Абдыкерим Муратов: Эчки… Сүт… Коммунизм…

АҢГЕМЕ Балага бул жашоо көндүм болуп калган: эки литрлик эки желим бөтөлкө сүтүн сатып бүтүп, үйгө кетерде дүкөнгө кирет да, таенеси дайындаган нерселерди – тузбу, ширенкеби, майбы, башкабы ала кетет. А нанды кудаанын куттуу күнү сөзсүз алат, нансыз булардын күнү өтпөйт, дүкөнчү да таенеңе деп навай нандын какталып бышканынан ылгап берет. Бала алгандарын кайсыл бир жылы таенеси кайсыл бир депутаттын чайына бардык элек деп алып келген эски, бырыш, көк пакетине салат да, тез жеткирсем деп үйүнө шашат. Таш-Көмүрдүн аптабын билесиз […]

Латыш жомогу: Каздар менен түлкү

Бир күнү түлкү кыштакка келип, толтура каз багылып жаткан короого түштү. Кароолчулар менен иттер уктап жаткандыктан “өз убагында келген экенмин”,- деп түлкү каздардын чак-челекейин чыгарып кубалады. Жаны чыкчудай каркылдаган каздар ушундай бир жан соога сурашты дейсиң, эгер түлкү казча түшүнгөнүндө  түлкү башы менен аларды аяп, куру кол кайтканына кайыл боло короодон чыгып кетмек. Ошентип жаалданган түлкү калтыраган каздарды бир катарга тизип, бир четинен алкымдарын кыя чайнап, айоосуз кыра баштаганы калганында, бул каркылдаган канаттуулардын арасында түлкүчө билген бир картаң каз бар […]

Немис жомогу: Кирпи

Кирпи жолдо баратып теңге таап алат. Ошол учурда каретасындагы аттарын алкынтып жанынан бай өтө берген экен. — Байда жок байлык менде бар!- деп кирпи ага угуза кыйкырат. Бай ач көз болчу, андыктан “менде жок ал кандай байлык болду экен?” деген ойдо каретасынан түшүп келип: — Менде жок ал кандай байлык экен?-  дейт. Кирпи унчукпастан бир теңгени көргөзөт. Бай аны көрүп бырс этип күлүп жибергени менен ач көздүгү кармап, кирпинин жалгыз теңгесин тартып алат да кайра жолуна түшкөн кезде кирпи кыйкырат […]

Ысмайыл КАДЫРОВ: 108 мүнөт жана бүткүл өмүр

ЭССЕ Мен анын жүзүнө тигилем. Бир аз жүлжүйгөн учкундуу көз караш. Бөрсөйгөн жылмайыңкы ээрди, күлкү чачкан көздөрүнүн алдында билинер-билинбес бырыштар… Бирок сүйлөбөйт… Эгер көзү тирүү болсо ушул учурку өмүрү жөнүндө эмнелерди айтар эле? Билбейм. Ал иши жөнүндө да, жолдоштору жөнүндө да сүйлөп, эгер өзү тууралуу айткысы келсе, мүмкүн таң калмак: “Ушинтип эле 44кө чыгып калдымбы?! Карып бараткан экенбиз”. Эгер кимдир бирөө анын өмүрү, басып өткөн жолуна таназар салып: “Сиз өз өмүрүңүздө кайсыл учурду эң маанилүү деп эсептейсиз? — деп сураса, […]

Англис жомогу: Жектин бакыт издегени

Бул дүйнөдө бир бала болуптур. Анын аты Жек экен. Татынакай аткан таңдардын биринде ал бакыт издеп үйүнөн чыгат. Анча көп узай электе алдынан мышык чыгат. — Кайда баратасың, Жек?- деп сурайт мышык. — Бакыт издеп баратам. — Мен дагы барайынбы сени менен? — Албетте,- деп жооп берди Жек,- Жолдош канча көп болсо ошончо көңүлдүү. Шар-шур, шарт-шурт басып андан ары жөнөштү. Көп деле алыстай электе алдыларынан ит чыкты. — Кайда баратасың, Жек? — Бакыт издеп баратам. — Мен дагы издешсем болобу? […]

Конфуций: Өзүн-өзү өнүктүрүү

Конфуций эрдик жана күч-кубаттуулук тууралуу сөздөргө, адам ишениши кыйын иштер боюнча талаштарга, уруш-талаштарга жана кудай жөнүндөгү талкууларга аралашчу эмес. Конфуций төрт нерсеси менен башка адамдардан жогору турган: ал божомолдорду айтчу эмес, кежирлик кылбаган, сокур тырышчаактыкты көрсөтпөгөн, ал өзүн күнөөсүз периште сезбеген. * * * Цзэн Цзы айткан: “Мен күн сайын өзүмдү үч тарабымдан талдап турам. Башкаларга жакшылык жасай албасам да аны кылууга ниеттендимби? Досторум менен маектешүүдө ак ниет жана чынчыл болдумбу? Устатым берген билимди ичимден унутпай кайталап жүрөмбү?» * * […]

