Айнура КАДЫРМАНБЕТОВА: Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы трагедиялуулук

Жашоо – күрөш. Адамдар күндө эле өз чындыгы, өз идеалдары үчүн кызыл чеке болуп салгылашка түшүп жатпаганы менен күнүмдүк турмуш агымы билинбеген кичине жана чоң жоготуулар менен табылгалардын табигый эриш-аркагынан жана карама-каршылыктардан турат… Искусстводогу дүйнөнү трагедиялуу кабылдоо, чагылдыруу, трагедиялуулук негизде түшүндүрүү турмуш чындыгынын өзүнөн келип чыккан көрүнүш, эстетикалык категория. Пендечилик турмуштагы жеке мүнөздөгү күнүмдүк кайгы-кубанычтар менен катар ар замандын өзүнө ылайык коомдук проблемалары, карама-каршылыктары, чечилиш жолдору боло келген. Ушуга ылайык искусстводогу трагедиялуулук маселесине мамиле да ар заманда айырмалуу мүнөзгө ээ […]

Бери кара: Акылдуу падыша жөнүндө притча

Өткөн бир заманда өтө акылман, өтө такыба падыша жашаган экен. Ал өз кара жанын багууга да казынадан бир тыйын албагандыктан – күнүмдүк тирилиги үчүн ыйык китептеги насыяттарды көчүрүп жазып, ошону сатып оокатын кылчу экен. Бир күнү илимпоз кечил падышанын босогосунан аттайт. Падыша тексттен баш көтөрө албай көчүрүп отурган болот. Далайга чейин жазуу менен алек падышаны кечил да эч үндөбөстөн тиктеп отурат. Акыры сөзгө кезек келгенде кечил унчугат: – Улуу урматтуу, сиз көчүрүп отурган тексттен бир ката кетип калды, – дейт […]

ГЛУШКОВ

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Орус математиги, кибернетик, эсептөө техникасы менен башкаруу системасы боюнча илимпоз Виктор Михайлович Глушков 1923-жылы 24-августта Ростов-на-Донуда туулган. Донбасстагы Шахты шаарында чоңойгон. 3-класста окуп жүргөндө жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө өзгөчө кызыккан. 5-класста өз схемасы боюнча радиокабылдагыч, 6-класста электр-магниттик замбирек жасап, кийинки жылы радио менен башкарылуучу автомобиль жана трамвайдын моделдерин ойлоп таап, классташтарын жана мугалимдерин таң калтырган. 8-класста экенинде техникалык жогорку окуу жайында, 10-класста университетте окутулуучу жогорку математиканын курсун үйрөнгөн. Ошол мезгилде Ата Мекендик Улуу согуш башталып, ал артиллерия […]

ВИНОГРАДОВ

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Орус математиги Иван Матвеевич Виноградов 1891-жылы 14-сентябрда Великие Лукиге чукул Милолюб деген айылда (азыркы Псков облусу) туулган. Атасы дин кызматкери болгон. Энеси Александра Федоровна Псков гимназиясын бүткөн. Ал математиканы абдан жакшы көрүүчү, ошондуктан өзүмдүн жөндөмдүүлүгүмдү уулума бере алдым деп эсептөөчү. Ал эми атасы болсо “адам айбандан мээси менен гана айырмаланат. Ваня, оку, эч качан акчанын артынан түшпө…” – деп үйрөткөн.

АЛЬ ХОРЕЗМИ

БИЛГЕНДЕН БИЛЕ ЭЛЕГИҢ КӨП Математика менен астрономиянын өз алдынча илим болуп калыптануусуна жана өнүгүүсүнө бараандуу салым кошкон Аль-Хорезми Мухаммед бен Муса (толук аты арабча Абу-Абдала Мухаммед ибн Муса аль-Хорезмий) 780-783-жылдары Хорезм мамлекетинде (азыркы Өзбекстан аймагында) жарык дүйнөгө келген. Аны аль-Мажуси деп да аташкан. Анын өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө маалыматтар толук сакталган эмес. Бизге белгилүүсү, 9-кылымдын башталышында араб халифи Мамун ар-Рашид Багдадда көрүнүктүү илимпоздорду чогулткан.

Орто кылымдагы Орто Азия жылдыздары

Көп кылымдар бою короолош, жери танапташ чыгыш элдери бири-бири менен жуурулушкан алака-катнашта, тыгыз байланышта жашап келишкен. Алар тектеш түрк тилинде сүйлөп, ар кандай кыйынчылык-кысталышта бири-бирине өбөк-жөлөк болуп, эчендеген кылымдарды карытышкан. Бири-биринин жакшылык-жамандыгына бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара, бири сүйүнсө чогуу сүйүнүшүп, кайгырса чогуу кайгырышкан. Бир дарактан салааланып тараган бутагы сымал алардын тагдыры да, тарыхы да орток болгон. Ошондуктан соңку кезде айрым элдер ошол учурдагы чыгаан инсандарды өздөрүнө гана таандык кылып жүргөндүктөрү да бекеринен эмес. Чынында алардын келечекке калтырган […]