Болгар жомогу: Таранчы менен түлкү

Илгери таранчы менен түлкү жакшы достордон болуптур. Түлкү кайда чуркаса таранчы да ошол жакка уччу экен. — Таранчы дос,- деп кайрылыптыр түлкү бир күнү. — Кел экөөбүз буудайды чогуу айдайбыз. — Мейли, айдаса айдайлы,- макул болду таранчы. Ошентип экөөнүн аракети менен буудай айдалып, өсүп, бышып-жетилип, орула турган кези келди. Ошондо түлкүнүн жалкоосу кармап, куулугуна салып таранчыны алдамай болду. — Таранчы дос, сен эгинди оро бер, мен тиги тоого чыгып асманды көтөрүп турайын, болбосо ал түшүп кетип, бүт эгинибизди басып калат. […]

Кубанычбек АРКАБАЕВ: Паспурт

АҢГЕМЕ Аппак аткан таң терезелерди каптаган бубак-муздан араң сызыла өтүп, бөлмө ичин жарыктандырды. Жумшак диванда эки баласы менен калың жууркан жамынып аял уктоодо. Жууркан ортосу кичине дөмпөйө түшүп жерде жайылып жатат. Бир калыпта чыкылдаган саат жебеси туптуура жетини көрсөтө бергенде анын ойготкучу  жан алы калбай чырылдады эле, баягы жууркан ортосундагы дөмпөк жоголо түшүп, этегинен эки бут, баш жагынан эки кол сорок эте чыгып, бир колу саатты кайсалай издеп таап, аны тып өчүрүп жууркан алдына сойлоп кирип, баягы дөмпөк кайра пайда […]

Данияр ИСАНОВ: Сары чемодан

ЭССЕ  Обончу, маркум Калмурат Рыскуловго   Жетпеди деп көксөгөн талабына, Жан досум, кейибегин абалыма. (Турар КОЖОМБЕРДИЕВ)   Анда мен “өлүм”, “жашоо”, “турмуш” деген нерсенин өзүн айра тааный албаган аңкоо бала элем. Энемдин кашында эркелеп, өмүрдүн маңызы эмне экенинен кабары жок кезимде, жетилген курак кучагын жая тосуп алды. Алигүнчө көз алдымда. Ошол жылы алгач ирет жансыз адамдын сөөгүн көрүп, денем үрккөнү эч эстен кетпейт. Сексенден өтүп чоң атам акка моюн суна, а дүйнө жайга сапар алды. Элеттен тыш, калаада көп кабаттуу үйдөн […]

Жомок: Түлкү менен аары

Бир күнү Түлкү менен Аары экөө жолугушуп калат. Түлкү: – Аары, кел экөөбүз достошолу, – дейт – Достошконго убакытым жок, гүлдөр соолуп калса бал чогулта албай калам, – деп Аары каршы болот. – Бардык жомоктордо мени куу, мытаам, анткор дегендеринен улам качып атсаң керек. Ырас, мурда ошондой болчум, эми анын бардыгын таштадым, сендей иштемчил, чынчыл болоюн деп чечтим. – А эмне үчүн анттиң? – деди Аары бир паска токтой калып, ормоё карап. – Калп айтпай, кууланбай оокат кылсаң барктуу болот […]

Бир сүрөттүн тарыхы

(Сүрөтчү Жоомарт Кыдыралиевдин бейнесине сүртүмдөр) «Чекишип – бекишүү» Мен Жоомарттын чоң атасы Мааламбердини да, өз атасы Асаналыны да көрүп калдым. Бул өткөн 80-жылдардын экинчи жарымы эле. Мааламберди карыя тээ отузунчу, контурдун каардуу жылдарында «тройка» тарабынан атууга өкүм кылынып, анан кош солдаттын айдоосунда баратып, ажалдын ач оозунан амал менен качып кутулуптур. Ал мындайча болуптур. Ээндетип барып атмакчы болушкан сары ооз балапан солдаттарга кайрылып, муңайым айтыптыр: — Эми балдар силерде не жазык, ишиңерди так аткаргыла. Мен да өлүм алдында бир ишимди аткарып […]

Илбирс жана ноопаз

Бурят жомогу Качандар бир замандарда, кайсыдыр бир жерлерде чаар тери илбирс жашаптыр. Бир жолу ал ууга жөнөптүр да, токой четинен бир уйду көрүп аңдып калат. Мына даяр оокат, азыр ага бир ыргыйт да, ичин жарат, анан ушунча көп этке маарыйт. Ушинтип камынып турса эле бадал арасынан бир торпок тана чыга келди. Анан ал ноопаз уйга жакындап жалооруп мөөрөй баштады. Илбирстин ноопазга боору ооруду, ага минтип кайрылды: — Менин сага ырайымым келип атат, жүр мени менен чогуу кет. Буерде жалгыз калсаң […]

