Ба ЖИН: Ажыдаар

ЭССЕ Мен көп түш көрөм. Көбүнчө түшүмө караңгы түн кирчү: асманда жылдыз жок, айланада ай нуру жок. Бир жолу ажыдаар кирди. Бийик тоо боорундагы калың токойду аралап жүрүптүрмүн. Колумда мени коргой турган темир таягым бар экен. Темир таягым мени токой ичиндеги ийнелүү дарактан, чөөлөр менен карышкырлардан коргонууга жарап, тоо бийиктигине көтөрүлө бердим. Бутумдагы камыш чокоюм саз менен кирген сууга чөктүрбөй, «суудан кургак алып чыкты». Жолдо баратып саздан эки көзү кыпкызыл фонардай жаркыраган, башында мүйүзү бар желмогуз көрдүм. Чоңдугу эки-үч кишинин […]

Канкорлордун колунан өлгөн гуманист жазуучу

Дүйнөлүк адабияттан Сабахаттин Алинин жараткан чыгармаларын жакшы көрөм. Редакцияда иштеп жүргөн жылдарымда жазуучунун “Кирешелүү үй” деген аңгемелерден турган китебин окуп чыккам. Ошондо жазуучу жана анын аңгемелери жөнүндө кыскача материал даярдап, газетага басууга берген экенмин. ТҮРК ЖАЗУУЧУСУ Сабахаттин Али – түрк элинин демократ жазуучусу болгон. Ал 1948-жылы дайынсыз жоголуп кеткен. Жазуучунун жоголушу ачылбай белгисиз болуп, бир жыл өткөндөн кийин гана карасанатайлык менен киши өлтүргүчтөр тарабынана курман болгондугу белгилүү болгон. Түрк элинин прогрессивдүү патриот жазуучусунун өмүрү чыгармачылык эргүүсү гүлдөп турган учурда үзүлгөн. […]

Малик ОТАРБАЕВ: Үзүлгөн жалбырак

Боордош эл адабиятынан АҢГЕМЕ Күзгү жел дуулдап, тал бутактарындагы акыркы жалбырактарды учуруп алып кетип жатты. Жабагы булуттар жапырт жортуп, удургуп көчүп барат. Калың токой үңкүлдөп ыйлап жаткандай кулакка бир муңдуу, муңканган обон үзүлүп-үзүлүп жетет. Тоонун эңишиндеги азоо өзөн буркулдап, нугуна сыйбай ачууланып агат. Көркөм табият кечээги жаз мезгилин эңсеп, көздү ачып-жумганча зымырап өтө чыккан көңүлдүү мезгилдин өтө кыскалыгына наалыйт. Кара шамал үзгөн ар бир жалбырак ажал тырмагына илинген бир өмүр тариздүү. Бул жер бейит эле. Балким, ошондон болсо керек, өмүр […]

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: «Ыйлаак кыз»

Аңгеме Үйдүн пешайванындагы түркүктүн жанына туруп алган төрт-беш  жаш чамасындагы кыз   басылбай ыйлап атат. Анын ыйы эртең менен башталган, азыр түш оосо да басылар эмес. Өзү чарчап, үнү эбак бүтүп калса да түркүккө жөлөнүп, кээде отура калып, кайра туруп ыйлай берди. Ары-бери кыймылдаса да  бет караган жагын өзгөрткөн жок. Адаты ушундай, оңой менен басылбайт. Кыз эртең менен эрте  атасы, апасы, бир туугандары чыгып кеткен дарбаза тарапты карап ыйлай берди. Аны келип эч ким соороткон да жок, ал сооробойт да эле. […]