Касым КАИМОВ: Каракаш

(Аңгеме-тамсил) Каракаш — кадимки эле чымчык. Турпаты: бозтаркылдактан субагай, короолудан калбаат, таранчыдан сымбаттуу. Сырткы түрүн кошуп келгенде башкалардан көрө торгойго бир аз окшош. Анын өзүнө бүткөн өзгөчөлүгү: чекесинде кокусунан сызылгандай капкара кашы бар. Кеп сырткы түрүндө эмес. Каракашта укмуштай сапат бар. Ал Булбул эмес — акын, Торгой эмес — чечен, Тоту эмес — кооз. Өзүнүн артыкчылыгын башкалардыкынан мурда сезүү, бирок самагандай урмат менен сыйга жетпөө Каракашты кайгыртты. «Канаттуулар эмне үчүн менин баалуулугумду билишпейт?» — деген суроо кээде шек туудуруп, ушул […]

Булбул

Кыргыз жомогу Байыркы заманда бир чал булбул менен дос болуптур. Чал мергенчи да, комузчу да экен. Ал ар күнү мылтыгын ийнине асып алып, токойдон кийик  атып келип  оокатын  өткөрөт.  Токойдо  сайраган  түрдүү  канаттуу куштардын  үнүн  угуп,  үйүнө  келгенде  аларды  тууратып  комуз  чертип, түрдүү-түрдүү күү чыгарат.