Жаратмандын жаркын элеси

Көбү жөн эле жүрүп көзү өтүп кете берет. Алардын санынан кыргыз бөксөрүп кетпейт. Бирак Табылды Эгембердиевдей асылдардан кыргыз арасы бөксөрө түшөт, аттиң. Башкага кандай билбейм, мага ошондой… Табыкебиз кыргыздын куучирен байларына окшоп ысырапкорчулукту сүйбөй жашады. Аш-той берип эчбир мактанган жок. Мен анын өтө жупуну, өтө жөнөкөйлүгүн эки курдай кошуна болуп жашаган учурда байкадым. Борбор шаардын Буденный көчөсүндөгү №97-үйдөгү квартиралар ТЭЦтин түбүндө болгондуктан, баалары өтө арзан эле. Бир жылдары ошол кварталда арзан квартирада убактылуу жашап калдым. Бир күнү кечке маал шалдыраган […]