Фридрих Гегель жана Эммануил Канттын билим, маданият, тарбия жөнүндө насыйкаты

Эммануил КАНТ: Адамга карата Жаратылыштын эң акыркы жана маанилүү максаты — Маданият. Адамды  эркиндигине даярдаш – мына Жаратылыштын эң негизги  максаты. *     *     * Маданият бул акыл-эстүү жаныбардын ар кандай максаттарды койуу жөндөмдөрүнө ээ болуш (демек, эркиндикке). Маданият – бул адамдын бүт жөндөмдөрүнүн, шыктарынын өнүгүү жолу. *     *     * Тарбиялоо маданияты адамдын эркин сезимталдыгынан, табигый күйүттөрдөн, каалоолордон бошотууну, партикулярдыктан (бөлүкчөлүктөрдөн) жалпылыкка жеткизүүнү көздөйт. *     *     * Илимдер, көркөм-өнөр, мамиле маданияты адамды маданияттуу, цивилдүү кылат. Бирок маданияттын бул формалары эмес, цивилдик […]

Олжобай ШАКИР: Ач элдин чоң курсактарындай элдин акчасына жашагым келет

Ооба, бул менин окурмандарга ымандай сырым. Анан не кыл дейсиң, окурман? «РухЭш» сайты туруктуу окурмандарын тапканы менен туруктуу финансылык булак тапканы жок. Таппаса да өжөрлөндүк. Дагы да өжөрлөнө берербиз… Бирин-экин окурмандарыбыз жана авторлорубуздун колдоосу менен кыбырап келдик буга дейре. Муратыбыз – электрондук адабият менен эле чектелбей аудио, видео түрүндө да элибизге рухий азык берер көөнөргүс мурастарды жеткирсек дедик эле; келечек муун өз эне тилинде ою жетик, тили жатык тарбия-таалим алсын үчүн балдар адабиятын кеңири жайылтсак дейбиз; дегеле жалпы илим-билим, маданият, […]

Эмил Шүкүров «табигатка акылдуусунбашыбыз керек» дейт (2-маек)

Эмил ШҮКҮРОВ «мөңгүлөрдү жайына койгула» дейт (1-маек) Б.И: Эмил Жапарович сүйүктүү кесибиңиз орнитология жөнүндө айта кетсеңиз. Деги эле Кыргызстандагы куштар эле эмес, жан жаныбарлар жөнүндө дагы. Кай бир жан-жаныбарлардын жок болуу коркунучунун себептерине токтоло кетсеңиз? А.Х: Ооба, мен да бул жолугушууга келатканда сиздин орнитология кесибинин ээси экендигиңизди угуп, аябай сүйүндүм. Кыргызстанга келээрден мурун, андагы жан-жаныбарлардын,түрлүү куштардын көптүгүн окуган жайым бар эле. Бирок тилеке каршы, бул жерден мен элестеткендей чарк айланып учкан куштардын түрүн көрө албадым. Булбул, торгойлордун сайраганын уга албай […]

Сейит ЖЕТИМИШЕВ: Ажалдын да, мезгилдин да алы жетпеген нерсе – чыгарма

Айтылуу эки томдон турган “Эл арасында” романынын автору, белгилүү жазуучу Сейит Жетимишев агай менен төмөнкүчө маек курганбыз. — Сиз Кудайга ишенесизби? — Кудайды бар деп да, жок деп да эч ким айталбайт. Бирок мен өзүмчө ишенем. — Жашоодогу негизги позицияңыз кандай? — Табиятта кыпындай да калп жок, табият кызылдай чындык. Колумдан келишинче ошол табияттай жашайм. Демек, алымдын келишинче табияттагы чындыктай аракет кылам. Жашоодо Ажал деген бар. Жашоодо Мезгил деген бар. Экөө тең ушунчалык ташбоор. Ажал бир күнү эчтекеге карабай, алып […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Сырдуу китеп

АҢГЕМЕ Ассалому-алейкум, атаке! Сизге көөдөнүмдө жазылган катты окуп бергим келди. Өзүңүз жашап өткөн 1905-1992-жылдарды салаама салып, санап отурам. Бабам Сүйүнбайдын 16 баласы болгон экен. 1910-жылы кара тумоо деген оору каптап, бабам баштап балдары өлүп, 1916-жылы Үркүн болуп калганы өлүп… Атылбай калган аркардай атам Ырысаалы менен Упаян деген эжем калган экен. Анан Кожобек деген бир тууганынан Ашым, Молдобек деген бир тууганынан Турдакун деген эки бала калыптыр. — Ата, эмнеге Кытайга үркүп качтыңар эле? — Элге келген алааматтан кантип кутулмак элек… — […]

Адеп аңгемелери: кошунага мамиле

Абдыкерим МУРАТОВ «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата Ислам дининде адамдын ыймандуулугун билүүнүн бир ченеми анын кошунасына кылган мамилеси менен аныкталат. Мухаммед пайгамбарыбыз хадистеринде: «Силерге коңушуларыңыздарга жакшылык кылууну буйрамын», — деп айтат. Жакшы кошуна жандын ырахаты, жаман кошуна бир өмүрүңдү өкүнүчтө өткөргөндүк. Гөрүңдө да кошунаң тынч болсун делет. Кошунаң тынч болбосо сенде да тынччылык болбойт, кошунаң ачка болсо сенин тамагыңдан оокат өтпөйт. Дин китептеринде кошунага урмат, ызат, сый менен мамиле кылуу керектиги айтылат. Чыгыштын раваяттарынын бирине кулак төшөңүз: Иран шахынын […]

Алексей ЛОСЕВ: «Интеллигентүүлүк жана маданият»

ГАЛСТУК ТАГЫНСА ЭЛЕ… Алексей Федорович ЛОСЕВ – (1893–1988) 400гө жакын илимий эмгектин автору. Алардын ичинен «Ысымдар философиясы» (1927), «Тарых өнүгүшүндөгү антика философиясы» (1957), айрыкча кайра жаралуу доорун бүт камтыган «Кайра жаралуу эстетикасы» (1977) аттуу китептери дүйнөгө белгилүү. Ал «Антика эстетикасынын тарыхы» аттуу 6 томдугу үчүн 1986-жылы СССР мамлекеттик сыйлыгын алган. А.Ф. Лосев 1921–1930-жылдар аралыгында 8 диний-философиялык китеп чыгарганы үчүн 1931-жылы Беломор лагерине кесилип, жаза өтөгөн. Өмүрүнүн акыркы жылдары Москвадагы Ленин атындагы педагогикалык институтунда профессор болуп иштеген. («Дерзание духа» китебинен)