Константин Ушинский: Аарылар жана чымын

ЖОМОК Кеч күздө мемиреп, жазда да чанда болчу чайыттай ачык, жылуу күндөрдүн бири эле: абада үлп эткен жел, асманда томуктай булут жок, күн куурап бара жаткан чөптөр менен коштошкусу келгенсип, жер бетин тунук нурга бөлөп турду. Жылуулукка жана жарыкка умтулган сары түктүү аарылар чөптөн чөпкө учуп-конуп жатышты. Ооба, бул убакта чөп катып, ширеси жогун аарылар билишет, алар бал чогултуу үчүн эмес, жөн гана көңүл ачып, канаттарын жазып эс алып жатышкан. — Өлгөнү жатып, көңүл ачкандын балакетин аласыңарбы,— деди аларга чөптүн […]

Ысмайыл КАДЫРОВ: Абама кат

Ырас, агасына акыл айтуу салтта жок болсо да, улуулук баа­баркын, нарк­насилин сактабаган, айрым көңүл иренжитерлик жоруктары мени абама кат жазууга аргасыз кылып туру. Анын үстүнө, бул көптөгөн кыргыздарга мүнөздүү көрүнүш. — Аба, сага коё турган биринчи дооматым — ичи тардыгың. Өзүңдүн акылың толуп, жашың өйдөлөп калганын эске алсаң обол ичи тардыгыңды ташта. Бирөөнүн жеке ийгилигин кой, эл үчүн жасаган эмгегин да көргүң келбей турганын көп байкадым. «Ал муну бекер жасаган жок» деп, арт жагынан криминал издеп турасың.  Бардык жакшы жактарыңды […]

Жалкоо кыз

Башкыр жомогу Илгери заманда кемпир жашаптыр, небере кызы бар экен. Кемпирдин карылыгы жетип, ишке жарамы жок болот. А небереси жалкоо чыгат. Кемпир жылдан жылга кажырынан[1] кайтат. Жазга эптеп жеткенде өзүнчө кобуранат: «Ичип-жеш керек, эл буудай сээп атат, бизчи? Бирдеңке себишибиз керек ко». Муну небересине да айтат. – Кереги жок, – дейт бул кепти уккан небереси. – Эне, сен картайдың, күз келгенде өлөсүң. А көз ачып-жумганча мага бир жакшы күйө чыгып калгысы бардыр. Бизге нандын кереги деле болбойт анда…