Калыс ИШИМКАНОВ: Акын Фатима Абдалованын чыгармачылыгына сүртүмдөр

Бишкектеги “Улуу тоолор” басмасынан 2016-жылы акын Фатима Абдалованын “Жолдо бастым ойлонуп” аттуу 36 басма табак көлөмүндөгү ыр жыйнагы жарыкка чыкты. Китебин минтип – көп нерсеге баам сала алган, адам тагдырларына кайдыгер карай албаган жана жашоо, дүйнө, табият, адам жан дүйнөсү тууралуу терең ой жүгүртө алган акын гана атай алмак. Китепте деңизге куйган сансыз дарыялардай болуп, нечендеген адам тагдырларын артынган Жер планети алып учат… Мен Фатима Абдалованын аталган китебинде жаткан – канча бир адам тагдырларын, алардын кубаныч-кайгыларын, араздашууларын, бири-бирине таптакыр карама-каршы […]

Азамат ТӨКӨРОВ: Кар жаап жатты

АҢГЕМЕ Түнү эшикке чыкканда жылдыздар жымыңдап турган. Эрте менен чыкса кар лапылдап уруп атыптыр. Эшик алдын кызыл ашыктан өткөрө коюптур. Узун, тизеден келген чапанынын этегин кайырып, белиндеги курга кыстарды да, кар малтап үйдүн сол жамбашындагы бастырмага жөнөдү. Күрөктү алып чыгып, эшик-эликти күрөп койбосо болбойт: бата кылабыз деген адамдар кар жаап койгонуна карап отурмакпы. Бирин-сериндеп келе берет. Күрөгүн алып чыгып карга сайып, сабына жөлөндү да, чөнтөгүнөн тамекисин алып түтөтө баштады. Чылымын чегип болуп, «Яппирималла!»- деп карды шилей баштады. Темир күрөк үйдүн […]

Сулайман РЫСБАЕВ: Балдырхан

ТЕЛЕВИЗОР КӨРГӨН ООЗ Кечинде телевизордо кызыктуу кино болду. Жомок экен. Балдар баары уктабай көрүп отурушту. Садыр гана кээде үргүлөп кетип, кайра ойгонуп кетет. Аны көргөн агасы Сабыр ийнинен тартты: —  Эй, сен уктап жатасыңбы? —  Жок, көрүп атам… —  Эмне, оозуң менен көрүп атасыңбы? —  Жок… — Анан эмне көзүндү жуумп, оозунду ачып отурасың… «АТАМ АПАМДЫН БАЛАСЫ» Кичинекей Бектен сурадым: —  Бек, сен кимдин баласысың? —  Атамдын… — А атаң кимдин баласы? —  Атам?.. Атам… апамдын балачы… «ЭКӨӨБҮЗ ТЕҢБИЗ» Элнуранын […]

Жек ЛОНДОН: Жашоо мыйзамы

АҢГЕМЕ Коскуш чал өтө кылдат тыңшап жатты. Көздүн курчу эбак өчкөнү менен, кулагы дале болсо курч, шыбырт эткен үн да текке кетпей, үлбүлдөгөн акылын тешип өтчү, бирок жылтыр бырыш баскан маңдайындагы акыл-эси мындан ары дүйнөдөгү болуп жаткан нерселерге үңүлүп кароого алсыз эле. Аа, бул болсо Сит-ким-туханын иттерди чанага кошуп жатып, аларды сабап жаткандагы ачуу кыйкырыгы эле. Сит-ким-ту-ха –кызынын кызы болчу; кардын үстүндө жалгыз отурган, баары унуткан, алдан тайган карыган таятасына көңүл бөлгөнгө убактысы жок эле. Жайытты которуш керек. Жол али […]

Абдинаби ДААБЕКОВ: Таш чеккич

АҢГЕМЕ Демейдеги түн. Абада торгой чулдурап, жай саратандын дагы бир алпейим таңы атып келатты. Сырттагы сөрүдө жаткан орто жаш киши бир капталынан экинчисине оодарылды да, эсинеп алып, оозун калкалай: – Кудайга миң мертебе шүгүр, дагы бир куттуу таңды тосуу насибин ыраа көргөн, – деп күбүрөндү. Салкын жел беттен аймалап, чулдураган торгойдун кубулжуганы, башка добуш ойгоно элек учур, ушул кез бейпилдиктин төрөлгөн күнү таризденет пейилинде, анткени жатаарында күбүрөнгөнү да, тиленгени да: – Куттуу таңга жеткир, кудайым, түн тынчтыгын насип кыл, журтум […]

Эки кыл кийим

Алтай жомогу Жылымык тарткан жазгы күнгө жана заардуу баардын шамалына кыш бою жаткан кар туруштук бере албай чет-четинен сөгүлө баштады. Анан бат эле жер карарып, чөпкө жан кирди. Жаныбарлар да, канаттуу куштар да – бары эле жаз келгенге көңүлдөрү шат, делебелери куунак. Бир гана ак коён сумсайыңкы, ат түгүл ыйлап да алган: — Аппак кар, аппак кар, кете көрбө! Мени, ак коёнду, таштай көрбө! Сенин ак жүндөрүң менен мен бүт кыш бою душмандарымдан коргонбодум беле… Эми мына бул кара жерде, […]