Харуки Мураками: Күзгү

АҢГЕМЕ … Мындай да эми. Силердин сырдуу дүйнө туурасында кеп салганыныңарды угуп отурсам, таржымалыңар окшош экен. Же эки башка дүйнөдөгүлөрдүн  – тирүүлөр  менен тиги дүйнөдөгүлөрдүн, башкача айтканда – арбактар, кайыптар жана башка көзгө көрүнчүлөр менен жолугушуп калганыңар тууралуу. Болбосо акылга оңой менен сыя бербеген жөндөмдүүлүк — көзү ачыктык, окуяларды алдын ала билүүчүлүк тууралуу. Ушундай класификация келип чыгат. Эгерде жалпылагың келсе, экөөнүн бирөө гана башыңдан өткөн:  арбактар менен жолугуп жүргөндөрдүн алдын ала сезүүсү анча эмес,  алдын ала айтуучулардын болсо, өнүккөн алтынчы […]

Сулайман РЫСБАЕВ: Ким эмнеден коркот?

ЖОМОК — Жалгыз барасыңбы? — дейт аялы, — Тиги кошунаңды жардамга чакырбайсыңбы? Ага дайым эле жардам берип жүрөсүң го. Илгери бир адамдын пили болуптур. Пил абдан акылдуу да, күчтүү да экен. Күндөрдүн биринде адам кышкы отунун камдоо үчүн пилин минип, токойго жөнөмөк болот. — Туура айтасың. — дейт да, кошунасын жардамга чакырат. Кошунасы макул болот. — Сен алдыга жөнөй бер, мен артыңдан барам,- дейт кошунасы. Тиги адам азыктан мол алып, отуну көп алыскы токойго барат. Кошунасын көпкө күтөт. Дайыны жок. Ал […]

Мар Байжиев: Желмогуз

АҢГЕМЕ Бир окуяны эстесем, жүрөгүм шуу деп оозума тыгылат. Ошондо кантип жарылып кетпегенине азыр да таң калам. Иши кылып, кудай бир сактаган… Мындан көп жыл мурда Бейшембай деген агаларыбыз токол алды, Саткын досум экөөбүз тойго барып, тамаша көрүп, бозо ичип, колго суу куюп, табак тартып жүрдүк. Той таркады, конокторду узаттык, конуп калгандар да болду. — Кызмат кылган балдарга бирдеме калдыбы? Берсеңчи, Мисти кан! — деп Бейшембай абам байбичесине буйурду. — Көрөңгүлүк эле калды, аны да бригады уул менен балдырак акемин […]

Ангола эл жомогу: Антилопа Сеша жана Арстан

Бар экен, жок экен, бул дүйнөдө антилопа Сеша жана Арстан жашашкан экен. Арстан кожоюн, ал эми Сеша анын малайы болуптур. Алардын от жагыш үчүн ар биринин беш кутудан ширеңкеси бар экен. Тамакты дайыма эле Сеша бышыргандыктан анын ширеңкеси бир күнү түгөнүп калыптыр. Ал эми Арстандын эки куту ширеңкеси калганы менен антилопага көргөзбөстөн катып алыптыр. — Эй тууганым, биздин ширеңкебиз калбай калды. Эми сен отко барып келсең гана тамак бышыра алабыз. Сен тээтиги күйгөн отко тезирек барып, андан от тамызгы алып […]

Абдыжапар ЖАКЫПОВ: Айтөш

АҢГЕМЕ Кобур-собур үндөн улам ойгонуп кеттим. Жадырап тийген күндүн нуру терезеден бөлмөнүн төрүнө төгүлүп туруптур. Магдыратып көшүлткөн таңкы уйкунун туткунунан араң бошондум. Эшикке чыксам, далисте энем олтуруптур, колуна торсойгон боз күчүктү көтөрүп. Жанында алты жашар карындашым Патимат турат, кайнаган чайнектин капкагындай болуп, таманы жерге тийбей туйлап чабалактап. – Кайырбек байкем түндө таякемдикинен алып келди, – деп дароо жарыя салды карындашым мени көрө коюп. – Чоң эне, мага берчи, мен көтөрө турайын, – ал өзүнүн кичинекей колун чоң энеме сунду. – […]

