Сараң кереңкур

Алтай жомогу Ак кайыңдар күмүш бариктерин күүп, карагайлар алтын ийнелерин заардуу шамалга алдырып, асмандан муздак жамгырлар тез-тез жаап, бул аймактарга жай өтүп, күз келди. Канаттууларды бул жерлерге билинбей басып кирген күз жүдөтүп, жылуу жактар эңсетип туруп алды. Жети күн токой четинде алар жыйын өткөрүп, жети күн тең бирин бири жоктоп атты: — Баарыңар ушундасыңарбы? Эч ким калбай келдиби? Ким бар да, ким жок, тактагыла? Баары бар да бир гана кереңкурдун карааны көрүнбөйт, доошу угулбайт. Каарданган бүркүт иймекей курч тумшугу менен […]

Маралдын таарынычы

Алтай жомогу Жашыл адырлардан ашып, кара токойго кызыл түлкү күйүгүп жете келди. Ал али өзүнө ылайыктап ийин каза электе эле бул жердин бир жаңылыгы кулагына шак угулду – буердин падышасы аюу алдан-күчтөн тайып, аябай карыптыр. Муну угары менен жаңы келген түлкү бүт токойду жаңырта кыйкырат: — Ай-яй-яй, балакет бизди басканы калды! Аксакалыбыз күрөң аюу өлүм алдында жатат! Анын алтын түспөл жүндөрү түлөп түшүп, курч тиштери оозунда калбай, буттарынын кубаты кетти. Болгула, келгиле, чогулгула, масилет куралы: күрөң аюунун ордуна биздин токойдо […]

Төлгөчү кемпир менен токой ээси

Цыган жомогу Көчмөн цыгандардын тобу жол жүрүп бараткан жерден кооздугу укмуштай токойго токтойт. Айлана толо шалбаа. Чөбү чабылып, көк кыртышы кайрадан кылайган жерге жеткенде топ башы үн катты: – И-и, ромалэ[1], шул жерге токтойлу. Аттарды арабадан чыгарып, бир азга чалдырып[2] алалы. Кыштакка жетүүгө көп бар, бирак бу жерге түнөбөйбүз. Болгону дене бой жазып дем алгыла! Аттарды арабадан бошотуп, көк шиберге откозушту да өздөрү от тутантып, самоорго чай коюп өзөк жалгамак. Цыгандардын бирөөсүнүн барып турган сулуу кызы болуптур. Ал кыз алыс […]

Жарганат

Алтай жомогу Азыр жарганат караңгыда гана учарын билесиңер. А бир убакта ал күндүз да учуучу экен. Бир күнү ал шаңкайган ачык асманда эртең менен ойкуп-кайкып учуп жүрдү. Аңгыча аны көздөй көк карчыга[1] жете келди: — Кутмандуу күнүңүз менен, урматтуум! Акыры ушинтип жолугуштук, мен сени төрт жылдан бери издейм! — Мениби? Кандай жумуш менен мени издештирип калдың? — Бардык канаттуулар өз балапандарын куштардын урушуна жиберет. Бир гана сен аларыңды канатыңдын астына калкалайсың. — Менби? Мен эмне канаттуумунбу? – Ошентти да жарганат […]

Бөтөн кеңеш

Эфиоп жомогу Бир кембагал уулун ээрчитип шаарга жөнөптүр. Атасы эшекке минип, уулу ээрчип алат. – Могулардын түрүн көр! Ушундай да болобу? – деди алдыдан кезиккендер. – Жоругуң жолдо калгыр десең. Өзү эшекке минип, уулун жөө жалаңдатып койгону эмнеси?! Ата болбой куруп калгыр!

Эки биртууган

Еврей жомогу Бири кедей, бири бай жашаган эки биртууган болуптур. Бир күнү байгер жашагандын үйүнө түнөп кетүүнү суранган жолоочу келет. Кийимине караганда: жакыр өңдөнөт. Бай анын түрүн көрүп: «Үйүмдө орун жок, чыгып кет!» — деп сетиркенет. Жолоочу аныкынан чыгып, кедейдин үйүнө башбагат. Кедей болсо жолоочунун курсагын тойгузуп, алдына төшөк салдыртып берет. Эртеси таңда жолоочу батасын берет кедейге:

Алмашуу

Белорус жомогу Чал-кемпир жашаптыр. Экөөнүн тирлиги кепедей үйдө өтчү экен. Жерлери да кенедей, короолорунда кирип-чыгар чычкак улак болбоптур. Анык итке минген муңдуу турмуш ушу эмеспи. Экөө эптеп акча топтойт. Чал анан базарга жөнөйт. Ак кула ат сатып алып, үйүнө кайтат. Жолдон өгүз кайтарган бадачыларга кезигет. – Арыбаңыз, аксакал! Кайдан келатасыз? – дешет.