Украин жомогу: Койчу кантип ханбийкени алдады

Бир падышанын аябай сулуу жана абдан акылдуу кызы бар экен. Ага көп эле жерден куда түшүп келишип, далай ханзадалар колун сурашып, кыздын акылына акылдары жетпегендиктен атасы бербей койот, алар кыздын да купулуна толбойт. Анткен менен падыша кызынын турмушка чыкпай калышынан чочулап: “Кызым кимдин үч табышмагын таппай калса, ошого турмушка чыгат”, — деп жарыя айттырат. Муну уккандын баары эле үч табышмак айтып, ханбийкеге бара беришет, бирок акылдуу кыз баардык табышмактарды ойлонбой таба берет. Муну уккан койчу дагы: “Балким багымдан болуп ханбийкени […]

Украин жомогу: Сыйкырлуу таяк

Илгери бир абышка менен кемпир жашаптыр. Алар өмүр бою кедейликти башынан кечирип, карыган кездеринде жалгыз уй менен калышат. Уй аларга сүт бергени менен эки кары ага чөп бере алышпайт, жайытка жаялы дешсе алдары жок, акыры жалгыз уйду сатып жибермек болушат. Ошентип абышка уюн базарга жетелеп келет. Аны соодагерлер тегеректеп, уйдун тишин ачып, жонун басып көрүшөт. Уй анчалык чоң болбогону менен этинен кетип арыбаптыр, тиши түшүп карыбаптыр. Бирок ач көз соодагерлер аны ары-бери алдап, жаш уйду картаң кылып, семиздигин арык деп […]

Нурзада КУБАНЫЧБЕКОВА: Сырдуу түш

ЭТЮД (Сырдуу адамга арналат) Ал сырдуу адамды бул ирээт үчүнчү жолу түш көрүшүм. Түшүмдү дааналап эстей албасам да түшүмдө болгон окуяларды элес-булас көз алдыма тарта алам. Чын-чынында бул түш мен үчүн жагымдуу жагдай тартуулап келет. Ошол сырдуу адамды түшүмдө көргөндүн эртеси көӊүлүм куунак, маанайым шат жүрчү болдум. Бул үчүнчү ирет түшүмө кирген адам мага эмнегедир жакын адамымдай, жылуу сезим тартуулагандай. Түштөр элес-булас болгону менен ал түштөрдөн кийинки абалым өтө эле шайдоот. Ал тургай көӊүлүм ачылып, көксөөм сууп калгандай. Кызык, бул […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Белен

АҢГЕМЕ Белен аттуу чүрпөнүн жарык дүйнөгө келишин белгиледик. Белендин анда 1 айлык болуп курсакта калганын атакеси баш болуп, бирөөбүз да билбептирбиз. Атакеси токой чарбасында иштейт. Февраль айынын башталышында каада көрсөтөйүн дегениби? Сыягы, башка айымга алаксыган… “Мени кызганбайсың” деген шылтоо менен чыр баштап анан бир-эки сыйра кийимин колтуктап, кабагын карыш салып келинчегинин алдына келет: – Кеттим… Токойдо жашап-иштейм, –  деп күңк-мыңк сүйлөнүп жөнөөгө камынат. – Токоюңдун каеринде? Дайын-дарегиңди айтып кетпейсиңби… – дейт анысы да тоотпогонсуп. – Аякта көчө болмок беле! Дайын […]

Олжобай ШАКИР: Медитациянын практикалык сырын таптым!

КУЛАК КАГЫШ Мен өзүмдү издөө жолунда жүргөн кишимин. Убарам көп болду. «Путь дзен» менен «Жизненные наставления Далай-Ламы» китептерин окуган сайын медитация сыйкырына көп арбалдым, бирок чыныгы медитацияны кантип тутуу керектигин жеткилең өздөштүрө албай келген элем. Кээде үйүмдө тынч бөлмөдө узак сааттар бою отуруп да трансц абалына жетүүгө мүмкүн болбоду. Жанбүдөгө салган быт-чыт ойдон бошонуу далалатын издеп: тоо-ташка ээндеп кеткен күндөрүм канча… Үйрүлүп окуган адабияттардын биринен да медитация сырын үйрөнө албадым… Тек, майнап чыкпаган мүшкүлдү тартып жүргөнсүдүм. Өзгөчө, акыркы учурларда. Бирок […]

Убал

Аңгеме Кыш чилдеси эле. Нарында «түү» деген түкүрүк жерге түшпөй музга айланып турган. Айтылуу «Долон» ашуусун өрдөгөндөн эле түнкү автобустун ичиндеги магдыраткан жылуулук суугансып, Керээздин бутунун баштары чымырап үшүй баштады. Дагы эки саатча жүрүшсө, вокзалга жетип калышат. Бираз таң атаарын күтүп отура турса, айылга кетчү таксилер келет. Анан уулуна жетет. «Кара жаным ий, кандай болуп калды экен» деп ичинен жалынып, жалбарып алат. Эки жарым жылдан бери көрө элек. Андан бери баласы бир күн да оюнан кеткен жок. Эки жарым жыл, […]