Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Энекем

ЭССЕ Энем! Менин энем. Сегизди төрөгөн. Бешөөбүз жер үстүндө, үчөөсү жер астында… Нурайым эжемди 4 жашында айылдын анда-санда машина өткөн көчөсүнөн мас шоопур тебелеп кеткен. Айылдын чаң жолуна мээсин чачыратып… Ошондо ботосунан ажыраган боз ингендей боздогон. Иним Жанарбек он гүлүнүн бири ачылбай 18 жашында акыретке сапар алган. Анда да ыйлаган курган жүрөк! Аллахым акыл-эсин кем жараткан менен үйүбүздүн сүймөнчүгү эле. Башы иштебеген менен башкасы кадимки акылдуу адамдай иштечү… Ылайыктуу кыз тапсам үйлөнтөм деп атам ала-гүү болсо эле оолугуп калар эле. […]

Өз жазасын алган кечил

Тай жомогу Монастрда жашаган кечил[1] болуптур, бетелди[2] абыдан жакшы көрчү дейт. Ал күнүгө кыштакта ким-бирөөнүн өлгөнү туурасында билип кел деп өз нөкөрүн[3] тызылдатып жүгүртчү экен. Анткени өлүк чыккан жерде анын шыбагасына бетель буюрчу дейт. Кокусунан бир дыйкан «Бүгүн ким өлгөнүн билип кел» деген кечилдин нөкөргө айткан кебин угуп калат. Дыйкан анан өз үйүнө келет да туугандарын жыйып, минтип турганы: – Кечилге көргүлүктү көрсөтпөсөм элеби. Анткени ал шүмшүк бетелге тоюнуш үчүн кыштакта ким өлгөнүн тиленет экен. Көрсө ага адам өмүрүнөн да […]

Рюноскэ АКУТАГАВА: «Жөргөмүштүн желеси»

АҢГЕМЕ Бир жолу Будда өзү жалгыз бейиштин шалбаасында сейилдеп жүрдү. Шалбаанын баардык жерин акактай аппак суугалдактар[1] курчап, алардын алтын түстүү жүрөкчөлөрүнөн жагымдуу жыттар аңкып турду. Бейиште ошол маалда эми жаңы таң аткан. Ой кучагындагы Будда капысынан суу үстүндөгү суугалдактардын жайылган жалбырактарынын арасындагы суу терезесинен Суугалдак көлмөсүнүн тереңинде эмнелер болуп жаткандыгын көрүп калды.

Жаңы анекдот көз жарды

Турсунбек Акундун түшү Түшүндө Турсунбек Акун одүйнөнүн эшигин тоскондордун арасына кошулуп калат. Бир убакта босогодон Курманбек Бакиев кирсе, эшик тоскондор аны түз эле бейиштин бөлмөсүнө жетелейт. Анын артынан Алмазбек Атамбаев башбагып кирсе, эшик тоскондор аны тозоктун бөлмөсүнө жетелеп баратканын көргөн экс-акыйкатчы чыркырап жиберет: «Эй, силерде акыйкаттык деген барбы?! Бейишке кирчү кишини тозокко, тозокко барчу кишини бейишке апаратасыңар» десе, эшик тоскондор: