Габриэль Гарсиа МАРКЕС: Менин муң-зарлаш шуркуяларым

Кириш сөз ордуна Улуу сөздүн устаты, алп жазуучу Габриэль Гарсиа Маркестин эң акыркы чыгармасы тууралу адабият айдыңында али көп сөз боло элек. Айтылар сөздөр алдыда болсо керек. Нобель сыйлыгынын лауераты, дүйнөгө магиялык реализм багытындагы улуу чыгармаларды берген колумбиялык алп жазуучу Маркестин “Жалгыздыктын жүз жылы”, “Полковникке эч ким кат жазбайт”, “Патриархтын күзү” сыяктуу шедеврлери менен аздыр-көптүр адабиятты түшүнөм дегендер тааныш чыгар. Маркестин бул повести 2004-жылы испан тилинде басылып чыгат. Китеп жазуучунун 20 жылга созулган тыныгуусунан кийинки жазылган алгачкы (1985-жылдан баштап ал […]

Мирзохид МИРЗОРАХИМОВ: Жолдорго чачылган сооп

Өзбекчеден которгон Ризван ИСМАИЛОВА Автор 1943-жылы 16-сентябрда Ош областынын Кара-Суу районунун Нариман кыштагында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. ТашМУнун журналистика факультетинин сырттан окуу бөлүмүн аяктаган. 1991-жылы Ош областтык өзбек улуттук-маданий борборунун төрагасы болуп иштеген. Анын чыгармалары “Шарк юлдузи” (“Звезда Востока”) журналында жарыяланган. “Светлые ночи” (“Жарык түндөр”, 1974), “Лучезарная цепь” (“Ай сымал чынжыр”, 1983), “Мир, заполненная светом” (“Жарык толгон аалам”, 1985), “Сгоревшая ночь” (“Күйгөн түн”, 1990) аттуу китептердин автору. Мирзахид Мирзарахимов кыргыз акын-жазуучулары Т.Сыдыкбеков, Т.Мияшев, Н.Сайдуллаев, М.Жакыпов, Н.Байтемиров жана башкалардын чыгармаларын өзбек тилине которгон. […]

Анвар АМАНГУЛОВ: Багыш

АҢГЕМЕ Аксаргыл түстөгү айбандын жат жана жагымсыз жыты «бур-р» этип мурунга урду. Алдар алынын жетишинче эки колдоп ага жармашты, бирок колго илинер эч нерсе болбогондуктан ал акырындап капталга жылмышып баратты. Багыш да бир жолу октос берди эле, Алдар араң кармалып калды. Күңүрт демиккендик кышылдоо менен коштолгону айбанаттын арбайган мүйүздүү чоң башы көрүнгөн тээ алды жактан угулду. Алдардын жаны оозуна келе түштү; таштай түйүлгөн булчуңдарынын диртилдегенин сезип, ал коркконунан аз жерден сийип коё жаздады. Багыш ар бир кадамы сайын аны экчеп, […]

Токутоми РОКА: Жел тегирмен менен эмендин баарлашуусу

Орусчадан которгон Амирбек АЗАМ уулу АҢГЕМЕ Тагава дарыясында кичинекей жел тегирмен турат. Тегирменге жанаша жерде эмен дарагы өсөт. Чак түштө да оонап уктап түш көргөн кыштактык бекерпоз бир мертебе эмендин түбүнө көчүк койду. Адатынча же уктаганы белгисиз, же эс алып отурганы белгисиз неме тегирмендин парасы кандай айланганын карап жатып, кокустан эле мына бул сөздөрү эшитти: — Ки-и-и! — кыйчылдаган добуш угулду — тегирмен эменге кайрылды. — Эй, ашына! Сен бу жерде жыл бою селейип турсуң, каргаларды санайсың, сен деги эмне […]