Ишенбек ЖУНУШЕВ: Оомалуу-төкмөлүү дүйнө

АҢГЕМЕ Анча бийик эмес дөңчөдө Калык колуна кош ооз мылтыгын кармап, улам башын чулгуй туш-тарабын чычкан аңдыган мышыктай сак олтурат. Айланасына көз нурун жиберип, кимдир бирөөнү күткөндөй элеңдей каранат. Жанында жарымы ичилип бүткөн арактын бөтөлкөсү турат. Эс дарты издеген караан. «Аттиң, ким болсо да чыга калса, жаның жаннатта деп» сулата атаар элем. Жеңемди биринчи сулатсам сооп тапмакмын. Анын жан алгычтай уу сөздөрү тирүүлөй куйкалайт. Муну ойлогондо ит аткандай аткым келет. Агам Салык менин кейпимди кийип, шору катпайбы. Анын үстүнө артында […]

Азимбек БЕКНАЗАРОВ: Атамбаевдин президенттик доору

Башын береги шилтемелерден табасыз: (1-баян) Азимбек БЕКНАЗАРОВ: Атамбаевдин доору, (2-баян) Азимбек БЕКНАЗАРОВ: Өткөөл мезгилдин бийлиги, (3-баян) Азимбек БЕКНАЗАРОВ: 2010-жылдын апрель, май айындагы окуялар (4-баян) Азимбек БЕКНАЗАРОВ: 2010-жылдын апрель, май, июнь окуяларын иликтөө жана анын тыянактары III БӨЛҮК Жогоруда айтылгандай, 2010-жылдын декабрь айында 2-жолку аракетте мүмкүн Ө.Бабановдун ишмердүүлүгүнүн эмес, “чайкоочулук ишмердүүлүгүнүн” натыйжасында Жогорку Кеңеш башында КСДПнын лидери А.Атамбаев турган коалициялык Өкмөттү түзүүгө жетишти. Атамбаев максатына жетти. Ал эми өзүм спикер болом деген Текебаев максатына жетпей калды. Ал, анын партиясы “Ата-Мекен” Парламенттик оппозицияда калды. Ушул жерде Парламенттик оппозиция жөнүндө […]

Ит, мышык жана чычкан

Монгол жомогу Те илгери ит менен мышык, ал тугай мышык менен чычкан да чырдашпаган заман болуптур. Оболу кеп адамда экен: кожоюн бир күнү иттин ишенимдүүлүгүнө ыраазы болот да, анын короочулугуна ыраазычылык билдирип, мойнуна алтын каргы тагат. Муну көргөн мышыктын ичи тарыйт. – Ушу кантип адилет болсун, – дейт мышык чычкандарга даттанып, – ит алтындан каргы тагынат деген не шумдук! Эми ага кудай берди, кожоюнга шыйпаңдаганын койбойт. А бизге ташжалак да буюрбайт будан кийин! Андыктан силер иттин алтын каргысын уурдап келгиле! […]

Түлкү менен жылан

Авар жомогу Түлкү менен жылан дос болуп калышып, жер шарын кыдырмай болушат. Экөө далай токой аралап, далай тоо кесип, талаа-түздү аралап, акыры чоң жайык сууга келишет. – Кел эми, суудан сүзүп өтөлү, – дейт түлкү. – А мен чабак урганды билбейм да, – дейт жылан. – Кайгырба, досум. Мага оролуп ал, суудан өзүм өткөрөм.

Ээсиз бакча

Аңгеме  Келесоону келесоо дебегенде эмне дейин. Ушу Итибай анык келесоо да. Келесоолугунан терезе түбүндөгү дүпүйгөн өрүктү кыярын кыйып, качан дарак карс кулаганда жүрөгү зырылдады. Дүйнөсүнөн бирдеңке кемигендей боло түштү. Кемимек. Атасы Беки колуна быдыр токтобос жан эле. Анын багбандыгы бир айылдын элин тойгузганы менен өзүнүн жалаңтөштүгүнөн дүйнө уучтабай өттү. Өмүрү өткөнчө ачкөздүгү жок жашаган Беки авадай адам болобу. Айылда анын короосунда өскөн жемиштерди уурдап чоңойбогон бала жок. Алма-өрүгүнө ууруга келгенибизди көрүп да «балдар алдагынысы бышелек, бери кирип мынабул эзилип бышкандарын […]

Балдарга кечки аңгеме

АМАЛ   Чоң кабат үйдүн алдында чүкө ойноп аткан Эш менен Шерге жаңы эле келген боз уландар үстөмдүк көрсөтүп баштады. Алар адегенде өздөрүнөн кичинекей Шер менен Эштин чүкөлөрүн тартып алышты. – Бер менин чүкөмдү, – Шерди тигилердин бири көкүрөккө түртүп жиберди: – Бербейм, бар ары. – Чүкө силердики эмес, биздики… – деп Шерге кошулган Эшти боз уландардын экинчиси кекетип баштады: – Азыр экөөңөрдү тең төбөгө чаап, чүкөңөрдү тартып алсак эмне кылып аласыңар? – Тартып алалбайсыңар, – деди Шер да, Эш да.