Бийликтин үч бутагына сунуш: Жалпыбызды жандантаар улуттук ири өндүрүшкө сүрөө керек!

«Ийгиликтин ээси көп» Эл накылы КР Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековго; КР Өкмөт башчысы Сапар Жумакадырович Исаковго; КР Жогорку кеңешинин төрагасы Дастанбек Артисбекович Жумабековго; жана жамы журтка жайылтар демилге… Бул демилгебиз жалпыбыздын улуттук мүдөөбүзгө төп идея экенинен шегибиз жок… Урматтуу эл башылар, урматтуу улуу журт! Кыргызстан табынсыз өз эгемендигин жар салган жылдардын аралыгында өлкөбүздө дүйнөлүк рынокко экспортко товар чыгарар бир дагы ири өндүрүш ишканасы курулган жок. Албетте, бирин-экин чакан өндүрүш ишин уланткан компанияларыбызды айтпаганда, жалпысынан завод-фабрикаларыбызды кыйратып, бүлүнткөн гана жолду басып […]

«Курманжан датка» – кыргыз кереметин улаган жаңы шедевр  

Көч үзүлгөн жок. Кыргыз кино тарыхындагы биринчи жолу тартылган эпикалык негиздеги «Курманжан датка» тасмасынын кеңири масштабдуулугу коомчулук күтпөгөн, атүгүл кино адистери да күтпөгөн маданий жаңылыкты жаратты. Көркөм табылгалары менен  эл аздектер чыгарма тартылганына күбө болдук. Жогорку деңгээлдеги коэффиценттик өзгөчөлүктөрү толук иликтенер, жиликтенер мындай тасма кыргыз кино өнөрүндөгү жаңы бурулуш, жаңы доор, жаңы дүбүрт, жаңы мектеп, жаңы бийиктик. Совет доору менен бирге «Кыргыз керемети» атанган кино көчү да үзүлдү деген басыңкы маанайды кайрадан дүрт эттирип жандырган чыгарма аталган фильм болду. Өрнөктүү […]

Сайтыбызга даа бир жаңы күч кошулду!

«РухЭш» сайтынын жолу шыдыр, жолдошу кыдыр белем: биз менен санаалаш, тилектештер күндөн күнгө арбып, рухий коом агартуу түйшүгүн кошо тартышкан авторлорубуз, өнөктөштөрүбүз, туруктуу окурмандарыбыз да кыйлага жетти. Улуттук руханий дөөлөттү жапатырмак түптөшүүгө ниетин билдирген замандаштарыбыздын ар бирине чын ыкласыбыздан ыраазычылыгыбызды билдиребиз! Башында кылдыраган арабадай ордубуздан жылдык эле, бара-жүрө сайтыбыздын мүдөөсүн түшүнгөн туруктуу окурмандарыбыздын азын-оолак финансылык колдоосу менен өзүбүздү сооротуп келдик. Чамабызга жараша окурмандардын рухий муктаждыгын канагаттандырууга аракет жумшадык. Балдар адабиятынан тартып, дүйнөлүк адабияттын өрнөктүү чыгармаларын кыргыз тилдүү окурмандарга жеткирүүгө далалат […]

Барно САБИРОВА: «Жана»

АҢГЕМЕ Ал буга чейин оюна да алган эмес. Бир эле сөз анын тагдырын өзгөртүп саларын. Эми мындан ары кайсы кагазга кол койсо да этиет болору бышык. Бирок бул жолкусу ал үчүн эстен чыккыс сабак, кала берсе да ачуу сабак болчудай. Азыр да ошол тээ мындан 3 жыл мурдагы окуяны эсине түшүрүп олтурат. Бир нече жыл бою жыйган-тергендерин чогултуп, ичпей-жебей ушул темир тулпарды алышпады беле. Жык-жыйма базардан машинаны алып, аны тариздөөгө нотариус издеп жөнөп калышкан. Нотариуска барганда сатуучу менен кардар экөө […]

Михаил ЖВАНЕЦКИЙ: Диетага отурарың менен жаныңда сөзсүз бирөө көзүңдү күйгүзүп тамактана баштайт

Сексендин кырына келген Жванецкий кыска жана нуска ойдун залкары, анын учкул ойлорунан ар бирибиз өзүбүздү көрөбүз. Каалабасак да… * * * Эч качан душмандардын аңкоолугу менен достордун берилгендигин ашыра баалабагыла. * * * Эгерде сага “сиз көп кырдуу адамсыз”, — дешсе, азгырылба. Балким, ал адам бул сайткандарында акмак, мите, жексур жана кара мүртөз дегенди кошуп аткан болбосун. * * * Ийгилик чечкиндүүлөргө жылмаят… Андан соң алардын үстүнөн көпкө күлөт! * * * Ойлонуу ушунчалык кыйын, андыктан көпчүлүк адамдар баа гана […]

Жалалидин ЖЭЭНБАЙ «Эртең куйрук жегиң келсе, бүгүнкү өпкөдөн баш тарт» дейт

Жаңычыл көзкараш Жалалидин ЖЭЭНБАЙ агабыз учурда Бириккен Араб Эмиратындагы Абу-Даби шаарынын Зайд Университетинде эмгектенген мекендешибиз. Бул маекте бүгүнкү күндөгү коомдук процесстерге болгон көзкарашын жана элибиздин кулк-мүнөзүнө таандык сапаттар туурасында кеп учугун баштайт… – Адегенде өзүңүз туурасында атпай-журтка азын-оолак баян куруп бербейсизби. Америкада, кийин Абу-Даби шаарынын Зайд Университетинде кантип иштеп, кантип профессор наамын алдыңыз? – Олжобай иним, мен мурда Америкага барып жашайын же иштеп калайын деп план да, аракет да кылган эмесмин. Тек гана Америкадан үйрөнө турган нерселер көп экенин жакшы […]