Дүйшөн КЕРИМОВ: Түндүк-түштүк маселеси Акаев заманында чыкты

— Дүйшөн агай, өткөндө эле Дача-СУ айылындагы каргашалуу окуяда курман болгондорго терс билдирүү жазган жаштардын кылык-жоруктары коомчулукта катуу талкуу болуп, анын айынан түндүк-түштүк маселеси көтөрүлүп кетти. Түндүк-түштүк болуп бөлүнүү боюнча кандай ойду айтат элеңиз? — Учурда социалдык тармактардагы эки-үч «Чычкак кыздын» дөөдүрөп, акылга сыйбаган сөздөрдү жазып койгону ушуга чейин талкуу болуп жатпайбы. Эми аны көрө койгон депутат же жөн эле катардагы жаран «Атың чыкпаса жер өрттө» дегендей өзүнчө эле дуулдатып жатып калышты. Макул, ал кызды укук коргоо органдары жазалап, башкаларга […]

«Кыргыз интеллигенциясы көңгө чыккан гүлгө окшош, жел жүрсө эле сасыйт»

Жазуучу Дүйшөн КЕРИМОВ менен маек — Дүйшөн аке, азыр ушу китепканага бара турган заманбы? Эл базардан  башы чыкпай, айласын таппай жүрсө, Сиз китеп окуп,  түйшүк тартып жүргөнүңүз кандай? —  Ээ, иним,  кызыктын баары ушул жакта да. Эгерде китепкөй болуп, анын миң кырдуу, миң сырдуу дүйнөсүнө арбалып алсаң, мобу базарың, саясатташкан турмуштагы көр тирлигиң, покко арзыбай калат. Куттун баары ушул китепканада.

Оңдолбогон жети кат

1-кат Кандай дос? Иштер ийгиликтүү өтүп атабы? Ден-соолуктар чыңбы? Үйдөгүлөрдүн баары жакшы жатышабы? Эми мени сурасаң, баягыда 10-август күнү 2-автобус менен кеткем. 26-август күнү кайра келдим. Мына бүгүн 31-август. Ишке орноштум, бут үзүлгөнчө жүгүрүп жүрүп. Иш «Ленин жолу» газетасында. Должность зам. нач. областного литературного отдела. Эми бир аз лирикалык чегинүү жасабаса болбойт. Баягыда мага капа болгон жоксуңбу? Бара деле берет элем үйүңөргө, бирок ошол күнү эмнегедир настроение жок эле. Сен ага капа болбо. Менин анча-мынча кыялымды түшүнөсүң го.

Дүйшөн КЕРИМОВ: «Казак боорума кат»

Мына, Чүй дарыясын бойлой тикенек зымдан куралган «сепил» пайда болгонун баарыбыз көрүп келебиз. Кезегинде мындай заардуу тосмо,  балалыгым өткөн Ак-Сай өрөөнүндө СССР-Кытай чегарасын ажыратып турар эле. Азыр эми эсил кайран союз кулагандан бери чейрек кылым өттү, анын бири жок, тосмонун изи жок. Деги ар кандай тосмо, коргон менен абаны, сууну, кушту, ошол куштай кайкып учкан адам көңүлүн, кыялын, сүйүүсүн… токтотууга болобу, боорум!

Дүйшөн КЕРИМОВ: «Редакциянын эски короосу»

ЭССЕ «Время бежит как зверь». Сергей Мнацаканян Кеп ошол эски короодо… Биринчи жолу дарбазасын аттаган адамга өтө жупуну көрүнгөнү менен, ич жагы кызыкка толо эле, жарыктык. Окууну бүтүп келерим менен мени күтүп аткансып алдуу-күчтүү курагында атам дүйнөдөн өтүп кетти. Беш жылча айыл мектебинде аргасыз жүрүп калдым. Аргасыз дегеним, анда тилчи мугалимдер мектепке батпай, бошой калган орундарга сабак бергеним болбосо, намыска тиер,  бирок китеп-гезит окуганга шарты мыкты «кызыл үйчү» кызматында буулугуп жүргөн кез болчу. Ал күн кантип унутулсун… Кышкы каникулда Нарынга […]

