Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Жатакана

Өзүм КАСИнин жатаканасында жашайм. Бирок дербиштей болуп баардык жатаканаларды кыдырып кетмейим бар. БГУнун жатаканасынан досторду таптым. Рахат эжей жетектеген «Шоокум» деген адабий ийрим бар эле. Жалындуу жаштар чогулуп, жүрөк түпкүрүнөн чыккан ырларды окушат. Рахат деген сары кыз Нургазы деген жигитке баргектей сактап арнаган ырларын үнү дирилдеп бир укмуш окуду. Менин көз алдымда ушунчалык сулуу, күчтүү кыздардын баары ашык болгон зыңкыйган жигиттин элеси келди. Ошол мырзаны көрүүгө мен да ынтызар болуп жүрдүм. Бир күнү эле кандагайдай шым кийген, жердин бетин оорутуп […]

Ли Бай: Атак-даңктын, байлыктын не кереги, токтотсом дейм убакытты мен эми…

Абалап иттер, суу жылжыйт, Шабдаалылар жамгырга сугарылган. Токойдон сейрек көрөсүң марал, бугуну, Коңгуроо үнү бийиктен эми угулбайт. Көгүлтүр туман артынан бамбук бой керет, Шаркыратма чокуларга илинген… Ким айтат мага жан досум кайда кеткенин? Карагай алды турамын жалгыз дирилдей… Атактуу кытай акыны, мөлтүр тунук ырлары кылымдарды аралап биздин күндөргө келип жеткен Ли Бай сегизинчи кылымдын алгачкы жылында, башкача айтканда, 701-жылы туулган. “Бир жолу акындын апасы түшүндө Тайбо жылдызы көкүрөгүнө кулаганын көрөт, ошентип ал кош бойлуу болуп, Ли Бай ысымдуу уулдуу болот. […]

Олжобай ШАКИР: Журналистикага жолумду ачкан окуя (1-баян)

ЭССЕ Булактын көзү бар. Жылжып аккан салаа-салаа ар булактын суусу дайрага кантип барып кошулуп каларын билбейт. Мен ошондой болгомун. Турмуштун агымына батпай, ташкындап турган учурум. Кайсы дайрага барып кошуларымды анда кайдан билиптирмин… Багытым жок, бирок дымагым шумдук эле. Айтору, бирдин ичинен чыгар көздөнүп жүрчүмүн… Театр өнөрүнүн улуу реформатору Константин Станиславскийдин илимий-теориялык да, практикалык да эмгектерине кызыгуум күч болучу… А бирок күргүштөгөн турмуш дайрасынын кайсы бирине барып аралашаарым али күмөн эле. Күнү-түнү укканым классикалык музыка. Окуган жерим – опера-балет театры. Ышкындай […]

Жигитов менен Абдуразаков тууралуу Нуралы Капаровдун эскерүүсү

«Кандай гана полемика, талаш-тартыш маселе болбосун Салижан Жигитовдун оппонентинен жеңилгенин көргөнүм жок. Билимдүү, чечен, чынчыл Салижан агадан көптөр жалтайлап качып турчу. «Кың» десе баса калмай кыраандыгы бар эле. Ошол мен билимдүү, чечен, чынчыл, кыраан деп жүргөн Салижан Жигитов агабыз дагы бир билимдүү, чынчыл, чечен, кыраан агабыз Ишенбай Абдуразаковдон эки-үч ирет аягына чейин «кармаша албай», жалтайлай түшкөнүнө күбө болгом. Жалтайлагыдай деле маселе эмес эле, кызыл-чеке түшүп аягына чейин талашса, балким, өзүнүн чындыгын далилдеп коет беле, бирок Салижан аке сөздү ырбатпай дароо […]

Веслав БРУДЗИНЬСКИЙ: Коркок коён күлкүлүү, баатырсынганы андан бетер

Пьер ДАНИНОС (1913), француз жазуучусу  Жашоодо бири ашкере узун, бири ашкере чолок сүйлөйт. Ток этер сөз драматургдарга гана дайын. * * * Түшүнбөйм, адамдар театрга жөтөлүш үчүн барабы же кээси театрга барганы үчүн жөтөлөбү? * * * Ишиң жүрүшүп, итиң чөп жеп калганын өзүң байкабашың мүмкүн, муну салыкчылар биринчи байкайт.   Веслав БРУДЗИНЬСКИЙ (1920-?), поляк сатириги Эң кооптуусу – өз көлөкөң. Себеби ал эч качан кайда кыйшаярын билбейт. * * * Туугандары жакыр үйбүлөнүн башынан азап кетпейт. * * * […]

Кеңеш ЖУСУПОВ: Сербейген кыргыз Сократы

Мен да Салижан Жигитов менен замандаш, калемдеш, курбу болгонума сыймыктанам. Аны менен ынак болгонубузга, адабиятка бирге келгенибизге жарым кылымдай мезгил өтүптүр. Ошондон бери аны «Саке» деп ызат кылып келдик. Ушу кыска сөз ичинде биздин ага урматыбыз, аны туу туткан сыйыбыз бар эле. Деле «Саке» деген сөз элибизде ыйык окшойт. Анткени кыргыздар дагы бир улуу кишисин Саке дешээр эле. Антип алп манасчы, залкар талант Саякбай Каралаевди айтышчу. Акыл чайкасак, «Саке» деген сөздүн кудурет-кусуру, даражасы экөөнө тең куп жарашып турат. Салижан кимге […]

Пляжда жаткандар

Аңгеме Боро деген эргул бар, он күндөн бери көзү ачылбай ичти. Ичсин, бирок катыны айткандай, балээ ичсин. Бир жума айылдын ичин чаңызгытып, кыйсыпырыбызды чыгарды да. Ичселе машинесине жабышат. Алдынан катын-калач, бала-бакыра чыксабы, тебелеп кетейин дейт. Көчөнүн башынан машиненин аңылдаганын уккандар «жинди» келатат дегенделе, бүттү. Демейде машиненин «пипилдеген» доошунан үркпөгөн көчөдөгү эшек, кой, уйларың алыстан эле жолдун тиягына, биягына чыгып калдаңдап келаткан машинеден өзүнөн өзү үркүп калганычы. Жок дегенде ошолордун бирөө-жарымын тебелеп кетсе кана, мына анан, «баландайдын малын тебелеп кеттиң, келе, […]