Венера БӨЛӨКБАЕВА: Оюнчук

ЭССЕ Бала кезимдеги бир оюнчугумду узак жылдардан бери издеп жүргөм. Ал оюнчугум ошондо эле жоголуп кеткен. Үлүлдүн (чүлүлүйдүн) формасына окшош – тегерек, ортосунда карандаштай сабы бар, аны басып койсом тегерек оюнчугум тегеренип көпкө турчу. Сары, кызыл, көк сызыктары бар эле. Башка оюнчуктарымдай куурчак, топторду көп жолу балдардын колунан көргөндүктөн го… издегеним, сагынганым жок. Ал эми, тигил “тегеренген” оюнчугумду оюнчук ойнобой калган мезгилден баштап издей берчүмүн. Оюнчук саткан жерлерге кирсем көзүм издечү, балалыгымды эстесем оюм менен издечүмүн. Ал оюнчугум табылчу эмес. […]