Сымбат МАКСҮТОВА: Үзүм ойлор

* * * Ош шаарында базарды аралап баратсам, бир киши соода кылып отурган тестиер баладан “Апаң Москвадабы?” деп сурап калганын кулагым чалды. Баланы жалт карасам, ыраңы өчө, ошол суроону уккусу келбегендей бир үшкүрдү да башын ийкей жер карап калды. Секундчалык көз ирмемде калган көрүнүш: баланын эне мээримине зар болуп турганы, сагынычтан куса болгону, балалык баео сезими менен эркелей албай, жылдардын жагымсыз өтүп жатканы, башкалардан кодуланганы, баарын, баарын анын көзүнөн көрүүгө үлгүрдүм. Өз жарандарын бага албай калган өлкөдө жашоо кандай оор […]

Үмүт КУЛТАЕВА: Эл башчылары бирин-бирин жамандаса, алар башкарган эл кантип биригет?

Эл агартуунун отличниги (2000-ж), педагогика илимдеринин кандидаты (1990), доцент (1999), филология илимдеринин доктору (2011), белгилүү окумуштуу Үмүт Култаева менен биз бүгүн учурдагы коомдук абал туурасында кеп курдук… – Үмүт Баймуратовна, күздө болор президенттик таймашка аттанган сүрмө топ саясатчыларды көрүп аткандырсыз. Ал эми албан-субандай Америкада да президенттик шайлоодо саясый атаандаштыкка чыккандардын саны мынча болбостугун турмушубузда көрүп келатабыз. Мунун өзү улуттук кулк-мүнөзүбүздөгү мансапкорлукпу же бул биздин коомдогу ашкере саясатташып кеткендеги эле көрүнүшпү? Сиз кандай түшүндүрөр элеңиз муну? – Башкы себеп, коомдун ашкере […]

Эл, бийлик, мамлекет

Эл – бул талаадагы чөп, а падыша – шамал: шамал кайда ыргаса, чөп ошол жакка жапырылат. Конфуций Элди сүйүп, эл башкаргысы келген адамдын дайыма колу-жолу бош болсун. Лао-цзы Өзүн өзү олуя санаган өлкө башчысы капталдан кеп-кеңеш айтаар акылдуу бирөө пайда болушун каалабайт. Ал курчоосунда дайыма жымжырт болуп турганда гана өз жанын жай алып жүрөт. Лао-цзы Даанышман падыша башкарган өлкөнүн элине падышанын бар-жогу билинбейт. Акылсыз падыша башкарган өлкөнүн эли падышага жуукур, кошоматчыга айланат. Акылы чолок падыша башкарган өлкөнүн эли падышасынан коркот. […]

Бекташ ШАМШИЕВ: Акын-жазуучулар бийликке кол бала

Жеке архивди аңтарып отуруп таап алдым. Бекташ байкебиз менен жакшы аңгемелешкен экенбиз. Адабиятчы катары сергек ой калчаптыр. «Кайталагандан келме бузулбайт» деп бир кезде «Де-фактого» жарыяланган маектешүүбүздү кайрадан окуй берсек да болчудай. Эскирбептир. Кызыктуу… — Коомчулукта кийинки күндөрү чыгармачыл кошуундардын турмушка кереги жок деген пикирлер айтыла баштады. Сиздин пикир? — Мен да базар экономикасынын шартында өлкө казынасына жүк болгон чыгармачыл уюмдардын кереги жок дегем. Социализм учурунда бөпөлөнүп келген чыгармачыл интеллигенция азыр бечара кейпин кийди. Өзгөчө, улуу жана орто муундагы акын-жазуучулар. Алар мурда […]

Блез ПАСКАЛЬ: Кулагыбыз жалган сөзгө аңырайган каалгадай ачык

(1623-1662), француз философу  Чындык менен адилеттик – кымындай мык сыяктуу: аны кагаарда эбин таппай, барскан менен таамай мээлеп, дайыма тийбей калабыз. Эгер дадил тийсек да, бырыйта согобуз. * * * Адам акылы жетиккен сайын кеменгер адамдарга аралаша баштайт, акылы тайкылар гана кимдин ким экенин ажырата билбейт. * * * Эмне үчүн бутунан аксаган адамдарга эмес, акылынан аксагандарга кыжырыбыз көбүрөк кайнайт? Себеби буту аксактар башкалардай түз басалбай турганын моюнга алат, акылынан аксагандар эчкачан кемчилигин моюнга албайт. * * * Кемчилдигиңди көрсөткөн […]

…Бийлик элден коркконунан — ишти теңирден тетири жасайт

Людвик БЕРНЕ (1786-1837), немис публицисти    Байрон адамзатын сүйгөн үчүн адамдарды жеккөргөн. * * * Эгерде жаратылыш мыйзамдары мамлекеттин мыйзамдарындай толтура болгондо, анча мыйзамды аткарууга Теңирдин да кудурети жетмек эмес.

Ага-­ини

МИНИРОМАН I БАП Бул дүйнөдө бири­бирине төп келген жубайлар жашады. Көпкө бала көрбөй, жаштары өйдөлөп уулдуу болушту. Бүт айыл эли сүйүнүп, өз кубанычтарындай сезишти. Арадан жылдар өтүп, экинчи уулдуу болушту. Анын төрөлгөнүн өздөрү деле, эл деле демейдеги окуя катары кабыл алышты.

Бийлик канчалык тайраңдаса, анын тагдыры ошончолук опурталдуу

(1729-1797), англис публицисти, философ, тарыхчы   Реформа жасоого каражат таппаган өлкө жаңыны кой, эски реформаны калыптандырууга каражат таппайт. * * * Жаңылык киргизгенин реформа деп жар салгандар бар. * * * Дайынсыз эркиндик өзүнөн өзү дайынсыз жок болот.