Булат ОКУДЖАВА: Ченеп- бычып жашоо өнөрү

АҢГЕМЕ Кыштакта окуу жылы башталар алдында, атам замандан бери сүрүлүп сүлдөрү калган ноотудан тигилген студенттик кышкы курткам бар эле. Мындай куртка менен Тбилисиде эптеп- септеп кыштан чыкса болмок, бирок Калуганын кара жанды какшаткан суугу мындай куртканын оңой-олтоң эле жазасын берип коерун октябрда эле билгизип койду. Жаш мугалим эмне кылышы керек эле? Ата-энеси бар, тууган-туушкандары берешен болсо жөнү башка, эгер боорукер болсо андан да жакшы эмеспи. А менин эч кимим жок. Ошондуктан ичпей-жебей алты жүз сом чогултуп (азыркы учур менен алтымыш […]

Иран жомогу: Сыйкырчы менен эне

Качандыр бир өз кошунасы менен достук мамиледе жашаган аял болуптур. Жакшынакай күндөрдүн биринде ал уулун кошунасыныкына оттук таш сурап келүүгө жиберет. Бала кошунаныкына келсе кемегедеги казанда толтура ботко бышып жатыптыр. “Өзү жалгыз жашаса мунун баарын кимге берет?” — деп таңгалган ал жашынып алып аялды аңдый баштады. Бир аздан кийин кошуна аял сырттан банан пальмасынын жалбырактарын алып келип, аларды жерге төшөп, казанды оттон чыгарып, боткону жалбырактардын үстүнө төктү. Андан соң шумдугуң кургур бул кошуна аялдын эки колу, эки буту, башы, ичи, […]

Касымаалы ЖАНТӨШЕВ: Эки жаш

ПОВЕСТЬ Жол үстү Элдин бетин көптөн бери көрбөгөнүмбү же мендеги айрым кубанычтардын күчтүүлүгүнөнбү, улам ойгонуп, кайра уктоо менен таңды араң атырдым. Мен турган убакта элдин бардыгы уйкунун тынчтык кучагында эле. Жалгыз гана Канабат станциясынын эмгектүү кыймылы, паровоздун кыйкырган үнү, жаңы төгүлгөн эгиндерди салган вагондорду маневр кылуу менен элди ойготуп, эмгекке чакыргандай, анда-санда чыккан кондукторлордун ышкырыгына баш ийип макул дегендей, «пуп-пу-уп» деп, паровоздор каршы-терши жүгүрүшөт. Элдин бардыгы туруп, күндөгүдөй кесиптерине киришти. Самовардагы чайы кайнап, кызыл чайканалар да ачылды. – Самоварчы аке! […]

Хонхинур бийкеч жана куу түлкү

Бурят жомогу  Илгери-илгери бул жарык дүйнөдө Хонхинур аттуу бийкеч жашаптыр. Анын жыйырма жети жалтыраган шылдырагы бар экен. Ал алтын көлдүн боюнда, өңгүл-дөңгүл саз арасында турчу. Бир жолу Хонхинурга түлкү келет да, шыйпаңдап туруп минтет: — Мени Хартаган-хуну үйлөнүү тойго чакырды эле, ошого тагынып барганга сен жыйырма жети жалтыраган шалдыр-шулдуруңду бере турчу? Хонхинур бийкеч чочуп кетти: — Мен аларымды эч кимге берген эмесмин жана бербейм! Антсе түлкү айтат: — Үч күндөн кийин кайтып келем! Жакшы ойлон! Эгер эми келгенде да аныңды […]

