Бейшебай УСУБАЛИЕВ «Мен Алым байкенин метафораларынан корком» дейт

Китеп ыр, эссе, котормолордон турат. Китепти окуп жатканда бир жагымдуу жыт уруп турат. Ал — кыргыз жыты. Мен билгенден Алым байкеден өткөн окумал адам жоктур. Бирок ошолорго көмүлүп калбай, кыргызча кыйкырып жатпайбы. Өз кезегинде Чыңгыз атабыз да кыргызча чыңырып чыгып, алакандай кыргыз элине бүт дүйнөнү багындырып берген. Мен «Саманчынын жолун» айтып жатам. Согуштун бети жок экендигин ааламга ушу чыгармадай чыркырап далилдеп берген бир чыгарма дүйнөлүк адабиятта бар болду бекен!.. Алым байке да жыргалынан жыласы көп бул дүйнөнү кыргызга кыргызча түшүндүрүүгө […]

Дени Дидро – философ-агартуучу

Улуу ойчул жана жазуучу, философ-агартуучу, искусство теориячысы, драматург жана беллетрист, энциклопедиячы Дени Дидронун ысымы адамзаттын эсинде француз кылымы катары калган 18-кылым менен тыгыз байланыштуу. Дени Дидро 1713-ж. 5-октябрда Франциянын Шампань провинциясындагы Лангре шаарында төрөлгөн. Ал үй-бүлөнүн улуу баласы болгондуктан, аны мурас катары чиркөө канониги деген орун күтүп турган эле. Ошондуктан атасы 8 жашында Лангре иезуит коллежине берген. 12 жашында Париждеги д’Арктур иезуит коллежине жөнөткөн. Дени диний сабактарга караганда математика, физика, химия, физиологияга көбүрөк шыктуу болгон. Бара-бара диний карьерадан караманча баш […]

Герман ГЕССЕ: Жапониялык жаш калемдешке

Герман ГЕССЕ (1877–1962) — немис жазуучусу, философ, ойчул. Нобель жана Европанын бир катар сыйлыктарынын лауреаты. Дин ишмеринин үй-бүлөсүнөн. 1912-жылдан Швейцарияда жашап, ошол жерде каза болгон. 1923-жылы ашынган улутчулдукка каршылык катары герман жарандыгынан аткез берген. Чыгармачылыгын ыр жазуу менен баштап, «Романтика ырлары» (1899) аттуу жыйнак чыгарган. «Дөңгөлөк алдында» (1906), «Гертруда» (1910), «Чыгыш өлкөлөрүнө дербишчилик» (1932), «Бисер оюну» (1943) ж.б. ондогон повесть, романдардын автору. Өмүрүнүн акыркы жылдары рухий философиялык эсселерди жазуу менен алек болгон. Бул эссеси «Досторго кат» түрмөгүнөн алынды. Бул эмгекти […]

КАНТОРОВИЧ

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Орус математиги Леонид Витальевич Канторович 1912-жылдын 19-январында Санкт-Петербургда туулган. Атасы врач болгон. Математикага болгон жөндөмү өтө эрте байкалган. 9 жашында тамырдан чыгаруу ыкмасын ачкан, 14 жашында Ленинград университетинин математика бөлүмүнө кабыл алынган. Студент кезинде эле функцияларды класска бөлүү боюнча бир катар натыйжаларды алып, 10 макаласы журналдарга жарыяланган (анын теңи чет өлкөлүк журналдарга). 1930-жылы 18 жашында университетти бүтүп, ал жерде иштеп калган. Эки жылдан кийин профессор наамын алган. 1935-жылы өкмөт илимий наамдарды бекиткенден кийин ага диссертациясыз эле физика-математика […]

Каныбек ИМАНАЛИЕВ: Байыркыдан кырк сөз

Бул сөз кайда, качан айтылганы табышмак. Окустан колубузга тийди. Али ачыла элек табышмак… Алтай, Хакас, Монгол тараптагы чааташ жазууларынын кыргызча көчүрмөсү шекилди. БИРИМДИК Илгери бир атанын балдары эдик. Бир уянын балапандары эдик. Бир сайдын булагы эдик. Бир бутактын жемиши эдик. Оо, биз бир жүргөндө, эрктүү бир эл болгондо колубузда кушубуз сайрап, төрүбүздө кутубуз көкөлөдү. Кой үстүнө торгой жумурткалады. Кул кулдуу, күң күңдүү болгон эде. Эми не болдук?.. Бытырадык… Ини агасын тааныбай, бала атага акарат келтирди… Тамыр кыркылды… Ташыбыз талкан болду… […]

Эрнест ХЕМИНГУЭЙ: «Адамдык кудурет»

ӨНӨРКАНА  Эч ким мени дүйнөгө өзүмдөй айтып бералбайт. Адам аткарган иши, ачкан ачылыштары болобу, айтор, кай тарабынан болбосун, элдин элегинен өтөт. Алардан өзүңдү жашырам деш, акылсыз далбаса. Мен туулган, турган турпатым менен өз китебимдемин.

