Нускат Манкушева: Ыр сабында маңызы – бүтпөс эргүүм

СҮЙҮҮ БАГЫ Сүйүү багы — багың ачам дедиңби, Күтпөй жүрсөм күн көтөрүп келдиңби? Кучак-кучак гүл үстүңө жыгылдым, Гүлзарыңда мурда көрбөй жүрдүмбү? Үстүмдөгү чечем кабат муңумду, Үзүп салдым жүгөн болгон курумду. Поэзия — туу көтөрүп баратам, Из калтырып кетейин деп жугумдуу. *     *     * Чырмалып ойлорумдун желесине, Чыгалбай түшүп кеттим тереңине. Чуу салып, кайдан келдиң кызарган чок, Чыйрыгам жылына албай илебиңе. Кабынан сууруп алдың жүрөгүмдү, Капыстан тузак жайып түнөгүмө. Кадалып туруп алды тагдыр өңдүү, Капилет атылган жаа жүрөгүмдө. Дүрмөтүң кызыл чоктон […]

Умар Нусубалиев: Жанымдын эрип турат миң тамыры (конкурска)

БИР КЕЧТЕ Бир кечте сен сүйүүмдү жерге чаптың, Бир кечте мен гүлүмдү жерге чаптым. Бийикте турган биздин бийик сүйүү – Бир кечте, бир күндө эле жерде жатты. Ал кечте рамкадагы сүрөт сынган, Ал кечте ачуу-таттуу мүнөт сынган. Айнектей ошондогу бырчаланган; Айнектей бырчаланып жүрөк сынган. Бир жүрөк сынган ошол сендик эле, Бир жүрөк сынган ошол мендик эле. Ал сынган жүрөктөрдү бириктирүү, Биз жасар сүйүүдө чоң эрдик эле. Ал кечте мендей ыйлап жаштык үнү, Мен чапкан гүлдөй жерде жатты сүйүүм. Ал ыйым, […]

Айдана Эрмекбаева: Ата (конкурска)

АҢГЕМЕ Жаздын акыркы айы. Жаан шатырап өтсө да күн ысык болуп булуттар тез тарады. Жаандан кийинки чөптүн жыты бир керемет! Кайра-кайра искеп алгыӊ келет. Аба ырайы жылуу болгондуктан ашканадагы ачык айнектен жел уруп турду. Урматтын үйүндө бүгүн күндөгүдөй бака-шака болуп үй-бүлөсү менен кечки тамак үстүндө отурушту. Ал маӊдайында турган чакан үй-бүлөсү менен бактылуу өмүр сүрүп жатканына ыраазы. Жаш болсо да Урматтын башынан эмнелер гана өтпөдү. Өлүмгө тарткан ооруга жолукту, атасы таштап кетти, энеси эрте көз жумду. Азыр болсо жанында он […]

Олжобай ШАКИР: Чубак чунак элдин башын айлантып жүрү

Эй! Вы там, наверху!  Элирген жаштык эмнени кылдырбайт. Бүгүн Чубак ажынын оозунан «ага-ининин балдары үйлөнгөнгө шарият боюнча уруксат берилет» деген установка[1] миңдеген жаштардын кулагына кирип, боюна сиңип аткан кезең! Чубак ажы бул айтканы боюнча «бирок аны биздин салтыбыз көтөрө албайт» — деп канчалык жумшартып айтпасын, бүгүнкү күндө шарияттын жолун ээрчиген караламан калктын басымдуу көпчүлүгү тотукуштай сайраган чала молдолордун жетегине желпинип ээрчип алганы күндөн күнгө күүлөнүп күч алууда. Арап кулдар улам шарияттын жолун кылтыйтып отуруп, кылымдан келаткан кыргыздын генетикалык тамырына балта […]

СОКРАТ

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Б.з.ч. 469-399-жылдары жашаган байыркы грек философу Сократ адамдар менен маектешүү аркылуу акыйкатка жетүү методу менен иштеген. Ал өз окуусун оозеки баяндаган. Сократтын философиясынын негизги максаты болуп чыныгы жыргалга жетүүнүн жолу катары адамдын өзүн өзү таанып билүүсү саналган. Жакшылык дегенди билимдүүлүк же акылмандык деп эсептеген. Ал адамдар менен сүйлөшкөндө даяр билимди таңуулабай, талаштуу суроолорду берип, ойлонууга аргасыз кылып, ошону менен чындыкка келип, суроолорду чечмелөөгө аракеттенген. Байыркы натурфилософияны чанган, ой жүгүртүүнү, аң-сезимди алдыңкы планга койгон. Ал суроо бергенде жакшылык, […]

Антон Чехов: Почта бөлүмүндө

АҢГЕМЕ Которгон Догдурбек ЮСУПОВ Жакында биз карыя почтмейстер Сладкоперцевдин жаш жубайын акыркы сапарга узаттык. Көрүстөнгө коюлгандан кийин ата-бабалардын салты боюнча ага көңүл айтуу үчүн почта бөлүмүнө жөнөдүк. Баарына тамак куюлгандан кийин жесил-карыя булкулдап ыйлап жиберди да, мындай деди: – Мобу токочтун да маркум сыяктуу көрктүүлүгүн карагылачы. Дал ошондой сулуу! Тим эле өз-зү-ү! – Чын эле, – деп бардыгы макул болушту. – Сиздин жубайыңыз чын эле сулуу болчу… Биринчи сорттогу аял эле! – Ооба… Ага бардыгы суктанчу… Бирок төрөлөр, мен аны […]

Төкмө ырчылар мектебинин калыптануу тарыхы

«Айтыш» коомдук фондунун 15 жылдыгына…  Ыраматылык Тууганбай Абдиев анда филармониядан иштен бошоп калган маалы. Ал кезде Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев өңдүү канаты жаңыдан жетилген төкмө ырчылар көчөдө ишсиз калышканы бар. Тукебиз болсо шакирттерин коргойм деп филармония деректиринин каарына өзү кошо кабылып, үчөө бирдей иштен ажыраган. Тукебиз кадимкидей депрессияга кабылып, мага датын айтып, интервьюбуз менин алгачкы чыгармачыл чыйырымды баштаган “Кербез” гезитине чыгып кеткенден кийин филармониядагылар чуу түшүп жатып калышкан. Ошол тушта Ашыраалы Айталиев да пенсияга чыгып, үй бурчуна камалып отурган кези. […]