Аман САСПАЕВ: Улгайгандар (шедевр)

АҢГЕМЕ Азыр, кээ бир элдерде улгайган кишилер, мейли, ал эркек же аял болсун, колунан келгенин иштеп, жок дегенде келин-кесегине жардамдашып, идиш-аягын жууп бергенди оор көрүшпөйт. Ал эми, биздин элде, маселен, айталык, бир чалдын арык боюнда чайнек жууп отурганын көз алдыңызга элестетип көрүңүзчү. Билип турам, буга сиздин тымызын кытыгыңыз келет. * * * Март айынын аяк ченинде Сонунбала деген кемпир кичи уулу Кеңештин колуна келди. Күйөөсү Ата Мекендик согушка аттанган күндөн тартып, бул киши мал-жанга эркектен кем камкордук кылган жок. Колунда […]

Мезгил Исатов: Бойдок бөлмөдө

ЭССЕ Бойдок күндөрүмдүн акыркы түнү. Бир аз башка, өзгөчө  болушу керек. Жарыктыктын ордуна эски бир шамды жактым. Жалтак жалындардын жалтак сезимдерге жолугушкан жери… Мен жана мен бармын. Түстүү жалындардын үчүнчү жүзү. Экөөбүз сыяктуу эки жүздүү жана бүтүн. Мен батпаган дүйнө бар ичимде. Жүрөгүм ичинен илинүү. Менсиз кет. Менсиз кетпейм. Ызы-чуунун ичинде отурсам. Үн көрүнөт көзүмө үнү бүткөн. Ошондо караштарым көздөрүмдү жаратты. Дагы ойлуу, жашынчаак. Бул эмнеси? Жалгыз гана түштөрүмдү даярдап жатпадым беле бир түнчөлүк. Эми болсо жүрөгүмдүн жалгыз калган жеринде […]

Назгүл НИШАНБАЕВА: Мигранттын муңун угабы Мекен?!

* * *. Башка өлкөнүн жүрөгүнө башым жөлөп, Башка өлкөдөн издедимби арга жөлөк. Туулган жерим санаадан чыкпай такыр, Тагдырга жазылганбы жашоо бөлөк… * * * Сары күзүн тосо албай койнун жыттап, Жашыл жайда барбадым, турмуш тушап. Сагынычым, саргайтты өзөк  өрттөп, Ата-журттан  жүргөнгө алыс жашап… * * *. Абаңды атыр жыттуу – мээ сергиткен Сагындым, моокум кана жыттаар бекем. Жазданып көйкөлгөн көк шибериңди Жамынып асманыңды уктаар бекем * * * Алоолоп, каным менен жүрүп турган, Ал берип жүрөгүмдүн отун жагар… Аманат […]

Айсалкын СООРОНБАЕВА: Чаташкан ойлор

ЭССЕ Сүйүү, сүйүү демекчи, менин да жүрөгүмө жаңыдан сүйүү түнөгөн кез эле. Анан кайдан-жайдан тагдыр жолумда күтүүсүз бурулуш болуп кетип, жүрөгүмдүн ачкычын жоготуп алгамын. Ошол күндөн баштап ачкычы жок жүрөгүмдө аруу сүйүүм катылган боюнча кала берди. Ооба, андан бери биртоп жылдар өттү. Ошентсе да мен үчүн ошол кездеги аруу сүйүүм сыяктуу, ачкыч да күнү-күнкүдөй жылтырап, сынын жоготпой жүргөндөй сезиле берет. Бирок андай болушу мүмкүн эмес го. Мен ушунча эскирдим, жүрөгүмдүн ачкычы да эмдигиче эскирип, дат басып, тиштери саргайып калгандыр. * […]

Мирзохид МИРЗАРАХИМОВ: Сагыныч

Өзбекчеден которгон Ризван  ИСМАИЛОВА АҢГЕМЕ Саратандын ысыгы так төбөдөн алоо бүркүйт, талдын көлөкөсүндө токол кара уй менен мала кунаажын ныксырай кепшенет, коонпая этегиндеги дарыя жээгинде бутун сууга салаңдатып, чыт көйнөкчөн кыз отурат. Коонпая ортосундагы жаз алды тартылган огарыкты бойлоп аптапка күйгөн, карайган арык, он беш жашар чамасындагы бала колуна жарты нан кармап келатып, кызды көздөй басты. — Келдиңби Санжар, — деди Анар артына бурулуп, — мынча узак жоголуп кеттиң? -деди. — Сабырлардыкына барсам жок, атасы менен  базарга кетиптир. Ашым болсо гувала […]

Самара НАСЫРОВА: Төрөлбөй калган уул же кыз

ОЙ ТОЛГОО… Баалабастан өмүрдүн кыска экенин, Барктабайбыз карынын нуска кебин. Анан бир күн «аттиң ай» деп калабыз, Алдыргандай куу түлкү «кушка жемин». Күндүгүнө манчыркап жорго минген, Күпүлдөгөн кыйын көп солдо жүргөн. Ала салып ак жүргөн багытынан Адашкандар арамза жолго кирген. Карек өчөт бир күнү капилеттен, Каның токтоп, ысык дем качып эттен. Дуулдап жашап атсак да бул дүйнөдө, Сурагы бар. Корколу!.. Акыреттен. Алсыздыгын замандын карап анан, Аргасыздан бүт дүйнөм жараланам. Бүтпөйт тура тирүүлүк тунжуроодон, Айрымдардан тим гана сабак алам…. ЧЫРПЫКТАЙ ЧАЧЫЛБАЙЛЫ […]