Дүйшөн КЕРИМОВ: «Киндик кан тамган конуш»

ЭССЕ Биздин айылдын түндүк тарабындагы адырлуу тоолордон эки салаа кош колот түшөт. Аларды Кичи-Булак, Чоң-Булак деп коебуз. Бир кездерде жайкысын бул өндүрлөрдө өйүз-бүйүз айыл конуп, бээ байлаша турган. Арадан чейрек кылымдай мезгил өттү. Бирок азыр баягынын бири жок, таптакыр башка көрүнүш. Замандын учкулдугуна так каласың…

Дүйшөн КЕРИМОВ: «Адам өмүрү — aккан суу»

ЭССЕ  “…Кайрандарым а силер жатасыңар, Терек күүсүн укпастан шуудураган…” Салижан ЖИГИТОВ Орустун эң сонун жазуучусу Василий Шукшиндин чыгармаларын окуп олтуруп, элетте туулуп-өскөн адам сөз жок өз айылын, андагы бири-бирине окшошпогон, бирок бири-бирисиз жашай албай тургандай ынак, азилкеч кишилердин элесин көз алдыга келтирип, жаны жыргап эстебей койбойт. Раматылык чоң атам Керим да чоң тебетей, кат-сабаты жок, кыскасы, көчмөн кыргыз турмушунун акыркы тирүү «экземплярынын» бири эле. Жада калса, кийген кийими да жалаң үйдө, энелеримдин колунан даярдалчу.

Дүйшөн КЕРИМОВ: «Үч сом»

АҢГЕМЕ Атайбек баш калаадан келатат. Мезгил кеч күз эле. Таң эрте болсо да айлана кечки ымыртка окшоп, калың тумандын кучагында төнүп жатат. Аба ным, көңүлсүз. Жана автовокзалга келгенде бир аз жеңилдей түшкөндөй болду эле, сарсанаа аралаш кусалык кайра эле жолдогата коштоп келатат… Колуктусу бир айдан бери ооруканада. Төрөттөн кийин сыркоолоп жүрүп, дартка чалдыгып алган экен. Врачтар ушундай дешти. Калыйдын ой-боюна койбой, ушуякка алып келгени жакшы эле болуптур. Жакында операция жасалат, буюрса, бардыгы ордуна келет. Врачтар ушундай дешти…

Дүйшөн КЕРИМОВ: «Сүйүүгө Соң-Көл – эстелик»

ЭССЕ Жай саратанында айтылуу Соң-Көлдө болгонсузбу? Анда эмесе, элестетип көрөлүчү. Күн мына-мына тоо артына жашынайын деп турат. Андан кыйгай түшкөн кызгылтым нур көл үстүнө көпүрө салган. А көпүрө кылтылдап бир башкача ажайып көрүнөт. Кудум электен өткөрүп, жээкке кол менен төшөп койгонсуган жыбыраган аппак таштарга майда толкундар тынымсыз тийип качат. Сырдуу шыбыш угулат: Жагымдуу желаргы леп-леп соккон сайын көңүлүң сергийт. Ошол маалда кайдандыр кусалык сезим өзөктү өрдөйт. Тээ бүлбүл көрүнгөн көлдүн өйүзүндө бир жакын адамың жүргөнсүп, умсунасың. Үмүткөр сезим ненидир самайт, […]

Дүйшөн КЕРИМОВ: «Жаз айынын жамгыры – залкардын көз жашы»

