Олжобай Шакир: Кумар

АҢГЕМЕ  (Көкбөрү оюнун дүйнөгө жайылткандардын бири, коомдук ишмер Болот Шерге арнайм) I Карагер кунандын үстүнөн эңилип, чырак шамдай тикчийген жалбыракка кол сунду эле – ооп барып түзөлдү. Жалбыракка колу жетпеди. Күү менен айланып келип, кайра эңилди. Дагы болгон жок. Мына, мына, мына жетеринде – ай-ата-а, кеп ээр-токумда экен… Ат жалынан өбөктөгөн боз улан тизгинди кайра имереринде басмайыл бош өңдөндү. – Дырр, – каны кызып калган Карагердин тизгинин какты. Көрпөчөнү сыйрып ыргытып, басмайылды эрөөлгө чыкчудан бетер бекем тартты да, атына ыргып […]

Темирлан Бейшенов: Анын көздөрү…

ЭССЕ Анын көздөрү керемет көздөр. Жүрөктү “болк” эттирген, жашоомо шоола чачкан сыйкырдуу көздөр… Анын көздөрү асмандагы жылдыздардай жанып турат. Жок, жок, түндө жаркыраган жылдыздардан да жарыгыраак, бул жарык дүйнөдө жок периштенин көздөрүндөй. Күзүндөгү мөлтүрөп бышып турган карагаттай. Караңгы, күүгүмдөнгөн жашоомо шоола чачкан шамчырактай… Канча ирет ошол сыйкырдуу көздөргө тигилип, ошол көздөр менен уйкуга кеттим? Дагы канча жашоомду, ай-жылдарымды, уйкусуз түндөрүмдү ал көздөр менен алпурушуп өткөрөм? Анын көздөрү менин жашоомдун маңызы болду.   Супсулуу, баёо да, назик да  көздөр. Муңайым көз караш. […]

Антон ЧЕХОВ: Чыт курсактар

АҢГЕМЕ Аталар, апалар жана Надя эжеке үйдө жок эле… Алар кичинекей боз ат минген улуг офицерге кетишкен. Алардын кайтып келүүсүн күтүп отурган Гриша, Аня, Алеша, Соня жана ашпозчунун уулу Андрей ашканадагы үстөлдө лото ойноп отурушкан. Чынында алардын уктар маалы келип, бирок баласы кайда болгонун, кечки тамакка эмне берилгенин апасынан билбей туруп уктоого мүмкүнбү? Үстөл үстү асма чырак, жангактын сырты, кагаз жана айнектер менен кооздолгон эле. Ар бир оюнчунун алдында экиден карта жана сандар жазылган шишелер жатат. Үстөлдүн ортосундагы идиште беш […]

Эрнест ХЕМИНГУЭЙ: Чарчоо керек, бөтөнчө сүйүктүү аялыңдын лаззатынан

Акыл тегерете алгандардын баары – атеисттер. * * * Байлар – кунарсыз журт… бардыгы окшош да. * * * Айрым адамдардын кемтиги күлүк аттын сымбатындай эле сыртынан даана көрүнүп турат. * * * Шайыр адамдар адатта курч келишет да, согушта биринчилерден курман болушат. * * * Жансыз жазгандардын айланасында кагазы көп. * * * Өткөн мезгилде мекен үчүн өлүүнүн таттылыгы жана кереметтиги туурасында көп жазышчу. Азыркы согуштун эч кандай таттысы да, керемети да жок. Ит сыңары эч себепсиз эле өлүп […]

Азиз НЕСИН: Токмок эле жегим келип калды…

Которгон Азат ЖАПАРБЕК АҢГЕМЕ Автобустун ичи жык-жыйма болчу. Ичинде кетип бараткандардын бирөө жаңылышып, башка транспортко түшүп алгандай эле. Автобус эмей эле, тез жардамга түшсө болмок. Сол колу бинт менен чүргөлүп, жоолук менен мойнуна илинген эле. Башы да таңылган болчу. Бир көзү көгөрүп шишип, берки көзүнүн ичи канталап кеткен экен. Таягын таянып алып, оозуна чейин толгон автобустун ичине бата албай кыйналып жүрөт. Улам сайын: — Ох… Ааай!!! Кокуй!!! – деп кыңкыстап коет. Бери жактан карап турган кишиге автобус токтору менен анын […]

Коомдун абийирсиз катмары бийлик төрүнө чыкты

ТӨӨМАТЕК Ушуну көрмөксүңөр. Дагынкысын дагы көрөсүңөр! Атамбаевден. Ага ушул гана керек болчу. Референдумду өткөрүп алды. Көзбоёмочулуктар менен. Аны жамы журт көрдү. Көргөндө не: күңкүлдөп-мыңкылдагандардын аягы бас-бас болуп тынмак… Өзүнүн президенттик мөөнөтү аяктап калганы аны акыры ушуга түртмөк. Бийлик даамын татып калган адам ач түлкү болуп калары атам замандан белгилүү. Адамзат тарыхында бийлик тагына көчүгү конгон адам бийликтин чексиз ченемин, мансап кумарын таткан соң андан эзели ажырагысы келбеген…

Улакчы 

Кубатбек ЖУСУБАЛИЕВ Аңгеме Атактуу улакчы Эргеш жепирейген тамынын алдында жалгыз таар шымын катынына жуудуруп коюп ичигине оронгончо дубалга жөлөнүп күнгө жылынып отурду. Ушу тапта анын бар акылы тамынын алдындагы соройгон эки талдын (экөөнүн боорун эчкилер кажып, жеп кетишкендиктен уйдун жампасы менен калың кылып шыбап койгон) ортосуна тартылган зымга илинген бир багалеги көк, бир багалеги сарыга боелгон (бул жиндинин Алайдын талаасындай шымына боек жетеби, жетпейт, бүт дүйнөнүн боегун чогултсаң да жетпейт) таар шымында эле. Муну билгенде жуудурбай өлөйүн деди ал ичинен […]