Классикалык музыка күйөрмандарына кулак кагыш

Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиевдин маалымдашынча: Тарых жана маданият жылына карата Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте Композиторлор союзунун демилгеси менен композиторлордун музыка жумалыгы өткөрүлөт. Программа боюнча: 6-декабрь. Кыргызстан композиторлорунун хордук чыгармалары. Мамлекеттик камералык хор ырдайт. Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын кичине залы. Башталышы 17-00.

Дем алыш күндөргө театрлар афишасы

29-октябрь саат 12.00, 17.00 А.Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында Евгений Шварцтын «Дракон»  спектакли; 29-октябрь, саат 11.00дө Ч.Айтматов атындагы Улуттук орус драма театрында балдар жана чоңдор үчүн «Пеппи Длинныйчулок» жомогу; 29-октябрь, саат 18.00дө Ч.Айтматов атындагы Улуттук орус драма театрында француз драматургу Жан Коктонун «Человеческий голос» спектакли;