Толук Бек БАЙЗАК: Акындык бул каргышындай кудайдын

ДЕҢИЗСИҢБИ АЛЫСТАГЫ АЗГЫРГАН… Деңиз окшоп алыстагы азгырган, Толкун окшоп оюнкараак, наз кылган, Кандай жансың ээликтирген, эңсетип, Сүйүүң менен кышты дагы жаз кылган. Кандай жансың кышты дагы жаз кылган, Шарап сымал акылымды мас кылган. Түйшүк салып түнү боюу уктатпай, Түйшөлдүрүп түмөн ырды жаздырган. Алдай албайм тилим начар, келегей, Жандай албайм, акым да жок кенедей. Ансыз деле азап тарттым жашоодо, Жолун таппай, жээкке урунган кемедей. Деңиздейсиң албуут, терең, жан алып, Мен деңизчи ашык болгон карарып. Толкунуңда чабалактайм балыктай, Бирде өлүп, бирде кайра […]

Тарбия жөнүндө притча: Жакшы мектеп издөө

Ата-эне баласын окууга бермек болуп, жакшы мектеп издеп башташат. Акыры бул озуйпа үйдүн эң аксакалдуу карыясынын мойнуна илинет. Чоң ата бир мектепти көрүп, ошол мектептин короосуна кирет да, танапис маалын күтөт. Мектептен чыккан окуучулар менен сүйлөшкүсү келет. Балдар танаписке чыкканда эски чапанчан кары кишини көрүп, аны тегеректеп ойноп калышат. Ал тургай мурундарын чүйрүп: – Могу чалды карасаң, күлкүлүү экен, – деп кээси бирине бири жарыяласа, кээси: – Бу чал эмне издеп келди? – деп өздөрүнчө шыбыраша баштайт. Башка бейбаш балдар […]

Таш жазуудан бир үзүм

Оболу Бул сөз кайда, качан, кантип айтылганы али табышмак. Кокусунан колубузга тийди. Али ачыла элек купуя сыр. Алтай, Хакас, Монголдордогу таш жазуулардын көчүрмөсү же кыргызчаланып которулушу шекилдүү. Ким жазганы да белгисиз. Окуп көрүп балким «Манас» эпосуна чейинки кыргыздын «Ыйык китеби» ушул болгой деп ой кубаладык. Неси болсо да кыргыздын тагдырына, тарыхына, рухуна жана келечегине күйгөн кыргыз бар экенин байкадык. Ким жазганын ким билсин? Бир билгеним кыргыз ууздай уютуп айткан, кыттай кыйытып айткан, уга билгенге муютуп айткан эмеспи. Бир билгеним бул […]