Гүлзина МЫЙЗАНБЕКОВА: Cүрөт айткан сыр

АҢГЕМЕ Кеч күздөгү муздак шамал жерде кан менен чаңга аралашып жаткан Жакшылыктын денесин да муздатып баратты. Шаардын ортосунда кырсык болду. Жол эрежесин бузуп, кайдадыр шашып бараткан авто-унаа Жакшылыкты сүзүп, дароо токтой албай бир топ жерге чейин анын денесин сүйрөп барып өчтү. Үймөлөктөй түшкөн элдин арасында үрөйү учуп Алымбек да жүрөт. Азыр эле эч нерседен бейкапар жолдон өтүп баратып, аркасынан кимдир бирөө түрткөнүнөн тигиндей жыгылып түшкөн. Эмне болуп кеткенине түшүнбөй калып, үстү башын күбүнүп, артындагы чогулган элге кошулду. Эл арасынан бирөө […]

Жеват Шакир КАБААГАЧЛЫ: Ыкым[1]

Осмон түрктөрүнөн чыккан атактуу жазуучу, журналист, сүрөтчү, акын жана изилдөөчү. 1890-жылы 17-апрелде Крит шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы Мехмед Шакир Паша Крит жана Атина шаарларында элчи, аким кызматтарын аркалаган. 1926-жылдан тарта деңизке арналган аңгемелери менен таанылган. Эң негизки темалары мифология казынасынан азыктанган, тагдыры деңизке байланган балыкчылар, суучулдар жана деңиз аңчылары. Бодрум шаарынын антикалык доордогу Халикарнас атын өзүнө псевдоним катары ыйгарып алган Жеват Шакир Бодрумда балыкчылыктан башка көптөгөн иштерде иштеген. Жашоосун жазуучулук жана туризм тармагындагы гид кызматын аркалап, гид кызматы тууралуу […]

Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин ырлары

ТҮШКӨ КИРДИҢ Күтүүсүздөн бир бутакка конгонсуп, күтүүсүздөн бир учакта болгонсуп – кырк жылдан соң неге кирдиң түшүмө кыйшайттыра, кылжыйттыра ойлонтуп? Карап көрсөм ортобузду ой чулгап: канча деңиз таарып-толкуп олтур, кап! Таарып-бөлүп тоолор, чөлдөр араа тиш, тайанычы – жер, көк кошо солкулдап! Канча өлкөлөр аралоодо араны-ай кармап алып сайасатты араадай. Токой болуп сансыз күндөр ортодо тосуп турат, кесип турат айабай. Оттук сымал сезим жанып дүрт эле, оо, ал кездин атаманы күлкү эле! Канат-сүйүүм жайылганда сен үчүн – канчаларга калка болуп турчу […]

Мурза ГАПАРОВ: Газала[1]

АҢГЕМЕ Ошондо мен канча жашта болдум экен? Тогуз же сегиз. Жок, тогуз болуу керек. Анткени ошол кышта, сандалда булбул деген жин чырактын жарыгында ийик ийрип олтуруп, кандайдыр бир сөздөн улам таэнемдин: «Сен ушул келе жаткан баарда тогузга чыгасың» дегени жадымда калыптыр. А баар, таэнемдин сөзүнөн кийин бат эле келгендей болгон. Адегенде түндөлөрү тоңуп калуучу, мени мектепке чейин дадил көтөрүп баруучу катуу кар эриген, кийин кеч күздөн бери биздин бакта жашап жүрүшкөн таандар учуп кетишкен, тал боткоктоп, өрүктөр гүлдөгөн, айылдагы иттер […]

Иманбек АЗИЗИЛЛА уулу: Дин жолунда бир өмүр

Тарых Кремлдин кызыкчылыгына ылайык бурмаланып, көз каранды саясат менен адабият гүлдөп, каада-салт эскичилик деп биротоло жерилип, «дин бул — апийим» деген өөн идеологиянын доораны катуу жүрүп жаткан катаал маалда алыскы Алай районунан 19 жаштагы бир жаш жигит атасынын каалоосу, өзүнүн ынтызарлыгы менен белин бекем бууп, дин илимин алганы Бухарага жол тартат. Агезде Бухара (негедир социализмдин атеисттик саясатты туу тутканына карабай) Орто Азиядагы диний билим берүүнүн очогу болгон. Жаш илим талапчысы өзүнүн зээндүүлүгү менен айырмаланып, эң мыкты устаттардан сабак алып, эң […]

