Дилазык: Көздөн айрылганда

Бир жолу бир киши бир учурда эки катын алат. Анан бирөөсүнүн жанына басып барса эле, экинчиси каарданып, чалкасынан кетет. Эмне кыларын билбей калат. Анан эки аялынын ортосуна жатып, шыпты карайт. Анан эле нөшөр төгүп кирет. Үйүнүн чатыры тешилген экен (буддизмде бул акылы кем адамдарга багышталган салыштыруу). Суу ылай аралаш төмөн таамп, кемакылдын так көзүнө тамчылай баштайт. Ал эки катынына бирдей карайм деген ойго келип алып, ордунан турбай, кыймылдап да койбой жата берет. Ошентип анын көзү көрбөй калган экен. Кемакылдардын кылары […]

Чала молдолорду чычалатаар фактылар

Парзы – Ата-энеден мурда Алланы ыраазы кылуу. Милдети – арабдардын каада-салтын кыргызга жайылтуу. Өнөрү – узун этек, узун сакал өстүрүү. Көздөгөнү – көп катын алуу. Идеалы – Өзбек ажы, Турсунбай Бакир уулу, Чубак ажы, Абдышүкүр ажы. Тилегени – Кыргызстанды ислам өлкөсүнө айландыруу. Аракети – караңгылыкты жайылтуу. Корккону – илим-билим. Башына келбеген суроо – Мухаммед пайгамбар башка диндеги ишенимдерге шек келтиргенби? Адаты – араб идеологиясын тотугуштай кайталоо. Үмүтү – бейиш. Мокочосу – тозок. Ээрчиткен көлөкөсү – шайтан. Чочуганы – теңирчилик. Сыймыгы […]

Молдолордун Жаңы жыл майрамына каршы чыкканынын бир себеби

ЖОМОК Ак сакалы жайкалган Аяз ата те илгери чыгыптыр, ал эми кара сакал Молдоке кийин пайда болот. Пайда болору менен Аяз атага айдарын тиге баштайт. Ал окуя мындай: Молдоке машварачылары менен дааватка чыгып жер кыдырып, эл аралап, дин баян куруп жүрсө, алдынан чыккан эле бөбөк колуна момпосуй кармап жүрөт. Башка белектери да бар. Белекке жетпей калган бөбөктөрдүн кээси дааватчылардын алдынан тосо чуркап «Аяз ата, Аяз ата! Аяз кызыңыз кана» дешип момпосуй сурашат, белек-бечкек сурашат. А дааватчылардын балдарга берер белектери жок […]

Жылкычы ЖАПИЕВ: Апокалипсис (кыямат кайым)

АҢГЕМЕ Бул жарык дүйнөнүн ада болору кыштын кыраан чилдесине туш келди. Түн качан түшөрүн такташты, Күн жалп этип бир заматта өчүп каларын айтышты. Динчилер “Тоорат”, “Забур”. “Инжил”, “Куран” китептерин көтөрүп чыгышты, жарык дүйнөнүн түгөнөрүн дин китептеринде жазылгандарга таянып, бир ооздон ырасташты, бирок кыямат кайымдын келер мезгили Кудайдын өзүнөн бөлөк эч ким билбейт дешти. Окумуштуулар эки жаатка бөлүндү: бири Күндүн энергиясы бир нече миллиондогон жылдарга жете тургандыгын, Күн эч качан жалп этип өчпөрүн айтып, эсебин көрсөтүштү; экинчи топ Күн жалп этип […]

Аялдар ойсокелигин карматарда уялымыш этет

Дени ДИДРО (1713-1784), француз философу жана жазуучу   Аялдар бири-бирин көралышпайт, бирок бири-бирине болушканга келгенде баары уй боор келишет. * * * Канчалаган адамдарды бактылуу кылган адамдан өткөн бактылуу жан жок.