Кожогелди Култегиндин котормосундагы казак акыны Темирхан Медетбек

КӨКТӨМДӨГҮ СҮРӨТ Түнү менен жааган жамгырдан Дүйнө салбырап, Басылып калыптыр. Жердеги чалчыктар – Жыртып-жыртып таштаган Фотосүрөттөр сыяктуу Ар жерлерде Чачылып калыптыр. Үзүм-үзүм Чалчыктын бирөөсүндө Көмкөрүлгөн асман Сынып жатат. Бирөөсүндө Сөөмөйдөй болгон Чыбык жатат. Бирөөсүнөн Бутакта бүрүшүп олтурган Таранчы көрүнүп, Бирөөсүнөн Токтоп турган машинанын Капталы жаркыроодо. Бирөөсүнөн Кермедеги алынбай калган Алда-кимдин Көйнөгү самтыроодо. …Булут түрүлүп, Асмандын бир чети ачылып жатат… Үзүм-үзүм чалчыктар Жыртылган фотосүрөттөр өңдүү Кара жердин бетинде Чачылып жатат. (Которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)   ЧАБЫТТАГЫ АКЫН Мына бул акындын Шамал күнкү […]

Александр ПУШКИН: Бекетчи

Которгон Ташым БАЙЖИЕВ АҢГЕМЕ Коллежский регистратор, Почта станциясында диктатор. Князь Вяземский Бекетчилерди кимдер каргабаган, кимдер алар менен урушпаган, кыжыры кайнаган кезинде бекетчилердин кысталаңы, оройлугу жана адилетсиздиги жөнүндө өзүнүн пайдасыз даттоосун жазып калтырмака ким ал бекетчилердин кайрымсыз даттоо кинегесин талап кылбаган дейсиң? Кимдер гана аларды мурунку Россиянын ыраматылык майда төрөлөрүнөн же кадимки деңиздик каракчылардан кем калышпаган, адам баласынын осолдору деп санабай турган? Ошентсе да калыс бололук, алардын ал-жайына да көз салып көрөлүк, ошондо, балким, алар тууралуу бир канча ырайымдуулук менен ойлонорбуз. […]

Решат Нури ГҮНТЕКИН: «Куштар кеткенде»

Түрк тилинен которгон Таалайбек АБДИЕВ   РОМАН -İ- — «Алтын жалбырак аноним» фирмасынан эмнеге кеттиң дейсиңби? Мунун таң кала турган деле эч нерсеси жок. Алган алтымыш эки лира айлыгым эч нерсеге жетчү эмес. Мойнумда кызыл чиедей эки бир тууганым, оорукчан апам бар… Кээде апам суукту, бир туугандарым кара курсакты айтып кыңкылдашчу. Мен ийними куушуруп: «Эмне кылайын, болгону ушул болуп атпайбы. Тапканымы барда, балда ичип-жеп, силерди ушинтип жалдыратып койсом, айтсаңар болот эле. Бирок баарын көрүп турбайсыңарбы», — дечүмүн. Бул ачык акыйкатты […]

Оливер ГЕНРИ: «Жүрөк жана кол»

АҢГЕМЕ Денверден чыгышка кетүүчү Балтимордук экспресс поездге жүргүнчүлөр агылып түшө баштады. Ыңгайлуу жана комфорт вагондордун бирөөсүндө жакшынакай кийинген, отурган орунтугун саякатта керектүү буюмдары менен толтуруп алган жаш, сулуу айым отурат. Жаңы түшкөндөрдүн арасында да эки адам бар, экөө тең жаш жигит, биринчиси – келишимдүү, тайманбас, жарык жүздүү; экинчиси – өзүнө камдуу, түнт, чымыр денелүү, жөнөкөй кийинип алган. Алар бири-бирине кишен менен кошоктолгон. Поезд коридорундагы жалгыз бош орундук сулуу айымдын бет маңдайында эле. Колдору кишенделген экөө айымдын маңдайына көчүк басышты. Жаш […]

