Олжобай ШАКИР: Шарияттын адаштырган жолу (уландысы)

ПОВЕСТЬ <<<<<<<<<<<<<<<Башы Абдыбеги ордунан шып туруп кетип, бир заматта чылапчындын кап ортосунан ылдый жылуу суу куюп кирип келди. – Апа, байпагыңызды чечсеңиз, – Закендин жанына сыңар тизелей отура калды. – Не кылат элең? – бутун тарта калып чочуган Закен күтүүсүздөн таңгалды уулуна. – Сиздин алдыңыздагы айыптарымды, күүнөөлөрүмдү жуушум керек экен? – Ким айтат антип? – Устазыбыз, – Абдыбек апасы өзү эңкейгиче болбоду, Закендин байпагын чечип, буттарын жууй баштады, – эгер билип, билбеген күнөөлөрүм болсо кечириңиз, апа. Бейиш ушул таманыңыздын алдында […]

Кайталагандан келме бузулбайт: Улуу Нооруз боюнча Айтматов не дейт, Чубак не дейт…

Чыңгыз Айтматов: Гунн, түрк, хорезм жазууларын жок кылган соң араб басып алуучулары элдин рухий байлыктарын, маданиятын жана адабиятын, каада-салттарын жок кылып, аларды өздөрүнүн салттары менен алмаштырып, жер аттарын да, адам ысымдарын да арабча коё башташат. Нооруз майрамынын ордуна Курман-айт пайда болот. 28 тыбыштан турган араб жазуусу (биз 1924-жылга чейин колдонгон) бизге дал ушундай болуп келген. Ошондо биз мурдатан жыйган тарыхый аң-сезимибизди жогото баштаганбыз. Эгерде жазуубуз азырга чейин сакталып калса, биз азыр качан, кайсыл кылымда кыргыздар менен казактар бир ата-энеден төрөлүштү экен […]

Бакытбек АБДУЛЛАЕВ:  Эрте курактагы балага китепти кантип тандашты билесизби?

Мурдагы макалада жаңы төрөлгөн балага китеп окуу мектепте жакшы окушуна себеп болоруна токтолгом. Ал макаладан кийин окурмандардан ар кандай ой-пикирлер айтылды. Бирок мени эң көп “китеп окууну түшүндүк, бирок конкретно кайсы китепти окуганды сунуштайсың?” деген суроо ойлонтту. Себеби, бул нерсе башыман өттү. Ошондуктан бул макалада мектепке чейин балага кандай китепти тандап окуу керектигине жана кантип окуу жөнүндө сөз болмокчу. Ар кимдин ар кандай дүйнөлүк (диний) көз карашы болгондуктан китеп аттарын так атабоону чечтим. Эмне окуш керек? Чоң уулум төрөлөөрдө кыргызча […]

Кубатбек ТАБАЛДИЕВ: Енисей Ысык-Көлгө куят

же Енисей кыргыздары менен Теңир-Too кыргыздарынын теги бир экендиги археологиялык изилдөөлөрдүн негизинде Археологиялык казууда табылган маалыматтарды талдаган соң гана кошумча тарыхый булактар аркылуу текшерип, этногенез маселелерин чечүүгө багыт алууга мүмкүн. Тажрыйба көргөзгөндөй, этникалык маселе көп тараптуу адистердин максаттуу изилдөөлөрүн талап кылат. Жалпы топтолгон жыйынтыктар боюнча алганда, азыркы учурдагы Борбор Азиядагы ар бир калктын этникалык тарыхы байыркы жана орто кылымдарда ушул аймактарды мекендеген калктар менен байланыштуу. Бул маселенин ушул мезгилге чейин Кыргызстанда жай изилденип келишинин себептеринин бири – орто кылымдарга чейинки […]

Өмүрбек КАРАЕВ: Кийит

АҢГЕМЕ Кыргыз деген кызык эл. Каада-салты эң эле көп. Заман өзгөрөбү, муун алмашабы — кеп эмес. «Эл эмне дейт» деген карандай сактаныч баш мээни эзип турат. Каада-салт сактоонун бараандуусу кийит кийгизмей шарапаты. Кийит кийгизүүнүн даражалуу да, туздуусу да кыз алып бала үйлөнткөндө, болбосо кыз берип куда күткөндө жасалчу жөрөлгө. Өзгөчө кыз берген тарап не сыйлуу, не даражалуу болот. Маркабайдын алты кызы бар эле. Жоро-жолдоштору айтып калчу: «О сага пенсияга чыгып өкүмөттөн акча үмтөтүп деле кереги жок, улам бир кызыңды узатып […]

Улутуңдун уңгусун сакта

Улуттун уңгусун тили, кийими, маданияты түзөт. Анткени тили, кийими, маданияты болбогон улут да улутпу. Бир элди башка элден айырмалап, улут деген аталышка ээ кылып турган тили. Тил – улуттун жүзү, ар-намысы. Тилдин жоголушу улуттун жоголушу дегендик. Азыркы мезгилде эне тилдин бузулушу өтө көйгөйлүү маселеге айланууда. Улуттун тилинин бузулуу проблемасы дүйнө элдерин түйшөлтүп, эчен кылымдарды карытып келет. Кечээ эле, бир кылым мурда орус элинин тилге болгон мамилесин мисалга тартсак жетиштүү болор. Алар ошол учурда французча билбеген орусту экинчи сорттогу адам катары […]

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: «Комсомолдук той»

АҢГЕМЕ Чоң клубда «комсомолдук той» болот экен деген кабар айылга тарагандан баштап, бу тойду көргөнгө куштар болгондор клубду күн мурунтан эле айланчыктай башташты. Себеби мындай той айылда мурда-кийин болуп көргөн эмес. Райондон келген комсомолдун биринчи катчысы бул тойдун заманбап, комсомолдук болорун, эч кандай салттуу ырым-жырымсыз өтөрүн, анын кантип өтө турган жол-жоболорун айыл активдерине бышыктап түшүндүрүп, анан тойго өзү жана колхоздун райиси катышарын да билдирип кетти. Ошондон бери Кадырбек бригатта тыным жок. Канча жыл акталбай жаткан клубду эки күн ичинде актаттырды, […]

Абдыкерим МУРАТОВ: «Жамийла — элдик тарбия нускаларын тебелөөчүбү же сыйлоочубу?»

Адабият таануу Ч.Айтматовдун «Обон» («Жамийла») повести жазуучунун атын дүйнөгө тааныткан чыгарма гана эмес, ал улуттук алкакта ой жүгүртүүнү жаңы тепкичке көтөрүлгөндүгүн ачык айгинелеген, коомдук турмушта болуп жаткан өзгөрүүлөргө кабарчы чыгарма болду. Анын тагдырындагы дилеммалуу пикирлерди жараткан «жакшы» жана «жаман», «оң» жана «терс» деген критерийлердин элегине салганда эки өйүздө калган каарман бул Жамийла болгон. Жамийла – элдик салттарды, анын ичинде элдик тарбиянын эреже-нормаларын тээп чыккан, ошол алкак тарлык кылып, ага батпай калган каарман деп айтып келебиз. Бул чыгарманы кандайча кабыл алгандыгы, […]