Эрнест ХЕМИНГУЭЙ: Чарчоо керек, бөтөнчө сүйүктүү аялыңдын лаззатынан

Акыл тегерете алгандардын баары – атеисттер. * * * Байлар – кунарсыз журт… бардыгы окшош да. * * * Айрым адамдардын кемтиги күлүк аттын сымбатындай эле сыртынан даана көрүнүп турат. * * * Шайыр адамдар адатта курч келишет да, согушта биринчилерден курман болушат. * * * Жансыз жазгандардын айланасында кагазы көп. * * * Өткөн мезгилде мекен үчүн өлүүнүн таттылыгы жана кереметтиги туурасында көп жазышчу. Азыркы согуштун эч кандай таттысы да, керемети да жок. Ит сыңары эч себепсиз эле өлүп […]

Мамат САБЫРОВ: Кытай келгенде

АҢГЕМЕ Тамеки талаада, сарайларда кытай басып келет экен деген сөздөр жүрчү. Андай убаймалуу ушактар улам күчөп отуруп, бир күн эле бүгүн келет имиш деп калышты. — Бүгүн кытай келет деп атышат, — деди апасы алар төшөккө жатарда. — Эгери бомба түшсө биринчи мага түшсүн, силердин апа деп кыйкырганыңарды көрбөсөм экен. Ошондой кыжалат күндөрдө Жали аттуу киши таң азан сыртка чыга калса, күн батыш жактан адагенде гүрүлдөп-шарылдаган добуш угулуп, анан жылт-жылт эткен жарыктар көрүнөт. Саресеп салып караса, кадимки эле танка экен. […]

Зульфира АСЫЛБЕКОВА: Көпүрө

АҢГЕМЕ Уулубуз Дастандын биринчи класска барып, окуганына бир айдай болуп калды. Окуусу жакшы. Былтыркы жүлүнүнөн жасалган оор операциядан, ошондогу чоң наркоздон кийин, ден соолугуна забын болуп окуусуна тоскоол болобу деп корктум эле. Кудайга шүгүр, эптеп басып жүрөт. Эртең менен атасы жумушка кетип баратып, аны окуусуна жеткизип кетет. Сабагы бүткөндө бир жарым жашар уулум Жоодар экөөбүз, аны тосуп келебиз. Жолдо улам тыныгып, араң келет. Сабактан кийин бүгүн Дастандын классташ бир баласы биз менен чогуу үйүбүзгө келип калды. Тамактанышып алып, экөө бөлмөсүндө […]

Өзүбек АБДЫКАЛЫКОВ: «Эки бит»

АҢГЕМЕ Күнүгө эки маал, айрым күндөрү үч-төрт маал ишке өтчү ичке жолдун оң жээгиндеги элүү тогузунчу, алтымышынчы жылдарда эскиче салынган чакан ак тамдын алдынан бүгүн да өтүп баратып, бала кездеги бир окуя эмнегедир эсиме түштү. Турмушта качаңкы өткөн окуялар эсиңе түшчү кезеги болот көрүнбөйбү. А бүгүн эмнегедир күнүгө өтүп жүргөн жолумдагы  бул  тамды  кайта-кайта  карап,  бир  чети  кайрылып  өмүр жолуңдан бир саат, бир минута да алдыңдан чыгып жолукпаган балалыгым кадимки кинодогудай көз алдымдан тизмектешип өтүп жатты… Анда мектепке кирелек кезим. […]

Бейшебай УСУБАЛИЕВ: Адрес

Шуулдаба, терегим, теректерим, Шуулдасаң, ыйлагым келет менин… (Салижан) АҢГЕМЕ Түн. Капкараңгы. Баары укташкан. Уктап жатышабы, же жокпу, айтор, баары төшөктө. Алым гана соксоюп жалгыз отурат. Ал далай жолу ушинтип жалгыз калган эле. Бүгүн да соксоюп жалгыз. Алдында китептер. Негедир көңүл чаппайт. Баарына. Окуюн дейт – окугусу келбейт, ойлоноюн дейт – ойлонгусу келбейт. Жатайын дейт – негедир чочулайт, коомайсызданат. Анан негедир дайыма ушул маалда соксоюп өзү жалгыз калары эсине шак дей түштү. “Кантип эле? – деди анан өз оюнан корккондой селт […]