Наргиза УЗАКБАЕВА “Биздин максат – Чыгыш адабияты менен маданиятын кыргыз элине таанытуу” дейт

Маектешибиз “Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниясынын” жетекчиси Узакбаева Наргиза азыркы жаштардын арасынан зээндүүлүгү, зиректиги, кылдаттыгы, кала берсе жетекчилик сапаттары менен айырмаланып турат. Жаш болсо да илим-билимдүү адамдардан турган бир компаниянын жүгүн көтөрүп, кыска убакыт ичинде алдыңкы басма компанияга айланта алды. Айта кетүүчү нерсе, мындай Басма компания Кыргызстанда алгачкылардан болуп ачылган кытай адабиятын, тарыхын, искусствосу менен маданиятын кыргыз тилинде сүйлөткөн редакциялык топко айланып чыга келди. Кытайдын Харбин университетинен билим алып, билимин кыргыз жеринде, кыргыз элинин пайдасына иштетип жаткан келечектин жылдызы […]

Верещагин — салтка сыйбаган сүрөтчү

Жогорудагы сүрөт: В. Верещагин. «Согуштун апофеозу», 1871 Василий Верещагиндин согуш тууралуу тарткан полотнолору падышалык Орусияда генералдардын жана падышанын нааразылыгын жаратып, сүрөткер аскерлерди каралап көрсөтүүдө деген сынга кабылган. Бүгүн болсо сүрөткердин картиналары, анын ичинде «Колуна шумкар кондурган бай кыргыз” деген портрети Орусиянын атактуу музейлеринин сыймыгы. 100 жыл илгери 1904-жылы 31-мартта Ыраакы Чыгыштын Порт-Артур шаарына чукул деңизде Орус империясына караштуу “Петропавловск” аскердик кемеси жапондордун минасына кабылып, тең бөлүнүп, чөгүп кетет. Кемеде бүт дүйнөгө белгилүү баталист-художник Василий Васильевич Верещагин бар эле. Балким Верещагиндин […]

Элдүүлүк жана реализм

Атактуу  немис  драматургу,  акын,  искусство иликтөөчү, режиссёр Бертольт Брехт  Аугсбургда туулган. Германиянын жана дүйнөнүн көптөгөн театрларына коюлган «Ваал», «Барабанный бой в ночи» (1922), «Говорящий «да» и говорящий «нет» (1930), «Горации и Куриации» (1934) ж.б. пьесалардын автору. «Эпикалык театр» теориясын иштеп чыккан. 1933-жылы Гитлер бийликке  келгенден  кийин эмиграцияга кетип «Страх и отчаяние в Третьем рейхе» (1938), драму «Винтовки Терезы Каррар» (1937) аттуу реалисттик чыгармаларды, «Добрый человек из Сезуана» (1940),  «Карьера  Артуро Уи» (1941), «Кавказский меловой круг» (1944), «Мамаша Кураж и ее […]

Рюноскэ АКУТАГАВА: «Эргежээлдин экимети» — 2

Жалганчы Каратып туруп калп айткан аялды билер элем. Ал баарынан бактылуу болчу. Бирок ал чыпчын айтып атса да, билгендер калп айтат деп койчу. Анткени ал калпты кынабына келтирип, көркүнө чыгарып айтар эле. Аны жакшы билген аккөз, көккөздөр анысын эң кайгылуу трагедиясы катары карачу. Кайрадан ошо жөнүндө Бардык художниктер сыяктуу эле мен да калпты катырам. Арийне эчкачан артынан кууп кеткен эмесмин. А ал болсо те, атамзамандагы калпын азыр эле айтып аткансып эсине тутуп жүрөр эле. Кайрадан ошо жөнүндө Канчалык каңырык түтөсө […]