Дилазык: Күттүргөн суу

Бир жолу анча-мынча акылы айныган кемпай ысыктан чаңкап, суу издеп жөнөйт. Алыстан туман сыяктуу закым көрүп, суу экен деп ал жакка чуркап барат. Суунун жээгине келип, жалдырап туруп калат. Ичпейт. — Эй, эмне ичпей турасың, суу деп жанталашып келбедиң беле? — дейт аны көргөндөр. Анда кемпай: — Акылман киши сууну түбүнө чейин ичиши керек, демек мен бүтүндөй дарыяны ичишим керекпи? Суу көп экен, атүгүл бардыгыбыз ичип түгөтө албайбыз муну. Ошондуктан ичпей карап турам, — дейт. Аны уккандар санын чапкылап, күлүп […]

Дилазык: Жиндин кийими

<<<<<<<<<<<башы «Жүз уламыш жүрүмү» китебинен Бир мамлекетте эл шайырларынын тобу болуптур. Бир жылы түшүм болбой, ачкачылык болот. Шайырлар ачкачылыктын айынан чоочун жерлерге багыт алышат. Бийик тоолор аркылуу өтүүгө туура келет. Тоолордо илгертен киши жеген таш боор жиндер жашайт деген имиштерди угуп келишкен. Шайырлар тоодо түнөгөнгө туура келет. Муздак шамал улуп турат дейт. От жагып, уктап калышат. Шайырлардын бирөө үшүгөнүнөн улам өздөрү аткарган жиндин кийимин кийип, оттун түбүнө келип олтурат. Уктап жаткан шайырлардын бири ойгонуп, оттун жанында олтурган жинди көрөт. Коркуп […]

Өз жазасын алган кечил

Тай жомогу Монастрда жашаган кечил[1] болуптур, бетелди[2] абыдан жакшы көрчү дейт. Ал күнүгө кыштакта ким-бирөөнүн өлгөнү туурасында билип кел деп өз нөкөрүн[3] тызылдатып жүгүртчү экен. Анткени өлүк чыккан жерде анын шыбагасына бетель буюрчу дейт. Кокусунан бир дыйкан «Бүгүн ким өлгөнүн билип кел» деген кечилдин нөкөргө айткан кебин угуп калат. Дыйкан анан өз үйүнө келет да туугандарын жыйып, минтип турганы: – Кечилге көргүлүктү көрсөтпөсөм элеби. Анткени ал шүмшүк бетелге тоюнуш үчүн кыштакта ким өлгөнүн тиленет экен. Көрсө ага адам өмүрүнөн да […]

Унчукпоо анты

Жапон жомогу Төрт кечил[1] тоо этегинде жайгашкан храмдын үжүрөсүндө[2] жети күн бою унчукпоо үчүн антташат. Аларга керектүү ар нерсени ташып кирүүгө малай баладан бөлөккө уруксат болбойт. Караңгы кирери менен үжүрөдөгү чырак мына-мына өчүп калчудай үлбүлдөп баштайт. Башкаларга караганда шамга жакын отурган кечилдин бири бейпайга түшүп сүйлөп жиберет: – Эй, бала, чырактын билигин түзөп койчу!