Ырыстуу

Алтай жомогу Алыс-алыс жакта, асман менен жер ашташкан аймакта, көгүлтүр тоолордун этегинде, кереметтүү сүт көл жээгинде бир бала жашаптыр. Ал баланын бою улактыкындай эле экен. Эки тыйын чычкандын терисинен тумак тигип, эчки терисинен жумшак өтүк ултарган ошол баланын эки бети толгон айдай тоголок. Анан дагы бул бала өмүрү ыйлап көрбөгөн, балким кантип ыйлашты да билбесе керек.

Бека ХЕДЛ: «Йоши таш кескич»

ЖОМОК Оо качандыр бир заманда Жапониянын тоолорун байырлаган таш кескич болуптур. Анын аты Йоши экен. Ал такай таш кесип же таш чегип күн көргөндүктөн бели бекчейип, колунун манжаларын жана алаканын чор басып калыптыр. Жергиликтүү эл Йоши таш кескен тоолордо адам жаны жашайт деп ишенчү. Күндөрдүн биринде Йоши бир бай адамдын үйүнө тоодогу таштардан көтөрө келет. Себеби байдын көркөмдүү курулган заңкайган үйүн, жибек кийимдерин, кебездей жумшак назик колдорун жакшы көрчү. “Эх, мен да бай адам болгонду тилейм», — деп күбүрөнөт ал. […]

Ай менен кыз

Бурят жомогу Бир жетим кыз болуптур. Аны жеткен карөзгөй өгөй энеси жанын койбой түйшүккө сала берчү экен. Күндө укканы ушул: – Жашабагыр тигини кыл, муну кыл! Таң эртеден кечке укканы ушул болуптур.

Ат, уй жана жылдыздар

Алтай жомогу Байыркы-байыркы заманда ат менен уй бир өзөндөн суу ичип, бир чыйыр менен жайытка барчу экен. Бир жолу, жайкы күндүн биринде, ат уйга минтип калды: — Эжекебай, экөөбүз бир аңга түшүп көрбөйлүбү? Аякта салкыныраак. Экөө эрчишип төмөн түшө баштады. Бир убакта уй озондойт: — Ой, ой, ат байке, мында өрт болуп аткан турбайбы!

Орайда

Карачай жомогу Бул окуя кылымдардан бери келет. Учкулан капчыгайында чогулган эл балбандардын балбанын аныктоого жыйылган экен. Балбандар көпкө алышат. Акыры Өйдөңкү-Теберд тараптан чыккан Хасан аттуу балбан баарын көтөрүп уруп бозала кылат. Келбети келишип зоңкойгон, кара каш, кара көздүү, чарчоону билбеген неме экен ал. Бир убакта котологондордун арасынан бою зыңкыйган, жүзүнө чүмбөт жамынган бирөө чыгып, Хасан менен күч сынашарын билдирет. Бүйрү кызып турган эл жок демекпи, Тебердден чыккан балбан менен күрөшүүгө кайраты жетээр немени күрөштүрмөк болуп дуулдап калышат. Экөө ортого чыгат. Көпкө […]

Падышанын үч күлкүсү

Тажик жомогу Бир күнү өтүнүч менен келгендердин арасынан те бурчта отурган адам гана падышадан эч нерсе суранбайт. Аны көргөн падыша өз башын сылап койду. А тиги адам таазим эте жүгүнүп, оозун сылады. Падыша өз жүзүн сылады эле, тиги кокосун сылады. Падыша өзүнүн курсагын сылап койду эле, тиги өзүнүн бутун сылады.

Карыянын насияты

Адыгей жомогу Бардар жашаган бир адыгейдин жалгыз уулу болуптур. Атасы өлүм алдында жатканда уулун чакырып минтип айтат: «Сага айтар үч насыятым бар, сен аны өмүр бою аткаргының: эч качан саламды биринчи айтпагының; күндө кечинде таттуу тамактан; күндө эртең менен бут кийим жаңырт».