Сократтын солк этпес чындыгы

Өлүм бул – адамзаттын эң улуу көз боочусу. Биз жашап турганда ал али келе элек болсо, а биз өлгөндө – эбак келип кеткен болот. * * * Менде каалоолор канчалык аз болсо, Кудайга ошончолук жакынмын. * * * Ким ааламды ордунан жылдыргысы келсе, ал адегенде өзүн жылдырсын. * * * Эгер адам ден соолугуна өзү көзөмөл кылса, анда ага анын өзүнөн ашкан дарыгерди табуу кыйын. * * * Жандүйнөнү дарылабай туруп, денени дарылоого болбойт. * * * Боорукерлик жана пайдалуу […]

Оожиозонун жаралышы

Котормочунун түшүндүрмөсүнөн…   Мифтер менен жомоктор, XVIII кылымда өткөн немис философу Гердер Готфирд айткандай, дүйнөнүн жана тирүү жандардын жаралышы тууралуу адамдардын балалык кездеги дүйнө таанымын чагылдырат. Ошого жомоктор илимий-техникалык өнүгүүнүн, диндин таасиринен эми туулган наристедей таза жана ушунусу менен баалуу. Түндүк Американын түпкүлүктүү элдеринин бири абенакилердин жомокторунда дүйнөнү, тирүүлүктү жаратуучунун аты — Эге болсо, амалкөй баатырын алар Глускаби же “жомокчу” деп аташат. Глускабы Теңир сыяктуу эле жаратуучу болгондуктан, Жараткан адамды ылайдан жасагандан кийин колуна жабышкан ылайдын чаңынан өзүн жасап алат. […]

Диндин бир түрү – апийим, себеби дин экөө эгиз сыяктуу окшош

Генрих ГЕЙНЕ (1797-1856), немис акыны   Баардык улуу акындардын чыгармаларында ортозаар каарман болбойт. Кайсынысы болбосун баш каармандай көрүнө берет. * * * Адабият тарыйкасы узун өлүкканага окшош. Ага кээси эң бир жакын адамын, кээси дайынсыз жоголгон тууганынын сөөгүн издегенсип кайрылат. * * * Генийди гений жаратат. Алар бир-бирине шыктанып эмес, тирешкен үчүн генийге айланат. * * * Кандай автор болбосун өзү жараткан чыгарма үчүн атак-даңкка жетсем дейт. Ал эмес «Тооратты» жараткан кудайың деле өзүнүн мемуарында: «Атагымды унуткарбас үчүн адамзатты жараттым» […]

Пётр ЧААДАЕВ: «Жиндинин актануусунан»

Пётр ЧААДАЕВ 1794-жылы 27-майда (7-июнь) Москвада дворяндык үй-бүлөдө туулуп, 1856-жылдын 14-(26) апрелинде Москвада каза болгон. Орус турмушунун чындыгын катуу сындаган чыгармалары үчүн бийлик тарабынан жинди аталып, Россия империясында чыгармаларын басып чыгарууга тыюу салынган орус философу (өзү айтмакчы «христиан философу») жана публицисти. 1807–1811-жылдары Москва университетинде окуган. Декабристтерди колдогону үчүн сүргүнгө айдалган. 1812-жылы Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиги үчүн св. Анна жана пруссиялык Кульмск крести менен сыйланган. 1829–1831-жылдары өзүнүн атактуу «Философиялык каттар» сериясын чыгарган. * * * Ата Мекенди сүйүү – ажайып […]