин ээсиз бекети… Бекеттин эшигинде дайымкыдай эле кулпу жок. Иса аны качырата ачып, ичкери кирди. Үйдүн ичи муздак, караңгы. Ал желкесиндеги сумкасын жерге коюп, көпкө чейин сыйпалап күкүрт издеди. Күкүрт өз ордунан – […]

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: Көр казгыч

АҢГЕМЕ Күн сайын таң эртең менен айылдан районго жылган сары автобустун ичи жыкжыйма жүргүнчү. Бири базарга, бири ишке, дагы бири жөн эле шаарга түшүп келгенге жөнөп алышкан. Тоо таянган айылга каттаган автобустун шопурлары ар дайым наалыганы наалыган. Анткени автобуска чыккан жүргүнчүлөрдүн жол кире акысына пул бергени аз. Көбү бир ууч кургак өрүк же алма, сүт, айран, айтор болгон тамак-ашын көтөрүнүп, жол акынын ордуна ошол көтөрүнчөктөрүн шопурларга сунушат. Айрыкча жүргүнчүлөрдүн улгайгандары. Мындайда шопурлар эмне кыларын билбей сөгүнүп-кагынып, баклашкаларга куюлган айран,сүттөрдү, политилен […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Гаргарчи

АҢГЕМЕ Бердинин балдары – эки кызы, эки уулу апасынын жылдыгын бергендин эртеси эле атасы менен дасторкон үстүндө кеп башташты. Ата, балдардын парызы экен, апабыздын ордуна апа боло турган бирөө болсо, эки бакыр, бир тукур дегендей… – Чоң уулу, былтыр эле өзүнчө орозгер кылып айылдын бир башына тоокканадай там салып кеткени, үзүл-кесил кеп баштады. Ошентери менен кыздардын чоңу – апасынын жаназасына бир келген, эми жылдыгына бир келген алыс жакка түшкөн Айсалкын көзүнө жашын мөлтүрөтүп эшикке атып чыкты. Кичи кызы – али […]

Айтматовдон дайын-дабыш жок

Маркумдардын маеги Кыргыз эл жазуучусу Мурза Гапаров менен акын Жолдошбек Зарлыкбековдун 1999-жыл., 10-сентябрда «Асаба» гезитинде жарык көргөн маеги «Баткенге ал акыркы рейс менен учуп келди. Өзүнүн түнөгүнө автобус жүрбөй калгандыктан, көрүнгөн машинеге кол көтөрүп отуруп саат он ченде араң жетти. Жалгыз үйдүн жалгыз терезесинен жарык көрүнбөйт. Тогуз жолдун тоомунда эмеспи бул ээн жердин ээсиз бекети». (Повесттен)