Гурбанназар ЭЗИЗОВ: Табыт

БООРДОШ ЭЛ АДАБИЯТЫНАН Гурбанназар ЭЗИЗОВ – түркмөн элинин 20-кылымдагы классик жазуучуларынын бири. О.э. ал Түркменстандын эл жазуучусу жана Махтумкули наамындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. Бүгүн биз анын «Табыт» аттуу чакан аңгемесин замандашыбыз Азат Жапарбектин котормосунда жарыялайбыз. Аңгеме Чоң атамдын узунча келген боз табыты бар эле. Аны качан, эмне үчүн жасатканын билбейм. Бир билгеним: көптөн бери урунуп жүрчү. Өзү тыттын жыгачынан кынаптап жасалган тартайган оокат. Чоң атам аны дайыма жасап-түзөп, кырып-кыпчып таза кармаганы менен, негедир көзгө комсоо көрүнүп, жүрөктүн үшүн алат. Айрыкча […]

Вагиф СУЛТАНЛЫ: Сона кемпир (Азербайжан жазуучусу)

АҢГЕМЕ Сурнайдын дабышы дапылдап да, дүпүлдөп, жака-белдеги жамагатты үйлөнүү үлпөтүнө үндөдү белемдир. Ошондон бери обону озондогон тушка агылгандардын  аягы оңой-олтоң  үзүлө койбоду. Сона кемпир эки  билегин  бооруна кайчылаштырган калыбында чоң чатырдын бир ыптасына ыккан. Шаан-шөөкөт алигинин  ичинде. Сурнайдын кулактан куюлуп, курсакты кайнатар ыргагы эскини, тээ эбак өчкөн өтмүштү эстет, ээ!?  Эмелеки  төгүлгөн күү  керебеттеги  кеселман эмени биякка “жүрүлөп”  азгырбадыбы.  Асыресе,  музыкалык аспап  учурда  аныбыз буга дейре дегеле эшитпеген  мукам кайрыктарды  какшатты. Кексе зайыптын көкүрөк толтосунда   ары жаңы, ары бүдөмүк аваз  […]

Казак акыны Азкен Алтайдын ырлары

БООРДОШ ЭЛ АДАБИЯТЫНАН Азкен Алтай (Азамат Акылбеков) – 1963-жылы Талдыкоргондун Алтынемел аймагында туулган казак акыны жана жазуучусу. Анын Тезек төрө жана анын урпактары, о.э. адабий мурастары туурасында монографиялык эмгектери жарык көргөн. Айрым чыгармалары англис, орус, кыргыз жана өзбек тилдерине которулган. Котормо Жумагүл ГАЗЫБАЕВА ДӨӨ МЕНЕН ЧЫМЧЫК (Көчмөндөр философиясы) Илгери бир чоң алп дөө болгон экен, Жанына майда куштар толгон экен. Өзүнө тең келерлик бир жан таппай, Көөнүнө текебердик конгон экен. Чымчыкты мазактаптыр көргөн кезде, — Кудайым түр күлкүнү берген экен. […]

Кайсын Кулиев Кожогелди Култегиндин котормосунда

БУКАЛАР ТАҢДА БАРАТАТ Таңы ушинтип атат эрте июлдун, Тоолук кыздай жүзү албырып-эриген. Жылаңайлак түшүп келет уюлгуп Хулам-Тоонун кызыл тепкичтеринен. Так астында өрдөп барат букалар, Табигат бүт нымдалыша чиренип. Булут челген мүйүзүн-айт! Бүт алар Нурларына турат таңдын ширелип! Буурул-күрөң гранит-тоо табылды, Булак – анар маңызындай, оо, мына. Жалтылдак түс саймалуу үртүк жабылды Букалардын эңгезердей жонуна! Жаным-Сөздү баарысынан артык бу Сактайт ко деп жалын-таңда үмүт мөл. Кандай сыйкыр букаларды жаркытты? Мүйүздөрү – жалаң алтын-күмүштөр! Чыңк өйдөдө чыдайт буттар чымырап! Чылгый таш-жол чыкыроондой […]