Ырысбай АБДЫРАИМОВ: Өмүр кымбат

АҢГЕМЕ Айзада жубайы олтурган түртмө арабаны жай түртүп баратты. Бүгүн да доктурга алпарып, дарылатканы чыккан. Арабасын жылдырганга Токтобайдын кудурети деле жетмек. Бирок келин өмүр шеригине ого бетер ыктоону күсөп, майып адам кол менен иштетүүчү тетигин атайын алдырып койгон. Күйөөсү күтүүсүз кесепетке кабылып, ооруканада дарыланып чыкканына аз эле күн болду. Ары, бүгүн күнгө ишемби. Кесел деген дем алууну билбеген кесир го! Айзаданын эс алаар түрү жок. Жолдошунда мурдагыга караганда кыйла жылыш бар. Буттарынын манжаларына жан киргендей: кыбыратса, элдир-селдир кыймылдайт. Токтобай да […]

Дандапани ЖЕЯКАНТАН: Бөтөн кайгы

АҢГЕМЕ Бул полицей бир эле суроо үчүн үймө үй кыдырып жүрдү. – Кара шым, ак көйнөкчөн он жаштардагы уулуңуз жок беле? Баардык кирген үйлөрдөн «жок» деген жооптуу укса да тажабай кыдыра берди. Кезектеги үй ээси дароо айтты: – Бар, бар! Эмне болду? Кайда экен? Короого он жаштардагы бала жүгүрүп келип, полицейди көргөндө арсарсып токтоп калды. – Бери жакынырак кел, – деди энеси. – Барбайм! – деп кыйкырган бала качып жөнөдү. – Сени жеп жибермек беле, кел дейм! Полицей жеңилденгенсип улутунду. […]

Ишенбек ЖУНУШЕВ: Тили буруу Тома

АҢГЕМЕ Теребел тыптынч мелтиреп, көл да тынч. Тоо этегинде, көл жээгинде дүйүм бакка оронгон көрктүү чоң айыл. Учу-кыйыры күн чыгыштан күн батышка созулуп, баш-аягы билинбейт. Күн алтын нурун чачыраткан ак таңга чейин эле тиричилик жанданып, эми гана күн нуруна кирине баштаган. Бүгүн дем алыш экендигине карабастан даркан талаага ашыккан келиндер. Эмгек очогун алоолонтуп, берекесин агылтууга, маңдай терин төгүп, күн аптабына кактанганча иштеп калууга ашыгышат. Бардыгы кызылча талаасына кетмендерин ийиндерине кынай көтөрүп баратышат. Алды талаа четине жеткен. Таңкы сыдырым тоодон да, […]

Жылкычы ЖАПИЕВ: Киченекей айнек ийдиш

АҢГЕМЕ Бул үй бүлө төрт адам. Кыз, уул, анан алардын ата-энеси. Улуусу эркек – Арман. Кызы – Үмүт. Эрди-катын бир нече жыл балалуу боло албай жүрүп, ушул уулу төрөлгөндө арманыбыз чыкты деп баланын ысмын Арман дешкен. Үмүтүбүз акталды, турмушубузда жакшылыктар боло берсин деп кызын Үмүт коюшкан. Атасы профессор. Тилчи. Тил боюнча окуу китептери бар. Ал ооруп калды. Оорусу өтүшүп кетиптир дешти. Төшөк тартып калгыча ишин таштаган жок. Бирок лекцияны мурдагыдай окуй албай, күйүгүп кетет. Оорусун студенттерге билгизбейин деп чымырканып жүрдү. […]

Олжобай ШАКИР: Сууга жуулган из

АҢГЕМЕ I Атам ыраматылык мени дайыма туягым деп эркелетчү. Муну уккан атамдын агасы Закир абам бир күнү: – Кыз баланы ата-бабабыз эч качан туягым деп айтпаган, – дегенин угуп атам өзүнүкүн бергиси келбеди. – Туягым дебесе дебесин, мен кызымды туягым эле дейм… Кыз баланы туягым деп эркелеткени орунсуз кеп экенин атам деле абамдан башкалардын оозунан көп укту. Бирок жарыктык өлөр өлгөнчө мени туягым деп жүрүп өттү. Бечаранын менден башка туягым деп эркелетер уулу болбосо кантсин. Мага чейинки Кемел төрт жашка […]

Сурамжылоо: Калк башына кайгы түшкөндө ажо неге үндөбөйт?!

Авиакырсыктан жабыркаган үй-бүлөлөргө жамы журт кайышып турган маалда өлкө президенти өзүнүн азадар кайгысын билдирбей отурганына сиз кандай пикирдесиз? Болот АБДЫЖАПАРОВ, журналист: Улуттук лидери эмес экенин көргөздү. Улуттун лидери ушундай учурда эл менен бирге болуп, башын бириктирип чыйралтып турушу керек эле! Базарбек КЫДЫРАЛИЕВ, убактылуу жумушсуз: Эл кайышып турганда башына күн түшүп кайгыргандарга канат болуп берсе болмок.