Виктор АСТАФЬЕВ: Чабдар ат

АҢГЕМЕ Чоң энем мени кошуна балдарга кошуп, дөбөчөгө кожогат терип келүүгө жиберди. Эгерде бир себет толо жемиш терип келсем, аларды өзүнүкүнө кошуп сатып, мага “таттуу ат токоч” сатып келүүгө убада берди. Кызгылтым жалдуу, куйругу жана такалары бар, кызыл шире жалатылган чабдар атка окшотуп жасалган таттуу токоч айылдын бардык балдарынын урмат-сыйын камсыз кылып, алардын эңсеген кыялы болор эле. Дөбөчөгө биздин жыгач даярдоочу жайда иштеген кошунабыз Левонтийдин балдарына кошулуп жөнөдүм. Левонтий болжол менен ар он беш күн сайын жалыйна алат, ошондо жаш […]

Габриэль Гарсиа МАРКЕС: «Тул катын Монтьель»

АҢГЕМЕ Дон Хосе Монтьель өлгөндө анын жесиринен башкалардын баары андан акыры өчтөрүн алгандай сезишти өздөрүнүн; бирок Хосенин чын эле өлгөнүнө ишенүү үчүн убакыт керек болду. Атүгүл, дымыккан ысык бөлмөдөгү тегерек жана чоң коонго окшогон табытта жаздыктарга чулганган ак шейшепте жаткан Монтьелдин жансыз денесин көрүшкөндө да көптөрү дагы деле анын өлгөнүнөн шек санап турушту. Хосенин сакалы таза алынган, үстүндө ак күрмө, бутунда жалтыраган туфлилин көрүп эле аны дайымкысындай тирүү деп ойлоого болор эле. Бул баягы эле ар жекшембидеги саат сегизде чиркөө […]

Көп дос күткүсү келген адам бир да доско татыксыз

Фридрих ГЕББЕЛЬ (1813-1863), немис драматургу     Кудай-таала бала сыяктуу: кааласа колундагысын берип коюп, кайта тартып алат. * * * Диндин эң жакшы жери – акыры барып динге каршы көзкараштагыларды жаратат. * * * Адабиятта арким өз алдынча ачылыш жасап же бирдеңке жараткысы келет. Ыр жазуу кимисинин колунан келбесе, ошол жазмакер акындардын бүйрүн көбүрөк козгойт. * * * Айрым лирик акындардын жүрөгүндө булбул эмес, күкүк уялайт. * * * Өлкө башкаргандар менен Кудай-таала биздин сокур ишенимде жашообузду каалайт. * * […]

Анна ГАВАЛЬДА: «35 кило үмүт»

Жаңы дүбүрт  Учур адабиятынын астанасын аттаган жаштар арасында өрнөктүү текст кургандары негедир өтө аз саналып келет. Бирок береги Анна Гавальданын кыргыз тилдүү окурмандарына эми жете турган «35 кило үмүт» аттуу чыгармасына көз жүгүртүп отуруп, котормочунун чеберчилигинен ыракат алгыдай адам. Чыгарманын окумдуулугун арттырган элпек тили, чеберчилигинен улам кайсы дасыккан котормочунун эмгеги дээрсиздер… Чыгарманын өзү да абыдан кызык, андыктан мындай чыгарманы кыргыз окурмандарына жеткирүү жоопкерчилиги да оңой олтоң түйшүк эмес. Ошол оңой эмес түйшүккө бел байлаган Насыпбек Асанбаев аттуу инибизге терең ыраазы […]

О’Генри: «Акыркы жалбырак»

АҢГЕМЕ Вашингтон аянтынын батыш тарабындагы анча чоң эмес кварталдын көчөлөрү өткөөлдөр деп аталган кыска жолдор менен кесиле турган. Бул ийри-муйру өткөөлдөр таң калычтуу булуң- бурчтардан турар эле. Мындагы бир көчө өзүн-өзү эки жолу кесип өтөт. Кайсы бир сүрөтчүгө бул көчөнүн абдан баалуу бөтөнчөлүгүн ачуу буюруптур. Боёк, кагаз, картина алайын деп чыккан сүрөтчү бир тыйын коротпостон кайра келгендигин элестетип көрүңүзчү!