Жумагүл Барктабасова: Карышкыр

ЭТЮД Бир ирет Каракол шаарындагы зоопарктан карышкыр качыптыр деген каңшаар тарады. «Эми бирөө-жарымга кол салып, бала-бакыраны жарып салбаса экен» деген кооптонуулар жаралды. Акыры ал маалымат чындык болуп чыкты. Көрсө, зоопарктан бир карышкыр чын эле качып чыгыптыр. Азыр эми интернеттин заманы болбодубу. Учурда ар бир экинчи адам көчөдө көргөнүн калың журтка жарыялай алат. Ал маалымат же көрүнүш кызыктуулугуна жараша ары жагы Америка, бери жагы Кытайга чейин кетет. Кыскасы, жарым саат өтүп-өтпөй эле карышкырдын качып баратканын телефонго тартып алгандар видеосун интернетке коюп, […]

Ингуш эл жомогу: Карышкыр, түлкү жана короз

Токойдон түлкү, карышкыр, короз жолугат. Үчөө тең үй-жайсыз үчүн баш калка издеп жүрүшкөн экен. Түлкү айтат: — Үчөөбүздө тең үй жок болсо, келгиле, биригип конуш-жай курабыз. — А кантип курабыз? – дейт карышкыр менен короз. Түлкү түшүндүрүп баштайт: — Карышкыр отун ташыйт, мен от жагам, а короз күнүгө таңда кыйкырып турат. Анан адамдар түтүндү көрүп, короздун кыйкырганын уса, бизди жаңы конуш куруптур деп башташат. Карышкыр, короз буга макул болот. Эртеси карышкыр отунга жөнөйт, ал жокто түлкү корозго тап берип, куйругун […]

Түгөлбай КАЗАКОВ: Кудайдан эмес, агайлардан коркчубуз

Сардалаа… Бу талаанын аты. Жазында жаш баладай сүймөнчүк эле. Анан жетилчү. Анан бардар-сардар болуп барып, тез эле карып, өлүп тынчу. Жыл сайын ошол. Күзүндө тууттан кийинки малдай эси ооп, алсырап, тытмалап, тоноп кеткен адамдардын артынан кошо чуркай албай тырайып жаткан Сардалаа. Аны менен адашкан козудай жаагын жана ырдап бараткан жаш бала… Кышында койчумандын итиндей титиреп кардын алдында жатса, аны жөн жаткырбай кайдан-жайдан келген бороон кар тозоңун өйдө-ылдый кубалап, каалашынча тайраңдап, талаанын кейпин учуруп, анан тээ нарыда качанкы өткөндөрдү эстеп, ошонусунан […]

Африка жомогу: Отунчу  менен антилопа

Качанкы бир кезде дарак кыйып, андан отун даярдап жан баккан бир жигит  болуптур.  Ал  күчтүү, эмгекчил жана түз жүргөн жакшы адам болгондуктан көптөгөн бай кишилер аны өзүнө кызматкер кылып алгылары келишчү экен. Бирок эркиндикти сүйгөн отунчу эч кимге көзкаранды болгусу келбейт. Андыктан отунчулук жумушу оор болсо да андан баш тартпастан иштеп жүрө берет. Бир күнү отунчу токойдо өз иши менен алек болуп иштеп жатса кандайдыр дабыштар угулуп,  карай калса буту жарадар антилопаны карышкыр кууп жетип, тиштегени калыптыр. Балтасын ала калып […]

Иван жиндинин каалга кайтарганы

Орус жомогу Чал менен кемпир жашаптыр. Алардын үч уулу болот: экөөсү эстүү, бирөөсү кем акыл. Үйдөгүлөрдүн баары талаага жумушка кетмей болушат. Иван да нандан бурдап, суудан жутуп, жумушка дүрбөп калат. – Сен кайда бармак элең, отур, – дешет баары. – Силер менен жумушка барайын. – Эч кайда барбайсың. Сен каалганы эле кайтарып үйдө отур, уурулар шыпырып кетпесин. Ошентип ал үйдө жалгыз калат. Кечке отуруп тажаганда, каалганы ашыктан ажыратат да, жонуна көтөрүп жөнөйт. Талаага келет. Бир туугандары сурайт: – Сен эмне […]

Арстандар Сибирден неге кетишкен?

