Мамбетжунус АБЫЛОВ: Кыргыздар, еврейлер жана шумерлер

Совет доорунда кыргыз тарыхы Москва таңуулаган чекте гана жазылган. Ким Гумилев, Бартольд, Киселев, Радлов, Аристов, Худяков, Кляшторный жана дагы ушулар сыяктуу орус, еврейлерден турган  тарыхчылардын бүтүмдөрүн туура десе, ал даражалуу тарыхчылардын тобуна кирген. Буга көнбөгөн Белек Солтоноев камалып, жат пикирге тумчуланган. Бүгүн орустардын үстөмдүгү жоюлса да, ошо бурмаланган тарых түзөлө элек. Совет доору кыргыздарды Алтай,  Орто Азия менен чектечү. «Манаста» «бири кеткен Кырымга, бири кеткен Урумга» деп аймак кеңейип айтылат. Совет доору урагандан кийин Византия империясынын Никеа шаарында (азыркы Изник) […]

Алик АКИМАЛИЕВ: Кыргыз өзүн-өзү таанып, ынтымак, биримдикке келгиче далай кыйналат

ЭССЕ АЛТЫН Алтынды (байлыкты ) көргөн чакта Аялдын жүрөгү эргийт жана «аттиң, меники болсочу» деп кейийт. Ал эми сулууну (аялды) көргөн чакта Эркектин жаны эрийт жана «атаганат, жалжалым болуп калсаңчы» деп жүрөгү өйүйт. Андыктан эркек күйүп-түтөп жеткен максатка, сулуулар күлүп туруп жетет. Алтындай адам сейрек, башка элементтеги кишилерди көп эле жолуктурууга болот. АДАМ Дүйнөдө эч бир, эч кандай жаман адам жок. Анын жакшы же жаман болушу — сенин өзүңдүн жасаган мамилеңе байланыштуу. Аял чүпүрөк-чапырактын күңү, эркек кагаздын (акчанын), майдачылыктын кулу […]

Кыргыз тарыхы: Көгмөн

Тарыхый маалыматтар боюнча орто кылымдардагы Түштүк Сибирдеги кыргыз өлкөсү «Көгмөн» деп аталган. IX кылымдын баш ченинде анын ээлеген жерлери батышта Алтайдын түндүк тарабын, чыгышта Хубсугул ( Косогол) көлүнө чейин, ал эми түштүктө Танну-Ола тоо кыркасына чейин жеткен. Кыргыз мамлекетинин эли-журту бири-биринен тили, маданияты, теги, жашоо турмушу, жүргүзгөн чарбасы менен айырмаланган ар түрдүү элдик топтордон турган. Алардын арасында отурукташкан, дыйкан чарба жүргүзгөн элдер көп болгон. Енисейдин оң тарабында жашаган элдер аңчылык, балык кармоо менен алектенген, ормон баскан тоолордо жашаган. Ал эми […]