Семиз Замай жана мангатхай

Бурят жомогу Байыркы заманда кызыктай бир жаныбар болуптур. Ал киши жегич-мангатхай аталат экен. Ошондой мангатхайлардын бири, чамасы абдан эле сугалагы болсо керек, кайсыл бир чөлкөмдө Замай-тарган деген ашкере эткээл киши жашайт деп эшитип калат. Мангатхай ошону издеп, таап, жегиси келет. Көп жүрөт, издөөдөн тажабайт, акыры ошентип семиз киши Замайга да кезигет. Анан не максатта келгенин дароо эле айтып салат: — Мен сени жеймин, Замай! – дейт. Замай куу киши эле, ал корккон да жок, кебелип да койбоду. Кайра мынтип атпайбы: […]

Худайберди ХАЛЛЫ: Карышкыр

Боордош эл адабиятынан Түркмөнстандагы катаал саясый режимден улам Европада бозгунда жүргөн түркмөн жазуучусу Худайберди ХАЛЛЫ туурасында буга дейре «РухЭш» сайтында анын маегин жарыялап (Саясый куугунга кабылган түркмөн жазуучусунун тагдыры), чыгармалары менен кыргыз окурмандарын тааныштырууну убада кылган элек. Убадабыз боюнча таланттуу жаш котормочуларыбыздын бири, түрколог Урматбек Нурсейит уулунун эмгеги менен түпнускадан кыргызчаланган боордош жазуучубуздун «Карышкыр» аттуу аңгемесин сунуштайбыз… АҢГЕМЕ Жер бетине жарык түшкөндөн бери ал коркунучтуу кездешүүнү күтүп жатты. Күн уясынан чыгып, жерден көлөкө көтөрүлгөндө күрүлдөгөн жагымсыз үн угулду. Күрүлдөгөн үн […]

Имдат АВШАР: Кыбыла

АҢГЕМЕ Жээгинде мажүрүм талдар өсүп, жайы-кышы буркан-шаркан болуп аккан дайра. Тосмону бойлогон кызыл-сары ашкабак гүлдөрү, тосмодон ашып терезелерге чейин чубала жеткен кыпкызыл чырмоок гүлдөр… Мажүрүм талдардын арасынан агарган үйлөр. Төрт мезгил бою түтүнү үзүлбөгөн үй-очок. Анын эшиктери күн чыгышты көздөй ачылчу эле, дубалы таштан, үч тарабы кирпич… Сайма жаздыктар, килем, жер төшөктөрдүн алдына токума таарлар төшөлгөн чоң бөлмө: дайыма кулпулануу шкаф, анын эшиктерин ачууга балдарга тыюу салынган… Конок келгенде лампалары күйүп, мору түтөп, үй ээсинин жарпы жазылып калчу… Чоң бөлмөдөгү […]

Өмер СЕЙФЕДДИН: «Ант»

АҢГЕМЕ Мен Гёненде туулдум. Бул шаарчага жыйырма жылдан бери келе элекмин. Бардыгы эски, узун түш сымал көз алдыма тартылат. Көптөгөн жерин унутуп калыптырмын. Ал учурда атам жаштыгына карабай жүз башы эле. Экөөбүз күндө алдынан өтчү мечитти, так маңдайындагы фонтанды, тынымсыз кыйылган карагайдын бүчүрлөрү агып турчу  сууну, кээде жуунганы барчу ысык суусу бар мончонун терең көлмөсүн эстегенге аракет кылып жатам. Бирок бет алдымды унутуунун аппак туманы каптап, боекторун өчүрүп, элестерин жок кылат… Көп убакыттан кийин өз жергесине кайткан адам туулган жерин, […]