Африка жомогу: Отунчу  менен антилопа

Качанкы бир кезде дарак кыйып, андан отун даярдап жан баккан бир жигит  болуптур.  Ал  күчтүү, эмгекчил жана түз жүргөн жакшы адам болгондуктан көптөгөн бай кишилер аны өзүнө кызматкер кылып алгылары келишчү экен. Бирок эркиндикти сүйгөн отунчу эч кимге көзкаранды болгусу келбейт. Андыктан отунчулук жумушу оор болсо да андан баш тартпастан иштеп жүрө берет. Бир күнү отунчу токойдо өз иши менен алек болуп иштеп жатса кандайдыр дабыштар угулуп,  карай калса буту жарадар антилопаны карышкыр кууп жетип, тиштегени калыптыр. Балтасын ала калып […]

Олжобай ШАКИР: Жаны чыкпаган ташбака

АҢГЕМЕ Баятан кайра-кайра сыртка чыккан Тамырланга иттин эмнеге үрүп атканы белгисиз эле. Минтип жөнү жок ажылдаган итин тилдеп-тилдеп кирип кетип, көчүгү жаңыдан жер жыттаганда кайрадан башталдыле, эми үйдөгү меймандардан ыңгайсызданган Тамырландын келинчеги конок үйдөн жылып чыгып кеткен себеби: терезе тушундагы иттин ажылдаганына кулагы чыдабаган меймандардын арасынан «итиңерди бүгүнчө бошотуп деле койбойсуңарбы» деген өтүнүч болгон. Бирок бул кепти укса да укмаксан болуп, сыртка чыгып итти тилдеп койгондон башкага жарабаган күйөөсүнүн кежирлиги үчүн айда-жылда бир келген төркүндөрүнөн уялып отурган Айшерик сыртка чыкты […]

Тарбия жөнүндө притча: Жакшы мектеп издөө

Ата-эне баласын окууга бермек болуп, жакшы мектеп издеп башташат. Акыры бул озуйпа үйдүн эң аксакалдуу карыясынын мойнуна илинет. Чоң ата бир мектепти көрүп, ошол мектептин короосуна кирет да, танапис маалын күтөт. Мектептен чыккан окуучулар менен сүйлөшкүсү келет. Балдар танаписке чыкканда эски чапанчан кары кишини көрүп, аны тегеректеп ойноп калышат. Ал тургай мурундарын чүйрүп: – Могу чалды карасаң, күлкүлүү экен, – деп кээси бирине бири жарыяласа, кээси: – Бу чал эмне издеп келди? – деп өздөрүнчө шыбыраша баштайт. Башка бейбаш балдар […]

Антон Чехов: Почта бөлүмүндө

АҢГЕМЕ Которгон Догдурбек ЮСУПОВ Жакында биз карыя почтмейстер Сладкоперцевдин жаш жубайын акыркы сапарга узаттык. Көрүстөнгө коюлгандан кийин ата-бабалардын салты боюнча ага көңүл айтуу үчүн почта бөлүмүнө жөнөдүк. Баарына тамак куюлгандан кийин жесил-карыя булкулдап ыйлап жиберди да, мындай деди: – Мобу токочтун да маркум сыяктуу көрктүүлүгүн карагылачы. Дал ошондой сулуу! Тим эле өз-зү-ү! – Чын эле, – деп бардыгы макул болушту. – Сиздин жубайыңыз чын эле сулуу болчу… Биринчи сорттогу аял эле! – Ооба… Ага бардыгы суктанчу… Бирок төрөлөр, мен аны […]

Няня-Хубун

Бурят жомогу Бир жетим бала болуптур. Анда ата да, эне да, бир тууган да жок экен. Мындайды томолой же тоголок жетим дешет. Ал жерге жүргөндөн тартып билген-көргөнү кой болуптур. Бир күн да тыным билбей байдын койлорун кайтарчу экен. Кой ээси ага: — Менин бир да коюм жоголбосун! Эгер бирөө эле жоголсо, жаныңдан үмүтүңдү үзө бер!- деп тынымсыз кулагына куюп турчу. Күн ачыкта койлор жуушап, анча дале кыйнабайт. Алай-дүлөй болсо эле кой жаныбарды көрүп ал, же баспайт, же оттобойт, туш тарапка […]

Дилазык: Аял көтөргөн жаш кечил

(Буддизм икаяларынан) Кары жана жаш кечил сапарда бараткан. Алар жүргөн жол буркан-шаркан түшүп аккан, бирок көп деле жайык жана анча терең эмес өзөнгө барып такалат. Экөө дарыядан эми өткөнү жатканда тайыз кечүү издеп жүргөн жарашыктуу кийинген сулуу аял алардын жанына келет. Аял колундагы желпүүрүн желпигенде жылмайган жүзүндөгү бакыракай көздөрү бирде жумулуп, бирде ачылат. — Ой, суу аябай эле муздак, агымы да шар экен. Кокус суу тийсе, жибек кимономдун көркү бузулат. Кимдир бирөөңүздөр мени дарыядан көтөрүп өткөрүп койсоңуздар болобу? — деп […]

Улуу чынардын көлөкөсүндө

Карыянын ибарат   Кыргызда бир киши бар. Өзү айткандай кыбырап-сыбыраган карыялык куракка жеткенге чейин кыргызга тоодой кызмат кылды. Ааламды алаканына салып, акылманча айландыра ойлонуп, дыйканча кажыбай мээнеттенди. Кыйратып салдым деп кыйкырбады. Күлгүндөй жигит курагында «Ыр-сабындагы өмүрдү» жазып, улуу акын Алыкулдун бейнесин, тагдырын ажарына чыгара тартты. Өмүрдүн өрүнө баратып «Байыркынын издерине» түшүп, балбал таштар менен сүйлөштү. Осуяттарын окурмандарга жеткирди. Кыйырды кыдырып, сырды сыдырып «Кыргыздарды» жазды. «Тарых бир эле өткөндүн кабары, баяны гана эмес, урпактарга калган улуу нуска, ибарат. Тарых баяны сырттан чыккан […]

Алтайды алкоо

Бронтой  БЕДЮРОВ  ЖЕР, СУУГА ГИМН Салт боюнча жазда, тодош уруусу ыйык тоо Бабырганга сыйынууга чыкканда, элдин атынан кадырлуу карыя Бан-Бушалдайдын айтканы: Оо, касиетиңден айланайын улуу тоо Ала-Бабырган, Ала-Бабырган, Кут төгүлгөн берекеңен, Ала-Бабырган, Ала-Бабырган! Үзөңгүсү үзүлбөстөн кагышкан Жаңы жылды мейкининде жаңырткан, Ала-Бабырган, Ала-Бабырган!