Габриэль Гарсиа Маркес: Бальтасардын бактылуу күнү  

(Колумбия) АҢГЕМЕ Бальтасар тор капас жасап бүтүп, көнгөн адатынча үйдүн чатырынын астына илип койду. Ананбы, ал наар ооз тийип, нанушта кылганга үлгүрбөй, жака-белдеги жамагат бу тор капас дүйнөдөгү  эң  кооз тор капас деп дуулдап калыптыр. Көргөнү көңүлдөнгөндөр   көбөйгөндөн  аныңыз капасын аскан  жеринен чечип, устаканага кийирип таштоого аргасыз  болбоспу. — Монах баштанбай, сакалыңды кырсаңчы, — деди Урсула күйөөсүнө. Анда Бальтасар барк этет: — Тамактан кийин да сакал алчу беле. Сакалы эки апталык, үрпөйгөн чачы качырдын жалындай кыска, кайраттуу, кебетеси  алаңдаган жаш […]

«Бука» жетелеген жазуучу

Жашоо кумары жана жалгыздык Көйнөктүн кири жууганда кетет, Көңүлдүн кири айтканда кетет. Кыргыз макалы. Достордун жүз көрүшүүсүнөн өткөн дөөлөт жок бул дүйнөдө. Саади Баарлашуу – адам жашоосундагы башкы баалуулук. Антуан де Сент-Экзюпери Белгилүү жазуучу, филолог окумуштуу Бейшебай Усубалиевдин 90-жылдарда жазылган «Бука» повести Советтер Союзу урагандан кийинки арасат мезгилдеги адамдардын жан маанайын чагылдыргандай көрүнөт. Бирок бул чыгарма ошол кездеги эле кырдаалды эмес, адам жашоосунда дайыма болуучу, көбүнчө анча байкалбай, турмуш оордогондо кыйла катуу сезилип, ошондо деле көпчүлүккө түшүнүксүз бойдон кала берчү […]

Барно САБИРОВА: «Жана»

АҢГЕМЕ Ал буга чейин оюна да алган эмес. Бир эле сөз анын тагдырын өзгөртүп саларын. Эми мындан ары кайсы кагазга кол койсо да этиет болору бышык. Бирок бул жолкусу ал үчүн эстен чыккыс сабак, кала берсе да ачуу сабак болчудай. Азыр да ошол тээ мындан 3 жыл мурдагы окуяны эсине түшүрүп олтурат. Бир нече жыл бою жыйган-тергендерин чогултуп, ичпей-жебей ушул темир тулпарды алышпады беле. Жык-жыйма базардан машинаны алып, аны тариздөөгө нотариус издеп жөнөп калышкан. Нотариуска барганда сатуучу менен кардар экөө […]

Эрнест ХЕМИНГУЭЙ: Чарчоо керек, бөтөнчө сүйүктүү аялыңдын лаззатынан

Акыл тегерете алгандардын баары – атеисттер. * * * Байлар – кунарсыз журт… бардыгы окшош да. * * * Айрым адамдардын кемтиги күлүк аттын сымбатындай эле сыртынан даана көрүнүп турат. * * * Шайыр адамдар адатта курч келишет да, согушта биринчилерден курман болушат. * * * Жансыз жазгандардын айланасында кагазы көп. * * * Өткөн мезгилде мекен үчүн өлүүнүн таттылыгы жана кереметтиги туурасында көп жазышчу. Азыркы согуштун эч кандай таттысы да, керемети да жок. Ит сыңары эч себепсиз эле өлүп […]

Гильберт Кийт ЧЕСТЕРТОН: «Омар Хаям жана касиеттүү шарап»

Гильберт Кийт ЧЕСТЕРТОН – 1874-жылы 29-майда Улуубританиянын Кенсингтонунда туулуп, 1836-жылы 14-июнда Бакингемшир (Биконсфилд) аймагында каза болгон. Прозаик, акын, драматург, эссеист, журналист, публицист. 1890–1936-жылдары 80ге жакын китеп жазган. Калемине 200дөй аңгеме, 4 миңдей эссе, пьесалар, жүздөгөн ырлар таандык. Эссе Жаңы заман адеп-ахлагы дегенибиз масчылык маселесин бардык балээнин башкы себеби кылып алды. Адамдарды түнкү саат 12.30да ресторандан айдап чыгаргандардан баштап, Америка барларына балта ала жүгүргөн албуут аялдарга чейинки насаатчылардын жанын жай алдырбаган маселе ошол. Арийне алар токтогон «токтом» ар дайым бирөө эле: […]

Жума намаз

Аңгеме Менин Бек аттуу бу каарманым бир эмес, эки жолу үйлөндү. Экөө тең мыкты бүлө, мыкты жар болчулардан эле. Чырактай болгон мурдагы колуктусу таяктын уусуна чыдабады көрүнөт, эки бирдей баласын жетелеп, төркүнүнө баса берди. Келгис болду акыры. Кийинкисине кол көтөрбөй жүрдү эле, бирок көнгөн адат калмакпы… чоң муштумдук курусун… Бир уул, бир кыз төрөп берген кийинкисине да зөөкүр неме ичкилик татып келген күнү далай көргүлүктү көрсөттү го. Үйдү чаңызгытып, катын-балдарын туш-тушка кубалаган адаты мурдагысынан күчөдү. А соо кезинде андан өткөн […]