ЭССЕ “Өзүңө ой-санаасы, руханий дүйнөсү, табигый мүнөзү шай келишкен адамды жолуктуруудан өткөн бакыт жок”. Чынгыз АЙТМАТОВ “Дал өзүңдөй кайдан билсин кайгымды эл, Ашык көңүл түбөлүк жаш, айдың көл. Сүйүү менен сүргөн күндөр гана өмүр, А калганы жай күндөр”. Муктар ШАХАНОВ “Айланайын Чыңгыз, адабиятта кандай улуу болсо, махабатын жерге берерде да ошондой улуу, чыныгы жигиттигин көрсөттү” деп төбөм көккө жетип турду”. Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ

Дүйшөн КЕРИМОВ: «Ажайып эскерүүлөр толтура»

 — Дүйшөн Касиевич, 60 жылдык мааракеңиз кут болсун! Бул кутман куракты кандай тоскону турасыз? Дегинкиси, 60ка чыккан кандай болот экен? — Куттугуңа ырахмат! 60 жашты кандай тосмок элем… Мен туулган күн дегенди дегеле этибарга албаган кишимин. Илгери ОшПИде окуп, пахта терип жүргөндө 20 жашымды Пайсилла Ирисов деген агайым уюштуруп, пахтазарда тойчук өткөргөнбүз. Анан 50гө чыкканда белгилейин десем, өзүмдөн башка эч ким мен кембагал тууралу ойлоп да койчу түрү жок. Анан бир санаалаш киши менен, «Эй дүйнө, мен да элүүгө чыктым […]

Дүйшөн КЕРИМОВ: «Көрүстөнгө алпарчу жол»

АҢГЕМЕ Эсиңдеби, ошол кышта биздин босогону аттадың. Кыш суук эле. Үйүбүз да… Ошондо сени менен кошо азалуу үйүбүзгө жылуулук кирди. Үйүбүз шаңдана түштү. Атам өлүп, аскар тоом аңтарылып, Айлам кетип, жакшылыктан каңтарылып. Турган кезде үстүмдө кара булут, Кол сунгамын өзүңө караан тутуп…

Дүйшөн КЕРИМОВ: «Ажайып Күндүн алдында»

ЭССЕ Башы мында 1-БӨЛҮМ «Тоо-талаадай, сан миң элдүү калаадай, Бул дүйнөнүн ичиндеги дүйнөмсүң». Омор СУЛТАНОВ 2-БӨЛҮМ * * * Жамгырлуу жаз, жай, күз же кары бурганактаган ызгаарлуу кыш түнүндө, балдар айтмакчы, ошол Турдубек жинди: «Касый байке!» — деп эшик какса, байкем илгиртпей туруп, оозгу үйгө кийирип, курсагын тойгузуп, алдына көрпө төшөк сала, ичигин жапчу. Кайдан-жайдан келгенин ит билиппи, айылыбызда ар кимдин тамын салып жүргөн, арак ичип алганда темтеңдеп же бир жерге жыгылып калбай, өз алдынча сүйлөгөн кейбирге айланган Сейдаба шыбакчы да […]

Дүйшөн КЕРИМОВ: «Ажайып Күндүн алдында» (1-бөлүк)

ЭССЕ  «Тоо-талаадай, сан миң элдүү калаадай, Бул дүйнөнүн ичиндеги дүйнөмсүң». Омор СУЛТАНОВ 1-БӨЛҮК Теги француз, кийин жапан адабиятында жаркыган ушул «Эссе»  жанры жагат мага. Түбү бирге элбиз, кыргызча «Эсте, эскер, эсиңе сал» дегендей маанидеги сөз го сыягы. Төлөмүшов Мырзаян байке орус жазуучусу Валентин Распутиндин «Живи и помни» деген белгилүү повестин, «Эсен болуп, эстей жүр» деп, сонун которгон да. Мен да атакемди эстеп жүрөм. Кыргыз илгери чоң атасын «ата» дечүдөй, мен да кайран Керим чалды «ата» деп, өз атам Касыйды «байке» […]