Кеңеш ЖУСУПОВ: Жүрөгүм менин тоолордо

АҢГЕМЕ I Кээде моминтип өкүнөмүн: мага сүрөтчүлүк кудурет бүтсө эмне?! Андай касиет шыбагама тийсе, эң оболу тоолорду эч ким көрө да элек, таба да элек боёктор менен тартаар элем. Бар эмеспи… тоолорду көтөрүп, эл алдынан өтмөкмүн. Сиздерге тоолор деген мобу болот, жыргалы-кууралы мобул тоолорду сылап, таптап көргүлөчү деп карматпас белем?!! Карабайсызбы!? Мага андай кереметтүүлүк буюрбаптыр. Көрсө, тагдырың ушундай өкүнтөөрү менен кызык экен да. Ойлойм: мунум өзүмдү сооротконум го. Канчалык кейибейин десең да, аның дилимде, тээ бүлбүл жылдыздай, өкүнүч чөгүп калат […]

Замирбек УСЕНОВ: Нөшөрлүү түн

АҢГЕМЕ Катуулап мизин салса тагдыр сүрөп, Таалай үчүн күрөшөт ар бир жүрөк. Түн көөлөгөндөй капкараңгы. Асманда булуттар салаңдайт. Сыртта жамгыр долуланып, жин ургандай катуулап кирди. Жамгыр аралаш шамал бирде терезеге чаба дыбыраса, бирде чарчагандай жай себелеп калат. Ушул учурда Гүлжамал төрт жашар кызын уктатып коюп, Кантемирди күтүп олтурган. Утуру жогорку кабаттарга кимдир бирөөлөр көтөрүлсө, демин ичине тартып, эшик тарапка кулак түрөт. «Бүгүн келсе баарын айтам, ыймандай сырын бүт айттырам!» – деди ичинен, эрдин кесе тиштеп. Аны мындай адам деп түк […]

Данияр ИСАНОВ: Ата журт

ЭССЕ Ата Журт деген сөздүн өзүн эстегенде, эчаккы өткөн бир учур эске түшөт. Ошол жылдары тагдыр мени Жер Ортолук деңиздин жээгине чейин сүрүп барып таштаган эле… Ал учурда тамырымды тартып, сырымды сураган жалгыз гана “күрп-шарп” эткен деңиздин толкуну болчу. Толкунга гана айтчумун сырымды. Ал менин ырымды угуп, ыйымды түшүнчү. * * * Көкүрөккө толгон бугумду деңизге төкчүмүн. Ата-бабам көрбөгөн алыскы жерде жүрүп, кайсы бир күнү онтобой туруп катуу жыгылганым эсимде. Таңды-кеч төшөк тартып жатып жаман ойлор жабышканда, Кудайдан тилегеним бир […]

Абдыкерим МУРАТОВ: «Өзүмдү өзүм»

Шиңгил аңгемелер Айлыма бардым. Жүрөгүм элеп-желеп, өзүм өзүмө батпай, сагынып, кусаланып, балалыгымды издеп жүрдүм… Ар кимге жүгүрүп барам да, суроо узатам: — Мени тааныйсызбы? Атам жооп бербеди. — Мени тааныйсыңарбы? Инилерим унчукпайт.

Махабат кайрыктары

Атахан КОЖОГУЛОВ ПОЭЗИЯ * * * Жүрөк жыргап күлкүсүн угат дагы, Эске келет элеси булактагы. Сүйдүм эле бир кызды суудай таза Бешинчиби, алтынчы класстабы? Түндү термеп, капыстан ооругандай Жаман түштү, жакшыга жоругандай, Көчөсүнө көп эле келип жүрдүм “Жолугам” деп умсунуп жолугалбай.

Жазуучу Бейшебай Усубалиев: «Жазуучулар деген — бул ыйык журт»

(1-маек) Бүгүнкү коом турмушун карап отуруп, окурман көңүлүн жылытаар нерсени сыйпалап издейсиң. Издейсиң, отура бергиң келбейт… Издегениңди таппайсың же! Окурман көңүлүн сууткан окуялар, жаңылыктар күнүгө теле, күнүгө интернет, күнүгө гезит бетин талашат. Кым-куут заман баарын камгактай удургуткан азыркы доордо акылынан шоола жанган дервиштин алдынан жолугуп калсам дейсиң. А дервишке жолугуш кайда бүгүн… Дүйнөгө дервиштей адамдар гана түркүк эмеспи… Дүйнөгө түркүк болор, элге түркүк болор, арка болор инсанаттарды санап баштайсың. Алардын айрымдарынын көздөрү өтүп кетти, ата-а! А көбү өз арбайы менен […]