Бурят жомогу Эзелки замандарда токойлуу жана суук Сибирь аймагында арстандар жашаптыр. Алар апсайып-саксайып узун жүндүү келип, катуу сууктан түк коркчу эмес экен. Бир жолу арстан карышкырга кезигип калат: — Ой, жиндиге окшоп кайда шашып? — Өлүмдөн качып баратам! — Сени ким өлтүрөт экен? — Катуу чүчкүргүч. Бир жолу ал чүчкүрдү эле – агам өлдү. Экинчи чүчкүргөн соң – эжемден айрылдым. Үчүнчүсүндө – бутумду майып кылды. Көрчү, аксап жүрөм, – деди карышкыр шашмаланып. Арстан айкырды: тоо кулап, токой шуудурап, асман ыйлады. […]

Худайберди ХАЛЛЫ: Карышкыр

Боордош эл адабиятынан Түркмөнстандагы катаал саясый режимден улам Европада бозгунда жүргөн түркмөн жазуучусу Худайберди ХАЛЛЫ туурасында буга дейре «РухЭш» сайтында анын маегин жарыялап (Саясый куугунга кабылган түркмөн жазуучусунун тагдыры), чыгармалары менен кыргыз окурмандарын тааныштырууну убада кылган элек. Убадабыз боюнча таланттуу жаш котормочуларыбыздын бири, түрколог Урматбек Нурсейит уулунун эмгеги менен түпнускадан кыргызчаланган боордош жазуучубуздун «Карышкыр» аттуу аңгемесин сунуштайбыз… АҢГЕМЕ Жер бетине жарык түшкөндөн бери ал коркунучтуу кездешүүнү күтүп жатты. Күн уясынан чыгып, жерден көлөкө көтөрүлгөндө күрүлдөгөн жагымсыз үн угулду. Күрүлдөгөн үн […]

Карышкыр

Бурят жомогу Карышкыр дарыя боюна келип, баткакка тыгылган кулунду көрдү. Шилекейин чууртуп даяр оокатты жегиси келди. Кулун жалбарды: — Сен адегенде мени тартып чыгар, анан деле жегенге үлгүрөсүң. Бөрү айтканга көндү. Кулунду тыгылган жерден тартып чыкты. Анан аны жемекчи болду эле кулун минте салды: — Коё тур, кашабаң, анан дале сен жейсиң да. Мен адегенде курганайын, жуунуп-тазаланайын. Болбосо ушул баткак менен кантип даап оозуңа саласың. Кулун курганды, жүнү жылтырап тазаланды. Карышкыр тишин кайрап, ичин жара тартууга камынды. — Коё тур, […]

Мухтар АУЭЗОВ: Көк жал

Казак классикасынан ПОВЕСТЬ  Кара-Адырга жакынкы чоң жар элсиз, ээн, бирок бул жар ошол айылдын чет жакасында жашаган ар бир койчуга аттын кашкасындай белгилүү боло турган. Анткени ал жар көп кайгылуу кырсыктарга себепкер болчу. Кара-Адыр бүт жапырап өскөн караган-шактарга жана тобулгуга чүмкөнүп тургандыктан, баалуу аң терисинен жасалган тебетейге окшоп кетчү. Караган-шактардын уч жагы саргайыңкы тартып, назик көктөп, анан бүр ача турган. Жардын айланасына бүт бойдон ит мурун өсчү. Ошол үстү жагы сеңселген тикендүү караган-шак карышкырдын ийнин көрсөтпөй жаап кала турган. Жар […]

