Данияр ИСАНОВ: Сары чемодан

ЭССЕ  Обончу, маркум Калмурат Рыскуловго   Жетпеди деп көксөгөн талабына, Жан досум, кейибегин абалыма. (Турар КОЖОМБЕРДИЕВ)   Анда мен “өлүм”, “жашоо”, “турмуш” деген нерсенин өзүн айра тааный албаган аңкоо бала элем. Энемдин кашында эркелеп, өмүрдүн маңызы эмне экенинен кабары жок кезимде, жетилген курак кучагын жая тосуп алды. Алигүнчө көз алдымда. Ошол жылы алгач ирет жансыз адамдын сөөгүн көрүп, денем үрккөнү эч эстен кетпейт. Сексенден өтүп чоң атам акка моюн суна, а дүйнө жайга сапар алды. Элеттен тыш, калаада көп кабаттуу үйдөн […]

Кеңеш ЖУСУПОВ: Күү баяны

Мобу комуздун күүсү XIII кылымда чыккан. Күүнү кыргыздар «Кет, Бука» деп атаган. Бука деген кыргыздарды эзген монголдордун ханы болуптур. Кыргыздар ага оор салык төлөгөн. Монголдор шаарларды кара жерге теңеген, эркек аттууну аскан, аялдарына кара кийгизген. Эл азаптуу, кордукта күн кечирди. Монголдорго акарат кылган кыргыздардын башы кеткен. Күч колдо жокто эл кантип баскынчылар менен күрөшүш керек эле. Ок менен, күч менен кыргыздар душманга теңеше албайт эле. Ошондо эл комуз менен күрөшкө чыкты. Монголдорго каршы күү чыгарды. Чыгарылган күү монголдордун аскериндеги мыкаачы […]

Бекташ ШАМШЫ: Өрүк комуз

АҢГЕМЕ Бу чалды көргөн-билгендердин көбү, «а, баягы алкештердин атасыбы?» дешчү. Жашы токсондон ашкан чал эки-бирдей уулунан тирүүлөй ажыраганын билген соң, бүт дүйнөсүн комуздан издеп калган. Чалды балдарына чейин эле эрчише келген эки жамандык белге тээп баса берди. Бири – бейиши болгур кемпири болсо, бири кулунчагынан куунап чоңойткон — Жээрде кашкасы эле. Кезинде дубан жарган күлүктүн ичээр суусу, батар күнү түгөп, тарамышы көк тартып баратканы көп болгон. Кемпиринин кара ашында союп салалы дегендердин сөзүн жакын жуутпай койгон чал, эртели-кеч сыртка чыгып, […]

Дүйшөн КЕРИМОВ: «Өмүр токтоп тургансыйт»

ЭСКЕРҮҮ Жараткан мага комуз чертүү өнөрүн ыраа көргөн эмеспи… Атам деле алынча комуз черте коюп жүрчү эле. Али күнчө эсимде, мектепке чейинки курагым эс тартканы эң бактылуу болду окшойт. Ошондо ушул эле азыр биз этибарга албай таштаган шам чырак бир үйдү жаркыратып турганга жарачу. Атам комузду ашмалтай черте берчү эмес, көңүлү жай болгондо гана анда-санда, эл орунга олтурган маалда колуна алчу. Андайда мен да даяр болчумун. Чөк түштө, үч буроонун жогору жаккы учун оозго салып, аста тиштеп алчумун.

Күүнүн сыры

Аалы ТОКОМБАЕВ Аңгеме Узак жолдо карыя менен жолдош болдук. Анын сыйда, буурул сакалы тараза боюнча атайлап жасап койгондой эле. Анын кебетесине караганда элүү, элүү беш жаштарда деп айтууга мүмкүн болучу. Ал сүйлөгөндө кандайдыр, бөтөнчө жалындуу күчү бар сыяктуу, тыңшаган адамдар магнитке жабышкан темирдей болуп сезилер эле. Жолоочуларга эмнелер жолукпайт, добулдуу нөшөргө дуушар келдик. Анда-санда жарк эткен чагылгандын учушу, көздү ачып жумгандай болот. Жүрүүгө мүмкүн эмес. Бир бирибизге сүйлөнүп коргологон болдук.