«Керайгыр суу кечүүсү» тууралуу уламыш

Сары-Камыш айылында Тержайлак деген ажайып жайлоо бар. Ошол жайлоону жарып өткөн Көк-Чолок жана Керайгырдын суусу деген суулар бар. Алардын ар биринин өзүнчө тарыхы бар. Бул ирет Керайгыр суусу тууралуу айтылып келаткан  бир  керемет баянды кеп кылайын. Бул жерде кайсы замандан бери эл жашап келатканын албетте, так айта албайм. Ошентсе да, кайсы бир заманда ушул айылда бир чоң той болгон экен. Тойго түштүк тарабынан Тогуз-Тородон, чыгыш тарабы Жумгалдан, түндүк чыгыш – Суусамырдан бери эл чакырылып, күлүктөр узактан чабылган экен. Айтымда Жумгалдын […]

Түгөлбай КАЗАКОВ: Жалгыз кайык

АҢГЕМЕ «Күйгөн эмне экенин күйүп бүткөн күлдөн сура». Таңга маал түш көрдү: «Кайдагы бир бийик жар. Төмөн жагы капкара болуп тумандап жатат. Кырында үйбүлөсү. Алыстан көрөт. Өзү ылдыйда, тигилер бийикте. Негедир алдындагы туңгуюкка секиргени жатышат». «Секирбегиле! Артка кайткыла! « – деп кыйкырайын дейт, үну чыкпайт. Чуркайын десе, буттары жылбайт. Анан эле аялы, артынан балдары чогуу аңга бой таштады. Эң артында көкүрөк күчүгү – жаны бир кызы эки колун атасына сунган бойдон кулады. Эч кимиси кайра чыккан жок. Тамагы буулуп, көкүрөгү […]

Эки улак

Тажик жомогу Дарыянын эки жээгинде эки улак оттоп жүрүптүр. – Эй, тууганым, кел ойнойбуз! Мен сен жакка өтөйүн, – дейт бири арыктагы устунду карай басып. – Жок, мен сен жакка өтөйүн, – дейт тигиниси устунга кадамын таштап. Экөө бирдей устун аркылуу тигил өйүздөн бул өйүзгө өтмөк болушат. А устун ничке экен. Эки улак устундун ортосунда бетме-бет туруп калышат. Биринен бири айланып өтө алышпайт. – Артка жылчы кычашпай, мен өтөйүн! – дейт биринчиси. – Өзүң кычашпачы, жыл артка! – экинчиси чунаңдайт. […]

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: «Долу»

Аңгеме  Дайранын боюндагы кыштакта  жайгашкан элдин турмушу ушу көбүрүп-ташып аккан сууга байланышкан. Ата-бабалары да илгери ушул суу жээгин пааналап отурукташып, шалы эгип тиричилик өткөрүшкөн экен. Шалы суу боюнан башка жакка өспөй турган өсүмдүк эмеспи. Жай ортологон кезде дарыя ашып-ташып, суу боюндагы шалыларды айосуз жутуп, жалмап, ээ жаа бербей, аны эч кандай күч башкара албай калчу. Дарыяга жакын кыштактагы кээ бир адамдардын пейили, мүнөзү да ушул сууга окшоп кетер эле. Суу ашып-ташкан маалда  алтымышка таяп калган Азимкан абышканын байбичеси да «толкуй» […]