Чыңгыз АЙТМАТОВ: Дүйнө бүтүн болушу мүмкүнбү же Ислам неликтен өзгөчө токонаалатка учурады?

Үстүбүздөгү  кылымдагы канды булоон каргаша,  кашайгыр, кайдан,  космос мейкиндерин технологиялык жана антропологиялык жактан  өздөштүрүүгө  көчкөн  береги  цивилизациянын кайсы көрүнөн чыкты,  чар тарабыбызда  эл аралык террорчулук деген  аталыштагы   ашынган  карамүртөздүк менен зордук-зомбулук эмне үчүн   чайлап-коолап  баратат?   Террорчулук  кадимки  казават  согуштардын  сөөктөн  өтүп, чучукту көзөгөн  азаптуу  сабактарынын  алгылыктуу  натыйжасында  жаралган  улуттардын бейпил  да,  прогрессивдүү  да  жанаша   күн кечирүүгө   умтулуусун астыртан, аста-секин  жексендөөчү   калк  ара  диверсиялык уруш  болуп  жүрбөсүн? Баякы кырды бычак сабаштардын  залакасы  жетишсизби?  Анда   неге террорчулук окуясы  эң оболу  жана  дүңүнөн […]

Эрнис досубуз ойчулдардын ордосунда

Дүйнө – жиндиканабы? Өтө эле көп убакыт өттү. Текчеде кыдыракей тизилген ойчулдар менен кеп урушпаганыма далай жылдар агып кетти. Сыртта жүрсөм, чакырып калышты. Баш баксам, баланчасы баш болуп, төлөнчөсү төш болуп, ар нерседен кеп козгоп, ар ким өзүнүкүн бербей жаткан экен. Ортого собол таштадым да, аңгеме-дүкөнгө аралашып кеттим… Эрнис Аске уулу: Силер Акыйкатка жеткенсиңерби?  Иоганн Гете: — Жакшы суроо. Мен башкалардын да жообун уккум келет. Акыйкатты тапканча, кетирген катаңды табыш оңой. Фридрих Ницше: — Ката демекчи, аялды жаратканы — кудайдын […]

Салижан Жигитов: «Чыңгыз кантип чыгып калды?»

Чыңгыз Айтматовдун сүрөткердик жөн-жайы, адабий табыштары туурасында кандайдыр бир жаңы сөз айтып ийиш кыйын. Анын калеминен жаралган орошон образдар, идеялар, көркөм көрүнүштөр, сюжеттик мотивдер, айрым сөз түрмөктөрү менменсинген философтор, социологдор, тарыхчылар, психологдор, дагы башка ойчулдар тарабынан арбын цитаталанат, анализденет, далил катары келтирилет. Айтор, Чыңгыздын чыгармачылыгы сыртка ачык койгон сыр аяктагы бал сыңары акыл-эс эмгегинин аарыларын (албетте, алар менен катар адабият илиминин чымын-чиркейлерин да) жабалактатып өзүнө тартып келет…

Сараңдар кудум эле жугуштуу оорудан корккон адамдардай…

Клод Андриан ГЕЛЬВЕЦИЙ (1715-1771), француз философу  Өзүн бактысыз санагандарды бакыт айланып өтөт. * * * Оозуңду ачтырган укмуштар бир эле мүнөттүк, а ооз ачтырар укмушту жараткың келсе, ага узак жылдар керек. * * * Атамекениңе болгон сүйүү демек, бүтүндөй ааламга болгон сүйүүң менен киндиктеш. Билим деңгээли өнүккөн элден кошуналар зыян тартпайт. Тескерисинче, билими өрчүгөн өлкөнүн жарыгы башка өлкөлөргө тийип, бири-бири менен идея алышат, ошондон улам бүтүндөй ааламдын кубаттуулугу да, ишмердиги да артат.