Айнура Кадырманбетова: «Добулбас үнү өчкөндө…»

(Ч. Айтматовдун согуш темасына карата этико-эстетикалык концепциясы) Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгындагы басымдуу орун ээлеген тематикалык багыттардын бири – бул согуш темасы. Бул тема жазуучунун «Газетчик Дзюйо», «Ашым» аттуу алгачкы үйрөнчүк аңгемелеринен тартып, эң соңку «Тоолор кулаганда» романына чейин улам тереңдетилип, улам татаалданып, ырааттуу эволюциялык идеялык-көркөмдүк өсүштө өнүктүрүлүп жүрүп отургандыгын көрүүгө болот. Эгерде, согуш темасынын улуттук адабиятыбыздагы көркөм иштелишинин бийиктигин аныктоо зарылдыгы келип чыккан болсо, сөзсүз ал бийиктикти аныктоочу белги катары Ч.Айтматовдун чыгармалары аталары белгилүү иш. Дүйнөлүк адабиятта, искусстводо согуш темасына байланыштуу бир […]

Тилемчилик: Падыша менен акылман жөнүндө притча

Бир курдай улуу падыша акылманга кезигип калат. Сүйлөшө келгенде, акылмандын кеменгерлигине, такыбалыгына таң берет. – Ыраакым этсеңиз, сизге белек ыроолоюн, – деген падышанын тартуусуна акылман көнбөйт: – Менин азыгым – дарактын мөмөсү; ичээрим – тоонун мөңкүп аккан суусу; дарактын кабыгы – салынып жатар төшөнчүм; а тоодогу үңкүрлөр – шамал, жамгырда калтырбас калканычым. Сенден болобу, башкадан болобу – мага белектин не кереги бар? Падыша жалбарат: — Көңүлүмдү курсант кылып алып коюң белекти. Жүрү, чогуу барып төрүмдө бол, кансарайымды көрүп, сага ыроологон […]

Конфуций: Өзүн-өзү өнүктүрүү III

* * * Гун Сунь Чоу сурады: “Кожоюндун кандай мыкты сапаттары бар экенин суроого уруксат этиңиз?” Мэн Цзы жооп берди: “Мен ар бир сөздү талдап чыгуу менен түшүнөм, өзүмдөгү улуу рухту тарбиялоо боюнча чебермин”. * * * Мэн-цзы айткан: “Байыркы заманда улуу адамдын катасы күн менен айдын тутулуусундай эле, андыктан аны бүт эл байкачу. Ал өз катасын оңдогонун да баары көрчү. Өзүн улуу сезген азыркынын инсандары  өз катасына көңүл буруп да койбойт, ал турсун анысына алдын ала актануу да ойлоп […]

Конфуций: Жакшылык менен жамандык

* * * Эч түзөлбөй турган жападан жалгыз кемчилик – бул мурда кетирилген кемчилик. * * * Устатым агын сууну тиктеп айтты эди: «Күн менен түндүн баары так ушул аккан суу сыңары өтө берет». * * * Жакшы темирден мык жасалбагандай эле, жакшылар да солдаттык кызматтан алыс. * * * Уялбастан берилген убада ишенимсиз болот. * * * Өзүнө катуу, бирок өзгөлөргө ырайымдуулардын колунан жамандык келбейт. * * * Кайратман адам кыйынчылыкта өзүн-өзү чыйрайт, кайратсыз бечара ыйлайт. * * * […]

Өмер Сейфеддин: «Үч насаат»

АҢГЕМЕ Дурмуштун бул дүйнөдө апасынан башка эч кими жок. Колу да жука. Бирок жаш, ал күчкө толуп турган маалы. Эки өгүзүнүн бирөөсү өлгөндөн бери жер иштетип жан багуу мүмкүн болбой калды. Акча таап, чарбасын кайрадан иштетүү үчүн гурбетке[1] барууну туура көрдү. Гурбет дегени Стамбул. Айылда кимдин иши жүрүшпөй, ити чөп жебей калса Стамбулдун каалгасын какмай. Кийим-кечесин ийнине арта салып, колуна таяк таянып, гурбетчилердин катарын толуктап жолго чыкты. Бел ашты, суу кечти, акыры өлгөн-талганда Стамбулга жетти. Эки күн жердештеринин чайканасында кыларга […]

Көп дос күткүсү келген адам бир да доско татыксыз

Фридрих ГЕББЕЛЬ (1813-1863), немис драматургу     Кудай-таала бала сыяктуу: кааласа колундагысын берип коюп, кайта тартып алат. * * * Диндин эң жакшы жери – акыры барып динге каршы көзкараштагыларды жаратат. * * * Адабиятта арким өз алдынча ачылыш жасап же бирдеңке жараткысы келет. Ыр жазуу кимисинин колунан келбесе, ошол жазмакер акындардын бүйрүн көбүрөк козгойт. * * * Айрым лирик акындардын жүрөгүндө булбул эмес, күкүк уялайт. * * * Өлкө башкаргандар менен Кудай-таала биздин сокур ишенимде жашообузду каалайт. * * […]

Саясат менен соодада эч качан ишеничтен чыкпа

Антуан де РИВАРОЛЬ (1757-1801), француз жазуучусу Адамдар башында бири-бирине канчалык сылык-сыпаа жакындашса, кийин ошончолук жек көрүшкөнгө чейин жетет. * * * Даанышман өз акылына, кудай деген кулпенде көрүнгөндүн былжыраган кебине ишенет. * * * Өкмөт эл ишенимин актаган учурлар тарыхта чанда болгон.

Томас ФУЛЛЕР: «Жалкоонун тили эч чарчабайт»

(1654-1734), англис адабиятчысы  Ашкана жыты жагымсыз болгону менен даамы кандай сонун. * * * Акчаны акча тууйт. * * * Үйлөнгөнгө чейин көздү чоңурак ач, кийин өзүнөн өзү үлүрөйөт.