Жазуучу Мурза Гапаровдун досу Азиз Сейитбеков менен маек

Мурзакем Мургабда… Адам тагдырында ар кандай жолугушуулар болот: бир жолугушуу дароо эстен чыгат, жолуккан адам экөөң бири-бириңди алеки замат унутасың, ал эми айрым жолугушуулар өмүр бою эсиңден чыкпайт, а түгүл дал ошол жолугушуу сенин өмүрүңдө бурулуш жаратат. Жазуучу, драмачы, киночу Мурза Гапаров менен айылдык мугалим Азиз Сейитбековдун 1962-жылдагы «дүйнөнүн төбөсү» Памирдеги жолугушуусу да ошол алардын өмүрлөрүнө өчпөс из калтырган. Мурза Гапаров жарык дүйнөдөн кеткенине он төрт жыл болуп калды, ал эми анын досу Азиз ава Тажикстандын Мургабынан Кыргызстандын Сары-Өзөн Чүйүнө […]

Бейтааныш аялдын каты

Автор тууралуу Австриялык атактуу жазуучу Стефан Цвейг 1881-жылы Вена шаарында туулган. Адабиятка эрте аралашып, он тогуз жашында алгачкы ырлар жыйнагын чыгарган. Бирок ал дүйнөлүк даңкты ырдан эмес, новеллаларынан тапты. Адам тагдырына аябаган жапакечтик менен жазылган терең психологиялуу, нукура көркөм новеллаларынын бир тобу дүйнөлүк маданият кенчинен орун алды. Гитлер бийликке келип, Германияда фашизм доору башталганда, гуманист жазуучунун китептерине тыюу салынган. Австрияны фашизм басып алганда ал Ата Журтунан алыс качууга аргасыз болуп, Европаны фашизмдин өртү каптап, бардык идеал, үмүттөрү ошол өрткө күйүп […]

Хемингуэйдин чыгармачылык портрети (1-маек)

ӨНӨРКАНА Лилиан РОСС  Америкадагы ашкан улуу романист, нары чакан аңгеменин жетик чебери Эрнест Хемингуэй эле болсо керек… Ал киши Нью-Йоркко анда санда гана болбосо, көп келүүчү эмес. Аялы жана тогуз кызматкери менен Гаванадан тогуз чакырым алыс Фринк Виджиа фермасында эч жакка чыкпай, узак жылдардан бери жашап келе жатат. Карамагында 52 мышык, 16 ит, 200гө жуук көгүчкөн, 3 ую бар. Нью-Йоркко болсо, жол үстү гана тие кетүүчү. 1949-жылдын аяк ченинде Хемингуэй Европага баратып, Нью-Йоркко бир нече күн аялдады. Мына ушул учурдан […]

Салижан ЖИГИТОВ: Ит атаар жана башкалар

Устат-шакирт өнөрканасы Мен билгени «Күн тууду» Салижан Жигитовдун энтамгадай көргөн чыгармасы, эңсеген суусуну эле. Эңсеген суусун эсиме келгени: «Ушул «Ит атаарымды» ийине жеткире иштеп өлсөм арманым жок эле, түп-тамырынан бери кайра жазмакмын, роман кылмакмын» – деп, башкасын билбейм, мага көп ирет айтты. Мен уюштуруп, гезитке жарыяланган кайсы бир интервьюсунда: бу кытай жазуучулары жаш кезинде каражат топтоп, карыганда нык отуруп жазат экен, мен кудай урганда, акча чогултканга да жарабапмын маанисинде масел айтып, кайрадан «Ит атаарын» кыйытканы бар. Көр оокаттын көйгөйү болбосо, […]

Уильям Фолкнердин жазуучулук өнөрканасы…

Виргиния университетинин студенттери, окутуучулары менен аңгеме Суроо: Готорн өмүрүндө оң каармандын образын түзө албаптыр. Анткен менен ал түзгөн терс каармандар чыгармачылык залкарлыгынын өзөгү болуп калды. Мындан биз, оң каарманга караганда терс каармандын образын оңой деп ойлосок болобу? Жооп: Бул, жазуучунун кулк-мүнөзү, таалим-табитине эле эмес, дегеле адамдык табиятына байланыштуу болсо керек: дүйнөнүн жарык жактарынан көрө, караңгы жактарын чындыкка сыярлык, турмуштагыдай ишенимдүү сүрөттөө жеңил. Суроо: Мистер Фолкнер, жазуучу болуш үчүн жогорку билим, сөзсүз, керекпи, же?..

Айгүл тоо жана Мурза Гапаров

Мурзакенин 80 жылдыгына арналган эскерүү Айгүл гүлүн бала кезден билем. Ал мезгилде гүлдөр тоонун этегине дейре кыпкызыл болуп жайнап өсөт эле. Боюбуз менен тең чамалаш узун гүлдү кучак-кучак толтуруп үзүп алып, үйгө көтөрүп келчүбүз.  Гүл муздак, жыты такыр жок, ошондой болгону менен өзү абдан кооз, коңгуроого окшогон  кызыл чанагы көз жоосун алат. Күндү, ысыкты сүйбөгөн гүл.  Ошон үчүн аны Айдын гүлү дешет. Ошон  үчүн ал тоонун  тескей жагына гана өсөт, күнгөй жагына такыр өспөйт. Көктөмдө гүлдөйт да  күн жаңыдан ысып […]