Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Жатакана

Өзүм КАСИнин жатаканасында жашайм. Бирок дербиштей болуп баардык жатаканаларды кыдырып кетмейим бар. БГУнун жатаканасынан досторду таптым. Рахат эжей жетектеген «Шоокум» деген адабий ийрим бар эле. Жалындуу жаштар чогулуп, жүрөк түпкүрүнөн чыккан ырларды окушат. Рахат деген сары кыз Нургазы деген жигитке баргектей сактап арнаган ырларын үнү дирилдеп бир укмуш окуду. Менин көз алдымда ушунчалык сулуу, күчтүү кыздардын баары ашык болгон зыңкыйган жигиттин элеси келди. Ошол мырзаны көрүүгө мен да ынтызар болуп жүрдүм. Бир күнү эле кандагайдай шым кийген, жердин бетин оорутуп […]

Султан РАЕВ: Оскар Уайльд

АҢГЕМЕ — И… кыйратып салгансып… Маанайың суз? – деди Асия, жаңы эле кирип келген Адэмини теше тиктеп. – Бирдемеке дедиби?.. — Карабай койду! – Адэми, тултуюп кол сумкесин керебеттин үстүнө ыргытты. – Таптакыр… Үн каткан да жок… — Каш каксаң да, көз сүзсөң да, телмирсең да! – Асия кер какшык аралаш демитти. – Карабай койдубу?.. Мен сага айткамын “мини юбкаңды кийип ал” деп… Кашайып, кайдан тапкансып узун көйнөктү кийип аласың!.. – Асия олурая тиктеди. – Билесиңби, эркектин жүрөгү кайда? — […]

Мамат САБЫРОВ: Арзыкан

АҢГЕМЕ Бою кодоо, башы тооктун жумурткасы сыяктуу кичине болгондуктан ал тогуз, он жаштардагы баладай көрүнчү. Сербейген муруту, кексе жүзү гана анын эчак бой жеткен жигит экендигин билгизип турчу. Эс тартканы анын бир эле иши, бир эле милдети бар – атасынын он чакты коюн кайтаруу. Эртең менен койлорду алдына салып алып, адырга чыгып кетет да ошол бойдон күн батканда келет. Жанында төрт-беш шериги бар. Жалаң тогуз-ондордогу суу мурун балдар. Булар аны менен үч-төрт жыл чогуу жүрүшөт да бир күн эле бой […]