Түлкү, жолборс, аюу, карышкыр

Кыргыз жомогу Жолборс, карышкыр, түлкү, аюу — төртөө жолдош бодду. Тапканын ортого салып, оокат кылмакка убада кылышты. Анан жолдо келатышып, төөгө кезигишти. Төөнү да «бизге жолдош бол» деп кошуп алышты. Узак жол жүрүп, курсактары ачты. Түлкү анан мындай масилет кылды: — Ии,  бул төө  ынаса,  баасын  он  койго  чегерелик.  Жазында  ар бирибиз экиден кой десек, бул турган төртөөбүз сегиз кой тийет. Эки кой өзүнө эсеп болсун, ушуну менен баасы тынат,- деди. Түлкү бул кепти баштап коёру менен төөнү карызга союуну […]

Жалкоо Бадма жана адилет казы

Бурят жомогу Бадма жалкоо эле. Бирок ал өзү жөнүндө абдан жакшы иштейт, эң эле жолдуу киши деген сөздөрдүн айтылышын каалачу. Бир жылы Бадма эгин экти. Эккен менен аны багып, карагысы келбеди. Мойну жар бербеди. Эгин талаасын отоо чөп басып, буудайы анын арасынан көрүнбөй калды. Бадманын талаасына кошуна жерге үч мергенчи ууланган жем таштап, карышкырларды өлтүрмөк болду. Чын эле карышкырлар ошол ууну жеп, анан кетүүгө аракет кылып, бирок алсырап, баягы Бадманын эгин талаасына келгенде жан таслим кылышты. Мергенчилер келип, ууланган жемди […]

Акылсыз бай

Бурят жомогу Илгери өткөн заманда бир жакыр жашаган үй-бүлө болуптур да, алардын болгон малы, баккан-көргөнү, ишенгени жалгыз өгүзү экен. Бир жолу ага токойдон чыккан карышкырлар кол салат. Ач бөрүлөр жетөө экен. Өгүз эптеп корголоп, акыры сарайына чейин келиптир да, мүйүзү менен кашабаларды челип, арткы буту менен сарайдын эшигин ачыптыр. Ачыккан жырткычтар жаңы кан таткысы келип, алар да сарайды түрткүлөп ачып алат. Анан качкан да, куугандар да кирген соң эшик жабылып калат. Каалга болсо ичинен сыртка түрткөндө ачылбайт да. Ошентип жети […]

Жек ЛОНДОН: «Ак Азуу»

ПОВЕСТЬ I БӨЛҮМ жана II БӨЛҮМ ушул шилтемеден ачылат III БӨЛҮМ I бап. От ээлери Бөлтүрүк  буга  капыстан  дуушар  болду.  Буга  өзү  күнөөлүү.  Аңкоолук кылды.  Үңкүрдөн  чыгып,  суу  ичкени  бараткан.  Сыягы,  жакшы  ойгоно  электиги да  себеп  болду  окшойт.  (Түнү  менен  аң  уулап  жүргөн  бөлтүрүк  жаңы  эле ойгонгон.)  Анын  үстүнө  сууга  кеткен  жолду  беш  колундай  билчү.  Ал  буга чейин эч нерсе болбой, аман-эсен эле барып-келип жүрчү да. Бөлтүрүк жалгыз аяк жол менен куурап калган кызыл карагайга түшүп келип,  ачык  жерден  өттү  да,  […]

Ээсин тапкан ит

Бурят жомогу Тайга деген жер болот. Токойлор, жыш дарактар, карагай-кайыңдар, бадал-черлер. Анан өтө көп жан-жаныбарлар. Ошол Сибирь жактарда андай чексиз аймактар көп. Бир кезде кыргыздар да аерлерде жашаган дешет. Ал эми бурят эл жомогу мынтип айтылат. Ошол жерди турак кылган бир ит илгерки замандардын биринде өзүнчө ойлонуптур: «Жалгыз жашаган жанга батты. Эң эле тайбас, тартынбас, күчтүү жаныбарды табайын да, ошого дос болоюн, анан ошону менен түбөлүк жолдош катары күн өткөрөйүн». Ошентип ит дос издеп токойго чыгат. Биринчи болуп коркок коёнго […]