Конфуций: Падыша адилет болсо, эл-журт буйруксуз эле баш ийет

Чыныгы философ төрт нерседен — бир жактуулуктан, ишеничтен, көктүктөн жана өзүмчүлдүктөн тышкары болушу керек. ♦ ♦ ♦ Жинденген маалда, кандай натыйжа чыгарын ойло. ♦ ♦ ♦ Үч нерсеге — жан оорумайынча адам сүйүүгө, жаңылышсыз билимге, коркунучсуз эрдикке ээ болууга болбойт. ♦ ♦ ♦ Бактылуу адамды билүү эң оңой. Себеби, андан бейпилдиктин жана жылуулуктун нуру чагылып тургансыйт, ал жай кыймылдаганы менен бардыгына жетишет, токтоо сүйлөсө да, аны бардыгы түшүнөт. Бактылуу адамдардын сыры жөнөкөй — аларда сыгылуу жок. ♦ ♦ ♦ Адамдын […]

Конфуций: Сөз айтардан мурун биринчиден ойлоруңду иретке келтир

“Улуу окуунун” негизги идеясы өзүңдөгү адамгерчиликтүүлүктүн бийик сапаттарын өнүктүрүүдө, ойлордун дайыма жаңыланып туруусунда жана ушул максат менен жакшы иштерди жасоодо. Улуу иштер колунан келерин билгенде гана адам алга умтула баштайт. Умтулган жагы туура экенине, жаркын келечекке жетүүгө болорун билгенде гана адамдын жүрөгү тынчтанат. Жүрөк тынчыганда гана жан дүйнө тынчтанат. Андан кийин ойлоруң сергек, бирок терең болот. Ушундай ойлонууну үйрөнгөндөн кийин гана ийгиликке жетүүгө болот. Баардык жандуу жана жансыздардын тамыры жана үстүңкү бөлүгү бар. Алардын баары башталыш жана бүтүүгө ээ. Эгерде […]

Конфуций: Жакшылык менен жамандык

* * * Эч түзөлбөй турган жападан жалгыз кемчилик – бул мурда кетирилген кемчилик. * * * Устатым агын сууну тиктеп айтты эди: «Күн менен түндүн баары так ушул аккан суу сыңары өтө берет». * * * Жакшы темирден мык жасалбагандай эле, жакшылар да солдаттык кызматтан алыс. * * * Уялбастан берилген убада ишенимсиз болот. * * * Өзүнө катуу, бирок өзгөлөргө ырайымдуулардын колунан жамандык келбейт. * * * Кайратман адам кыйынчылыкта өзүн-өзү чыйрайт, кайратсыз бечара ыйлайт. * * * […]

Олжобай ШАКИР: «Конфуций, Сократ, Диоген & Галдир»

АҢГЕМЕ Конфуцийди Кун Цю десең да жарашат, Конфуций десең да жарашат. Кандай айтсаң жарашат. Ага баары жарашат. Тиштеринин арасы ачылып, орсоюп турса да жарашат. Бизге жарашпайт. Орсойгон тиштен уялабыз, ооз ачпайбыз. А Конфуций оозун кандай ачса жарашат. Ошонүчүн уяла турган жөнү жок анын. Оозунан чыккан кептин баары терең, биздики тайкы, биздики тайыз. Бизди уят кылган ошол тайкылыгыбыз, тайыздыгыбыз. Тиштерибиз орсоймок түгүл күрүчтөй тизилип, таптатынакай жаркырап турса да жарык чачпайт, биздин оозубуздан акылга шоола тамаар кеп чыкпайт өмүрү. Адам баласына күн […]

Конфуций насыяты

КУН-ФУ-ЦЗЫ (КОНФУЦИЙ) Байыркы кытай даанышманы (б.з.ч. 551– 479), конфуцийчиликтин негиздөөчүсү. «Кытай улутунун символу», «Устаттардын устаты» деп коюшат. Жакырланган ак сөөк үй-бүлөдөн. Өмүрүнүн көбүн Лу дөөлөтүндө өтөгөн. Кытайда биринчи жолу өзүнчө мектеп ачкан. Анда аңгемелери, санаттары окутулган. Анын саясый-этикалык окуусундагы башкы жобо – жэнь (гумандуулук). Алар негизинен «Лунь юй» (Аңгемелер жана ой жүгүртүүлөр) китебине топтолгон. Ал китептен айрым котормолор жарыяланды. Устат айтты: – Жакшы кызматка жетпедим деп кам санаба, ошол кызматка ылайыктуумунбу деп кам сана. Эл мени тааныбай атат деп кыжаалат […]

Акылдан тамган шоола

Өмүр жана өлүм  Устаттан Цзы-Лу аттуу шакирти өлгөндөрдү кантип сыйлоону сурайт. Устаттын: «Сен али тирүүлөргө кызмат кылалбай жүрүп, өлгөндөргө кайдагы кызматты кылмаксың» дегенин угуп, өлүм эмне экенин сурайт. Устаты ошондо: «Сен али өмүр эмне экенин билбейсиң, а өлүм эмне экенине акылың кайдан жетсин» дептир. Конфуций Жакшы адам өмүрүндө үч нерсеге аяр болууга тийиш: күч ашып-ташкан жаш чагында аялзат кумарына азгырылбасын; акылы тунган куракта чыр-чатакка аралашпасын; карылык каруудан алганда калтыраган сараң болбосун. Конфуций Адам сыягынан айрылган жан кыркка жашы таягыча касташкандан […]