Назгүл ОСМОНОВА: Сен берген гүлдөр тирилбейт…

* * * Дилдеги сөздү айталбай, Карадың неге тайсалдай? Өткөнүн жылдар карачы, Ирмемдей болуп байкалбай. Эстетип эбак өткөндү, Жылдарга терең чөккөндү Эңсетип кайра башынан, Жадымдан чыкпас көктөмдү. Алдымдан чыксаң жаркырап, Аптыгып, жүрөк тартынат. Сезимдер толкун — ал сенин, Жээгиңе карай тартылат… Ак карда аппак махабат Ырларда баары айтылган, Ырларга сүйүү катылган. Эстетип таттуу күндөрдү Чакырбай жүрчү артымдан. Сен сүйдүң сүрдөп тартынып, Мен сүйдүм сага тартылып. Келгеним сага билдиңби, Кылымдын жүгүн артынып. Сен сүйгөн ошол деңизмин, Ар качан толук, тегизмин. Жаралып […]

ВОЛЬТЕР: Дин кумар ойну сыяктуу: адегенде алабармансың, кийинчерек митайым болосуң

Вольтер (1694-1778) француз жазуучусу жана философ Жандилибизди тузактаган жер – Атамекен. * * * Мекенге болгон урматыман: чоочун элдердин ага жасаган эмгегине көз жумуп койалбайм. Тескерисинче, менин өлкөмдү сырттан келгендер урматтаган үчүн Мекениме алардан да ашыгырак жан үрөп кызмат кылууга тырышам. * * * Ыракаттын анык ыракаты – эмгек. * * * Намыс – жакшы адамдардын уучундагы бриллиант. * * * Берилген суроолордун ар бирине такалбай жооп берген адам уят-сыятты билбеген адам болушу мүмкүн. * * * Жакшы авторлордун чыгармаларын […]

Акыры

Тайыздыкка коем унчукпай. Тереңдердин болом акыны… Толкундардай жээкте тумчукпай, Деңиз бойдон өлөм акыры. Кербездикке коем терикпей. Кең ааламдын мен акыны… Келбеске бир жанды кейитпей, Талаа болуп тынам акыры. Мерездикке коем наалыбай. Мейкиндиктин болом акыны… Булуттардай буулуп, агылбай, Мейкин бойдон өлөм акыры.