Үмүт КУЛТАЕВА: Эл башчылары бирин-бирин жамандаса, алар башкарган эл кантип биригет?

Эл агартуунун отличниги (2000-ж), педагогика илимдеринин кандидаты (1990), доцент (1999), филология илимдеринин доктору (2011), белгилүү окумуштуу Үмүт Култаева менен биз бүгүн учурдагы коомдук абал туурасында кеп курдук… – Үмүт Баймуратовна, күздө болор президенттик таймашка аттанган сүрмө топ саясатчыларды көрүп аткандырсыз. Ал эми албан-субандай Америкада да президенттик шайлоодо саясый атаандаштыкка чыккандардын саны мынча болбостугун турмушубузда көрүп келатабыз. Мунун өзү улуттук кулк-мүнөзүбүздөгү мансапкорлукпу же бул биздин коомдогу ашкере саясатташып кеткендеги эле көрүнүшпү? Сиз кандай түшүндүрөр элеңиз муну? – Башкы себеп, коомдун ашкере […]

Өмүрбек ЖАЛИЛОВ: Дартына дабаа издегендерге эшигибиз ачык

Окурмандарыбызга Жалал-Абад облусунда денсоолукту калыбына келтирүү боюнча практикалык иштерди жүргүзүп келаткан «Учур» борборунун жетекчиси Өмүрбек Жалиловдун маегин сунуштайбыз. – Учурда кайсы шаар же кайсы бир эл жыш жайгашкан аймактарда болбосун, негедир көзгө дары-дармек саткан жайлар көп урунат. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз? – Бизде эң жаман жери – элге кантип денсоолукту калыбына келтирүү керектиги жөнүндө практикалык системалар жок. Элдин көпчүлүгү ашыкча маалыматтарга психологиясын ууктуруп алган. Алган маалыматтар аң-сезимибизде мусор катары калып кетет, иштеткенди билбейбиз. Догматизм, фанатизмден арылыштын системалуу программасы жок. […]

Сынакка: Ата-бабалардан калган Ак-Дөбө

Менин айылым «Асманда жылдыз, жерде кыргыз болсун» демекчи, мен кыргыз болуп калганыма сыймыктанам жана даңктанам. Ошол бейиши жыттанган, аскасы асман тиреген, чер токойлуу, мөлтүр булактуу, кенге бай мекеним Кыргызстандын Жалал-Абад областынын аттын кашкасындай таанымал Аксы районунун Кербен шаарынан үч чакырым аралыкта жайгашкан Ак-Дөбө айылы менин киндик каным тамган ыйык туулган айылым. «Тарыхы болбой эл болбойт» деп бекеринен айтылбаса керек. Анткени жети атаңдын жашаган жеринин тарыхын билбесең Ч.Айтматов атабыз жазгандай маңкурттан айырмаң жок болсо керек. Ата-бабаларыбыз айтуусу боюнча Ак-Дөбө айылынын тарыхы […]

Сынакка: «Мен акушер-гинеколог болууну каалайм»

Мен ким болгум келет? Мен Базарбаева Айбийке азыр 10-класста окуп жатам жана кесипти тандоого болгон алгачкы чекитимди коюучу учур жакындап, тынчым кетип баратат. Жашоодо эки нерсени туура тандоо керектигин билем, алар – жубай жана кесип тандоо. Сөздүн тереңинде бул нерселер менен өмүрүңдүн аягына дейре чогуу болоруң эскертилген.