Сулайман КАЙЫПОВ: Бетке aйткaн сөздүн зaaры жок

Кечээтен бери өз өкүмүн сүрүп тургaн кaрa суук көп aдaмды имaрaттaн сырткa чыкпaй отуруугa мaжбурлaды… Тыныгуу күндөрүндө көбү жылуу жерге отуруп aлып, интернетти эрмектеп, кaбaрлaрды окуп-тaлдaп, комментaрийлер жaзуу менен aлек болуп жaтышкaндaй сыягы. Мен дa ошолордун бири кaтaры, сууккa aнчaлык бaйымым жок, үйдө отурaм. Дүйнөдө болгон нерсенин бaaрын aӊтaрып-теӊтерип окугaнгa, aлaрды aкыл кaлчaп тaлдaгaнгa мүмкүнчүлүк бергeн Кычыроон “мырзaгa” дa рaxмaт. Aл болбосо, көр тириглик менен aлпурушуп жүрүп, көп нерсени укпaй дa, көрбөй дa кaлмaк экемин. Кaрaбaйсызбы, кaрп-курп кирип келген бул […]

Али САФИ: Эмирлердин, алардын жанжөкөрлөрүнүн, вазирлердин, чиновниктердин тапкычтыгы жөнүндө икая

Бир жолу Яхьё бинни Холид Бармактын уулу Жафар Хорунаррашид менен бирге талаада келатса, алтын жүктөлгөн төөлөрдүн кербени жолугат. Хорунаррашид сурайт: — Бул байлыктар кайдан? Ага минтип жооп беришет: — Бул мурунку өкүмдары Фазл бинни Яхьёну – Жафардын бир тууганын кубалап чыгып, бир кезде ордуна Хорасанга өкүмдар кылып бекиткен Хорунга – Али бинни Яхьёнун белеги. Хорун каарданып Жафарга кайрылып сурайт. — Сенин бир тууганың бийлеп турганда бул байлыктар кайда эле?: — Ушул байлыктын ээлеринин чөнтөгүндө болчу, урматтуум. ♦ ♦ ♦  Узун […]

Конфуций илим-билим, тарбия тууралуу

Бийик адамдын билими дээринен; андан ылдыйкылар окуп-чокуп билимге жетет; андан соңкулары өз билимсиздигине көзү жетип окуп-чокугандар; а окуп-чокууну каалабагандар – эң пас адамдар. * * * Ой калчабай окуй берген адашып тынат, ой калчап, бирок окууну каалабас жан – осол болуп сынат. * * * Адамдын айныгыс үч жолу бар: биринчи, эң жакшысы – акыл пештөө; экинчиси, эң жеңил – башканы тууроо; өтө азаптуу үчүнчүсү – тажырыйба жыйноо. * * * Ким эч нерсе билбесе, ал маңбаш. Андай адам тобокел […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Кыргыз адабиятынын алп чынары Түгөлбай Сыдыкбеков

ИНСАНАТ Түгөлбай Сыдыкбеков… Бул ысым баарыбызга тааныш. Ал кишинин аты менен XX кылымдагы кыргыз маданияты көп жагынан байланышып, бири-бирин көтөрүп, бири-бирин тиреп тургансыйт. Эң көп романдарды жазган кишинин эмгегин азыр ойлоп отурсаң, ошонун баарын бир киши, али компьютер да, диктофон да жок кезде, кантип жазып бүтүрдү деп таң каласың. Бир жолу гана ал кишинин бир романын көчүрүп чыгыш эмне деген мээнетти талап кыларын ойлогондо эсиң оойт, Т.Сыдыкбеков айрым чыгармаларын бир нече вариантта жазып чыккан, кайра-кайра оңдогон. Кезере отуруп карасөз жазган […]

Муратбай НЫЗАНОВ: «Жакында кызык болот»

Боордош эл адабиятынан Каракалпак элинин таланттуу жазуучусу, сатирик жана сценарист Муратбай Нызанов 1951-жылы жарык дүйнөгө келген. “Ашык болбогон ким бар” (роман, 2013), “Аба кемесиндеги экөө” (повесть, 2014), юмор, интермедия, аңгеме, сатира, пьесалардан куралган “Мага күлкүлүү” (1987), “Сага болбойт” (1990), “Башка өлкөдөгү жети күн” (1992), “Жакында кызык болот” (1999) китептеринин автору. 2012-жылы жарык көргөн “Маргия” ж.б. фильмдердин сценарийин жазган. “Бердак” атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. Учурда “Каракалпакфильм” студиясынын деректири. Каракалпак тилинен которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу САТИРА Адам баласы акыл-эстүү жан болгон соң […]

Он доллар

Якуп ДЕЛИӨМЕРОГЛУ АҢГЕМЕ Күндүн алгачкы нурлары жер үстүнө чачырай баштаганга удаа анын самолёту да жерге конду. Мындан ары жолун такси менен улантмак. Алгач аэропорттун бажы бөлүмүндө документтерин ырастап бүтүп, андан соң транзиттик виза менен коңшу мамлекетке кетмек. Бажы кызматкерлеринин мамилелери ошол мамлекеттин жашоо-турмушун чагылдырып тургансып сезилчү ага. Эшиктен кирериң менен ошол элдин социалдык турмушу, экономикалык деңгээли, билим берүүсүнүн абалы, калктын тынчтыгы ж.б…баары бажы бөлүмүнүн босогосунан эле айкын болот. Адамдар айтпаса деле алардын кандайдыр бир кыймыл-аракеттери аркылуу түшүнсө болот. Турмуш-шарты мыкты, […]

О о м а т

 АҢГЕМЕ Бул мал чарбасы дегениң таптакыр бүтпөс илим тура. Искен ушуну ойлогондо эсине  күрөң ую түшө берет. Апасы экөнүн эрмеги ушул күрөң уй боло турган. Апасы эртең мененкисин бадага кошот. Ал кезде Искен уктап жаткан болот. Анан кечкисин бададан тосуп алуу Искендин милдети. Ошентип күн өткөрүшчү. Апасы күрөң уйду бадага кошуп келип, уулуна чай берип, мектепке жөнөтүп коюп ишине кетет. Искен болсо мектептен келип түштөнүп, анча-мынча кирди-чыкты иштерди кылып, кечкисин айыл четине барып бададан келген күрөң уйду тосуп алып, короого […]