Мезгил ИСАТОВ: Ак жазуу

ЭССЕ Гүлдөр жабыларда Кучактап бүт ааламды Бешиктей терметеби жылдыздарды?.. Он алтынчы октябрдын жазуучусу. Ак түн. Ак жазуу. Бирок көп нерселер жазылбай калат. Көңүлдүн жылдыздары гана жымыңдап турат. Калганы ак барак. Болгону буулуккан аба бар жанымда. Бир аз да жамгыр себеленгиси келет. Сүйлөгүсү эле келген мен сыяктуу… Көңүлүмдү бөксө нерселер толтуруп турат. Жамгыр болсо шатырап төгө баштады. Мен дагы эле сүйлөй берем. Айта берем, айта берем… Сага арналган сөздөрүм түгөнбөйт. Сен укмаксан болуп жатып алдың. Экөөбүз тең муздак шамал ичинде калдык. […]

Мезгил ИСАТОВ: Бир башка күн

ЭССЕ Тоголок дүйнө — Токтобой томолонот, Тоголок көздө… Уйкусураган булуттар таңды жүктөп келатты. Көз ирмемде көтөргөн жүгү кулап, чачыла берди. Нур төгүп келаткан таң төрөлө элек сүрөтчүнүн эң белгилүү сүрөтүнүн сырын ачты. Ар нерсенин соңу сыяктуу. Кош бойлуу келиндин курсагындагы баласы ойгонду. Таң заарлап дагы бир күндүн эшигин ачтым. Жаңы күн башталды. Апаппак барак сыяктуу. Бир жолдун уланышы. Амандык сурашым керек бул күндөн. Бул жолдордон. Улуулуктан… Эмнегедир кечээкимден башкачамын. Кечигүүнү күтүп отурам. Ак жарык ичинде. Мезгилдин үнү угулат, шашып бараткан […]

Поэзия: «РухЭштин» адабий антологиясынан (1-бөлүк)

* * * Кыр мурун, бото көздүү, кыйылган каш, Бермет тиш, эрди гүлдөй, алмадай баш, Буудай өң, жайык маңдай, субагай суз, Кыргый төш, күзгү далы, кундуздай чач. Орто бой, сыйда мүчө, келген сымбат, Бир албан, жүрүш-туруш таза кылдат. Укканга, көргөнгө да, билгенге да, Төрөлгөн катарынан чыккан кымбат. Буларды азат кылуу кимге милдет? Биздин милдет, жоюлсун ушул илдет. Теңдигин аялдардын биз айтпасак, Өздөрү качан учат канат ирмеп?!. («Кандуу жылдар» романынан) Аалы ТОКОМБАЕВ  * * * Жүз жылдар мындан кийин да Бул […]

Данияр ИСАНОВ: Изденүү

ЭССЕ Агезде мен Күн менен кошо туруп, Күн менен кошо жатчумун… Күндүн мурду көрүнөр замат, өзүмдү аманат катары табыштап жатып: – Оо, Улуу Күн! Бүгүнкү күнүм кандай өтөт, өзүңө гана маалым. А мен болсо, ишке жөнөдүм. Кечке чейин мени эсен-соо сактап, Түнгө тапшыр. А Түн экөөбүз эзелтен сырдашпыз. Мени кечиргей экенсиң. Оокат деп жүрүп, сени менен сырдашканга эч убакыт табылбайт. Аман болсок, далай ирет сырдашарбыз!? – деп өзүмдү түндө жаткан деңиз жээгине калтырып коюп, жумушка ашыгам… * * * Анан […]

Пеями САФА: Көчөдө калган акын

Түрк тилинен которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу АҢГЕМЕ Бир кафеге кирип таңды атырып же отелге барып жатуу керек. Кыла турчу башка айласы жок. Жарым сааттан бери Таксим менен Галатасарайдын ортосунда каңгып басып жүрөт. Түн өтө коюуланып калган, балким таң атаарга жакын маал. Аябай чарчаңкы, уйку аны этектеп алган. Ал гана эмес басып баратып үргүлөп кетет. Өзүн таштап жиберсе, таш жолдун үстүнө талпактай жайыла түшмөк, кийин кароолчулар өтүгүнүн учу менен түрткүлөп ойготмок; буттары бүтүндөй тулкусун көтөрмөк түгүл, араң-араң шилтөөгө жарады. Көп кабаттуу […]

Күзгү туман

Үшүткөн муздак шамал, күздүү булут, Сенсиз да күз келгенин сезип турам… Кечээги маанайымды жамгыр жууган, Кечээги күлкүм дагы желге учкан… Эртелеп санаа минген бүгүнкү күн, Бозортуп көчөлөрдү чулгайт туман. Жеңил деп жөө туманды айтпагыла?! Оордугун көтөрө албай чөгүп турам…